00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Об экономике и не только
20:04
54 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
09:52
2 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия газын өткөрбөйм деген Украинанын чечими боюнча словак премьери кат жазды

© AP Photo / Bela SzandelszkyВенгриядагы FGSZ Ltd газ кабыл алуу станциясы. Архив
Венгриядагы FGSZ Ltd газ кабыл алуу станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Словакия премьер-министри Роберт Фицо Европа биримдигинин жетекчилигин Украинанын Россия газын албоо боюнча чечимине көңүл буруусун сурады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Премьер союздаштарынын Украинаны колдоо аракети Евробиримдикке зыян эмес, пайда алып келгидей болушу керектигин ачык катында белгилеген.
"Мындан улам Словакиянын эле эмес, биринчи иретте Европа биримдигинин атынан мурда болбогон мындай кырдаалга жана анын маанилүү экендигине тез арада көңүл бурууңузду суранам", — деп жазган ал.
Кат Европа комиссиясы менен Европа кеңешинин башчыларына багытталган. Фицонун айтымына караганда, Владимир Зеленскийдин ЕБди тоготпой Украина аймагы аркылуу газ транзитин токтотуу боюнча кабыл алган чечими абалды чыңалтып, жооп берүүгө аргасыз кылат.
Премьер Киев бийлиги Евробиримдиктин кайсы бир органдары же кызыкдар болгон мүчө мамлекеттер менен ачык кеп-кеңеш кылбай туруп чечим чыгарып койгондугун белгилеген. Ал — 2025-жылдын 1-январынан тарта Батыш Европадагы башка керектөөчүлөргө жана Словакияга Украина өзүнүн аймагы аркылуу транзит менен көгүлтүр отту жеткирүүнү токтотуу чечими эле.
Буга чейин Фицо Киевге электр энергиясын берүүнү чектегендигин кошуп, мындай кадамдар үчүн тиешелүү жооп болорун эскерткен. Словакия өкмөт башчысынын айтымында, Россиянын транзит газын берүүнү токтотуу 2025-2026-жылдары ЕБ үчүн 120 миллиардга турат. Бул көгүлтүр оттун кымабатташын шарттап, Европанын экономикасын ого бетер алсыратат.
Фицо Киев бийлигине газдан улам чыр чыгарын өткөн аптада эскертип, Словакия Украинага жардам берип жаткандыгын, муну экинчи тарап эске алышы керектигин баса белгилеген. Тагыраагы, Братислава да буга үндөш мамилени күтөрүн айткан.
Россиянын газын транзит менен Европага өткөрүү келишими 2019-жылы түзүлгөн жана ушул жылдын 31-декабрда соңуна чыгат. Киев макулдашууну узартпай тургандыгын буга чейин бир нече ирет саймедиреген. Ал эми өткөн аптада Владимир Зеленский Украина аймагы аркылуу Россиянын газын Европага транзит менен жеткирүү мүмкүнчүлүгү 31-декабрдан кийин үчүнчү өлкөлөр сатып алган күндө да четке кагыларын айткан.
Өткөн жумада "Газпром" бул маршрут боюнча 15 миллиард куб метр көгүлтүр от жөнөтүп, бул көлөм Евробиримдик колдонгон жалпы көлөмдүн 4,5 пайызын түзгөн.
Эгерде аталган канал ишин токтотсо, анда европалыктар үчүн россиялык газдын жалгыз булагы болуп "Түркиялык агым аркылуу" келген "Балкан агымы" калат. Бул жол менен жылына Румыния, Греция, Түндүк Македония, Сербия, Босния жана Герцеговина, Венгрияга болжол менен 14-15 миллиард куб метр газ жеткирилет.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2024
Мен сиздин малайыңыз эмесмин! Фицо Зеленскийге жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0