Жол милициясы майрам күндөрү кечкисин Бишкекке кирген унааларды текшерет

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРКайгуул милициясынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы майрам күндөрү кечкисин Бишкекке кирген унаалар текшерилерин эскертти.
Маалыматта өзгөчө шаар четиндеги эс алуу жайларынан келе жаткан автокөлүктөр көзөмөлгө алынары айтылат.

"Кечкисин шаарга кире бериш жайларда атайын күзөттөр орнотулуп, эс алуудан келе жаткан унаалардын баары текшерилет. Айрыкча мас болуп автоунаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт", — деп билдирди жол милициясы.

Буга чейин өлкөдө 1-майдан 10-майга чейин ЖКККББ жана Кайгуул кызматы тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлөрү айтылган. Мындай чара майдагы майрамдарда элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган.
Бишкек шаарынын мектептеринин бирине окуган кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Бишкекте айрым мектептер алдыдагы майрамдарда 3 күн гана эс алат
Жаңылыктар түрмөгү
0