4-майга карата аба ырайы

© AP Photo / Natacha PisarenkoЖамгыр жааганда кол чатыр кармаган жөө жүргүнчү көчөдөн өтүп баратат. Архив
Жамгыр жааганда кол чатыр кармаган жөө жүргүнчү көчөдөн өтүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
4-майга караган түнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ишембиде облустардын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болору айтылды.
Ошто түнкүсүн жана эртең менен бир аз жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +23...+25, Ошто +25...+27 градуска жетет.
Нөшөр жаан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Кайрадан нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүндүгү эскертилди
Жаңылыктар түрмөгү
0