00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандыктар Россияда аспирантурага тапшыра алат. Жол-жобосу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиянын окуу жайларындагы окууга кабыл алуу комиссиясы. Архив
Россиянын окуу жайларындагы окууга кабыл алуу комиссиясы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Зульхарнеев квота боюнча билим алуу бекер болуп, стипендия чегерилип жана кымбат эмес баада жатакана берилерин кошумчалады.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ондогон кыргызстандыктын жыл сайын Россияда аспирантурада билим алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул туурасында Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди.
Эске салсак, бүгүн "Русский дом" Россия Илимдер академиясынын илимий станциясынын, Россотрудничество өкүлдөрү менен Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулар боюнча жогорку кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусун уюштуруп, өткөрүүдө.
Зульхарнеев өкүлчүлүктүн негизги багыттарынын бири россиялык ЖОЖдорго гранттык негизде тапшыргандарды колдоо экенин эске салды.

"Көп окуучулар специалитет же бакалавриатка тапшырууга болорун билишет. Бирок көптөрдүн жогорку билим алуунун алгачкы стадиясында жана андан кийинки тепкичтерде да орун караарыбыздан маалыматы жок", — деди ал.

Зульхарнеев квота менен окуу бекер экенин, стипендия чегерилерин жана өтө кымбат эмес баада жатакана берилерин кошумчалады. Россиянын башка достук мамиледеги өлкөлөргө да караган квоталарынын саны өсүп жатканын билдирди.
"Биздин эрежелерде 5 пайыздан кем болбошу айтылган, бирок ал 5 пайыздан өтпөшү керек дегендик эмес. Тагыраагы, кеминде 35 аспирант алышыбыз керек болсо, чындыгында Россияда аспирантурада окуш үчүн кеткендердин саны 40тан 60ка чейин болуп калат", — деген Зульхарнеев.
Былтыр 15-декабрга чейин квоталык орундарга алуу иштери жүргөн (билим берүү быйылкы күздө башталат). Эгерде окуучулар тест тапшырса, аспирантурага ал талап кылынбайт, акыркы дипломундагы орточо баллга карашат. Андан сырткары, ЖОЖдон сунуштама-кат керек болот. Бир эле учурда алты жогорку окуу жайына өтүүгө болот.
Зульхарнеев кезектеги кабыл алуу кампаниясы башталганда бул маалыматты аспиранттар жана жаш окумуштууларга таратуу үчүн бүгүнкү жолугушуунун катышуучулары менен кабарлашып, байланышарын кошумчалады.
Студенттер лекцияда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Россия өзүнүн ЖОЖдоруна окуганга 1000 кыргызстандыкка квота берди
Жаңылыктар түрмөгү
0