Кар жааган соң 2-3 күндөн кийин тоого чыкпаңыз! ӨКМ тоодо жүрүү эрежелерин эскертти
17:29 03.01.2025 (Жаңыртылды: 10:48 04.01.2025)
© Sputnik / Александр Кряжев
/ Жазылуу
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышкы каникулда тоодо эс алып жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.
Ведомство жүрүштө төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөт:
жолдун татаалдыгын, климатка көнбөй туруп эч качан сапарга жалгыз чыкпаңыз;
эс алуу жайынын лыжа тилкесинин коопсуздугун алдын ала текшерип алыңыз;
тоого кар түшкөндөн кийин 2-3 күндөн соң туманда, катуу суукта чыкканга болбойт;
жөө жүрүш баштайм десеңиз эртең менен баштап, күн бата электе аяктаңыз;
спирт ичимдиктери өзгөчө тоодо жүргөндө зыян экенин унутпаңыз;
жаракат алсаңыз өзүңүздү колго алып, жардам чакырыңыз;
башыңызга каска, колго мээлей, күнгө күйүп калбаш үчүн ылайыктуу кийим алыңыз;
карлуу эңкейиштерден күн жакшы тие электе, кар эрий электе өтүп кетиңиз;
аскалардын боорунан, муздан өткөндө абайлаңыз.