https://sputnik.kg/20241230/mik-sadyr-zhaparov-batir-mayek-1091159910.html
Жапаров: ипотекага батирди алыңарга жараша алгыла, кийин кеңейтип алсаңар болот
Жапаров: ипотекага батирди алыңарга жараша алгыла, кийин кеңейтип алсаңар болот
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Айлыгы аз жана жумушу туруксуз болсо дароо үч бөлмөлүү батир албай, бир бөлмөлүүсүн алыңыздар. Аны төлөп бүткөндөн кийин кеңейтүүгө... 30.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-30T10:07+0600
2024-12-30T10:07+0600
2024-12-30T10:09+0600
кыргызстан
садыр жапаров
батир
маек
мамлекеттик ипотекалык компания
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090853469_0:69:1280:789_1920x0_80_0_0_f557bca457bab1e504109a557a5b244f.jpg
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Айлыгы аз жана жумушу туруксуз болсо дароо үч бөлмөлүү батир албай, бир бөлмөлүүсүн алыңыздар. Аны төлөп бүткөндөн кийин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине МИКтин программасы тууралуу берген маегинде айтты.Өлкө башчы ипотекалык программа кыйла жеңилдегенин, келечекте 25 жылдык мөөнөт жана алдын ала төлөмсүз үй берүү пландалып жатканын белгилеген. Анын айтымында, эмдиги жылы 10 миңдеген үй-бүлөгө батир тапшыруу максатталып жатат.Ошондой эле мамлекет башчы бардык жеңил жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айтып, өз убагында төлөө зарылдыгын белгиледи."Эми батир алгандар силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акча башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет. Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар", — деген Жапаров.Ошондой эле президент ипотека боюнча батир алууга кезекке туруу электрондоштурулганын, аны аттап кетүү мүмкүн эместигин кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20241224/bishkek-sadyr-zhaparov-batir-1091046369.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090853469_96:0:1184:816_1920x0_80_0_0_293eff7f2f248d8960342f96327cf651.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, батир, маек, мамлекеттик ипотекалык компания
кыргызстан, садыр жапаров, батир, маек, мамлекеттик ипотекалык компания
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Айлыгы аз жана жумушу туруксуз болсо дароо үч бөлмөлүү батир албай, бир бөлмөлүүсүн алыңыздар. Аны төлөп бүткөндөн кийин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине МИКтин программасы тууралуу берген маегинде айтты.
Өлкө башчы ипотекалык программа кыйла жеңилдегенин, келечекте 25 жылдык мөөнөт жана алдын ала төлөмсүз үй берүү пландалып жатканын белгилеген. Анын айтымында, эмдиги жылы 10 миңдеген үй-бүлөгө батир тапшыруу максатталып жатат.
"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып батир алгандарга кайрыла кетейин. Өзүнүн чама-чаркына карабай эле дароо үч бөлмөлүү батир алгандар бар экен. Жумушу туруксуз, айлыгы аз болсо деле дароо үч бөлмөлүү батир алып албай, алыңарга карап алгыла. Турак үйдү кеңейтүү программасын да киргизгенбиз. Биринчи бир бөлмөлүү алгыла. Аны төлөп бүткөндөн кийин алмаштырып кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүңөр бар. Эки бөлмөлүүгө алмаштырсаңар болот. Эки бөлмөлүүнү төлөп бүткөндөн кийин анан үч бөлмөлүүгө алмаштыргыла", — деген өлкө башчы.
Ошондой эле мамлекет башчы бардык жеңил жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айтып, өз убагында төлөө зарылдыгын белгиледи.
"Эми батир алгандар силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акча башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет. Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар", — деген Жапаров.
Ошондой эле президент ипотека боюнча батир алууга кезекке туруу электрондоштурулганын, аны аттап кетүү мүмкүн эместигин кошумчалаган.
24 Бештин айы 2024, 17:07