https://sputnik.kg/20241223/akshnyn-grenlandiyaga-eelik-kyluusu--zaryldyk-1091012051.html
Трамп Гренландия менен Панама каналын АКШнын ээлигине өткөрүү ниетин айтты
Трамп Гренландия менен Панама каналын АКШнын ээлигине өткөрүү ниетин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өлкө үчүн Гренландияны менчиктөө "абсолюттуу зарылдык" экенин айтып, бул билдирүүсү... 23.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-23T10:37+0600
2024-12-23T10:37+0600
2024-12-23T11:20+0600
дүйнөдө
акш
гренландия
панама
дональд трамп
менчик
панама каналы
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091011884_0:52:3072:1780_1920x0_80_0_0_552aeec13dca289de7ab2fddf01ffc60.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өлкө үчүн Гренландияны менчиктөө "абсолюттуу зарылдык" экенин айтып, бул билдирүүсү менен Данияга жаңы элчи дайындаган себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Ал Даниядагы элчилик кызматты аркалай турчу дипломат жана ишкер Кен Хауэри "АКШнын кызыкчылыгын мыкты көздөй турганын" белгилеген.Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган эле. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да көп акылга сыя бербеген ой экенин айткан.Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышачылыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү аныктап келет.Эскерте кетсек, Трамп жекшемби күнү Панама каналын да Американын менчигине кайтарууну талап кыларын билдирген. Жаңы шайланган президент каналдан өтүү акысы өтө жогору болуп кеткенине нааразы. Ага чейин Newsweek журналы Трамп Канада менен Мексиканы субсидиялай берүүнүн ордуна эки өлкөгө Америкага штат болуп кирүүнү сунуштаганын жазып чыккан.
https://sputnik.kg/20241220/tramp-evrobirimdik-tarif-korkuttu-1090967843.html
акш
гренландия
панама
панама каналы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091011884_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_e2034f2f4650fb42378456f95cda860a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, гренландия, панама, дональд трамп, менчик, панама каналы
дүйнөдө, акш, гренландия, панама, дональд трамп, менчик, панама каналы
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өлкө үчүн Гренландияны менчиктөө "абсолюттуу зарылдык" экенин айтып, бул билдирүүсү менен Данияга жаңы элчи дайындаган себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Улуттук коопсуздукту жана дүйнө жүзүндөгү эркиндикти камсыздоо үчүн АКШнын Гренландияга ээлик кылуусу жана аны көзөмөлдөөсү абсолюттуу зарылдык болуп саналат", — деп жазган Трамп соцтармактагы баракчасына.
Ал Даниядагы элчилик кызматты аркалай турчу дипломат жана ишкер Кен Хауэри "АКШнын кызыкчылыгын мыкты көздөй турганын" белгилеген.
Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган эле. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да көп акылга сыя бербеген ой экенин айткан.
Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышачылыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү аныктап келет.
Эскерте кетсек, Трамп жекшемби күнү Панама каналын да Американын менчигине кайтарууну
талап кыларын билдирген. Жаңы шайланган президент каналдан өтүү акысы өтө жогору болуп кеткенине нааразы. Ага чейин Newsweek журналы Трамп Канада менен Мексиканы субсидиялай берүүнүн ордуна эки өлкөгө Америкага штат болуп кирүүнү
сунуштаганын жазып чыккан.
20 Бештин айы 2024, 14:56