https://sputnik.kg/20250102/1091217690.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түз эфирге чыгып жасаган билдирүүсүндө билдирди. Анын... 02.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-02T15:00+0600
2025-01-02T15:00+0600
2025-01-02T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/02/1091217558_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d39a56039f34a1499cc1453ed6f93680.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түз эфирге чыгып жасаган билдирүүсүндө билдирди. Анын айтымында, эрежесиз мушташ спорт эмес жана ал жаштарга туура эмес үлгү көрсөтүүдө. Ошондой эле ал мамлекеттик органдар арасында фейерверк атууну, жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүнү токтотуу зарылдыгын белгилеп, бул ысырапкорчулук экенин кошумчалады. Анын айтымында, жылына корпоративдерге орточо эсеп менен 10 миллион доллардай коромжу болууда. Соңунда УКМК төрагасы министрлердин, облус башчылардын, акимдердин жана башка чиновниктердин жаңы жылдык куттуктоолору орунсуз экенин айтып, президенттин, министрлер кабинетинин башчысынын жана Жогорку Кеңештин төрагасынын куттуктоосу жетиштүү болорун белгиледи.
Бишкек шаарынын Дордой базарында жайгашкан кампа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өрттү өчүрүүгө саат 02:09дан тарта жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылып, өчүрүү иштерин жүргүзгөн. Тилсиз жоо саат 03:15те чектөөгө алынып, 04:22де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 250 чарчы метрди түзөт. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, буудай негизинен Россиядан импортолсо, ун Казакстандан алып келинүүдө. Эске салсак, өлкө өзүн-өзү толугу менен буудай менен камсыздай албайт. Статкомдун соңку маалыматы боюнча 2024-жылдын январь-октябрь айлар аралыгында республикага 234,8 миң тонна буудай импорттолгон. Анын 210,5 миң тоннасы Россиядан, Казакстандан — 24,3 миң тонна; Өзбекстандан — 4,6 тонна алып келинген. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 278,3 миң тонна буудай импорттолуп, көпчүлүгү Россияга туура келген. 2024-жылдын 10 айында 22,1 миң тонна буудай жана арпа-буудай уну Казакстан, Россия, АКШ, Өзбекстан, Франция, Беларусь, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн сатып алынган. Мурдагы жылы январь-октябрь аралыгында 28,4 миң тонна ун импорттолгон. Ошентип Кыргызстан өзүнө жетишпеген ун жана буудайдын көбүн ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сатып алат.
Ош эл аралык аэропортунда учактардын учууларына жана конууларына убакытулуу чектөө кирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Ош шаарында туман түшкөндүгө байланыштуу саат 09:54төн тартып «Ош эл аралык» аэропортунда учактардын учууларына жана конууларына убактылуу чектөө киргизилди.
Полиция Жаңы Орлеанда топтошкон элди сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун аныктады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги NBC News басылмасына шилтеме берип жазды. "Окуядан кабардар жогорку кызматтагы үч киши алдын ала маалымат боюнча кылмышка 42 жаштагы Шамсуд Дим Жаббар шектелип жатканын билдирди", — деп айтылат маалыматта. ЖМКлардын айтып-дегенине караганда, теракт үчүн колдонулган жүк ташуучу унаа онлайн-ресурс аркылуу түз ижарага алынган. Америка президенти Жо Байден Жаңы Орлеанда терактыга шектелген киши АКШ менен Россияда тыюу салынган "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун иш-аракеттеринен шыктанганын билдирди.
Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түз эфирге чыгып жасаган билдирүүсүндө билдирди. Анын айтымында, эрежесиз мушташ спорт эмес жана ал жаштарга туура эмес үлгү көрсөтүүдө. Ошондой эле ал мамлекеттик органдар арасында фейерверк атууну, жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүнү токтотуу зарылдыгын белгилеп, бул ысырапкорчулук экенин кошумчалады. Анын айтымында, жылына корпоративдерге орточо эсеп менен 10 миллион доллардай коромжу болууда. Соңунда УКМК төрагасы министрлердин, облус башчылардын, акимдердин жана башка чиновниктердин жаңы жылдык куттуктоолору орунсуз экенин айтып, президенттин, министрлер кабинетинин башчысынын жана Жогорку Кеңештин төрагасынын куттуктоосу жетиштүү болорун белгиледи. Бишкек шаарынын Дордой базарында жайгашкан кампа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өрттү өчүрүүгө саат 02:09дан тарта жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылып, өчүрүү иштерин жүргүзгөн. Тилсиз жоо саат 03:15те чектөөгө алынып, 04:22де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 250 чарчы метрди түзөт. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, буудай негизинен Россиядан импортолсо, ун Казакстандан алып келинүүдө. Эске салсак, өлкө өзүн-өзү толугу менен буудай менен камсыздай албайт. Статкомдун соңку маалыматы боюнча 2024-жылдын январь-октябрь айлар аралыгында республикага 234,8 миң тонна буудай импорттолгон. Анын 210,5 миң тоннасы Россиядан, Казакстандан — 24,3 миң тонна; Өзбекстандан — 4,6 тонна алып келинген. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 278,3 миң тонна буудай импорттолуп, көпчүлүгү Россияга туура келген. 2024-жылдын 10 айында 22,1 миң тонна буудай жана арпа-буудай уну Казакстан, Россия, АКШ, Өзбекстан, Франция, Беларусь, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн сатып алынган. Мурдагы жылы январь-октябрь аралыгында 28,4 миң тонна ун импорттолгон. Ошентип Кыргызстан өзүнө жетишпеген ун жана буудайдын көбүн ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сатып алат.Ош эл аралык аэропортунда учактардын учууларына жана конууларына убакытулуу чектөө кирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Ош шаарында туман түшкөндүгө байланыштуу саат 09:54төн тартып «Ош эл аралык» аэропортунда учактардын учууларына жана конууларына убактылуу чектөө киргизилди.Полиция Жаңы Орлеанда топтошкон элди сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун аныктады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги NBC News басылмасына шилтеме берип жазды. "Окуядан кабардар жогорку кызматтагы үч киши алдын ала маалымат боюнча кылмышка 42 жаштагы Шамсуд Дим Жаббар шектелип жатканын билдирди", — деп айтылат маалыматта. ЖМКлардын айтып-дегенине караганда, теракт үчүн колдонулган жүк ташуучу унаа онлайн-ресурс аркылуу түз ижарага алынган. Америка президенти Жо Байден Жаңы Орлеанда терактыга шектелген киши АКШ менен Россияда тыюу салынган "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун иш-аракеттеринен шыктанганын билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/02/1091217558_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_39e3c977eb500657a9fea237765aecde.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио