https://sputnik.kg/20250104/aksh-kievge-kural-bergen-rossiya-timinin-zhoobu-1091250167.html
АКШнын атайын операция башталганча эле Киевге курал бериши. Россия ТИМинин жообу
АКШнын атайын операция башталганча эле Киевге курал бериши. Россия ТИМинин жообу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Вашингтон Киевди атайын операция башталганча... 04.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-04T23:00+0600
2025-01-04T23:00+0600
2025-01-05T12:35+0600
дүйнөдө
россия
атайын операция
акш
украина
курал-жарак
мария захарова
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0f/1063661691_0:0:3074:1730_1920x0_80_0_0_cad6aef36f917aec183be50c0f961b51.jpg
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Вашингтон Киевди атайын операция башталганча эле курал-жарак менен камсыздаган деген билдирүүсүнө комментарий берди. Ал РИА Новости агенттигине дал ушул себептен улам атайын операциянын максаты Украинаны демилитаризациялоо экенин айткан.Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Киевге атайын операция башталганча эле курал-жарак берип келгенин айткан.Россия Украинадагы атайын аскердик операциясын 2022-жылы 24-февралда баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин кордугуна кабылган элди коргоо" экенин билдирген болчу. Ал атайын операция аргасыз жасалган кадам экенин, Россиянын башка аргасы калбаганын, коопсуздук жаатындагы жаралган тобокелдиктер башкача жооп берүүгө жол калтырбаганын айткан. Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москанын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашып жатканын билдирген.
https://sputnik.kg/20250104/zakharova-siriya-germaniya-tim-1091240258.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0f/1063661691_343:0:3074:2048_1920x0_80_0_0_e2c91358fb0bdf759b4d980505bb80bb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, атайын операция, акш, украина, курал-жарак, мария захарова
дүйнөдө, россия, атайын операция, акш, украина, курал-жарак, мария захарова
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Вашингтон Киевди атайын операция башталганча эле курал-жарак менен камсыздаган деген билдирүүсүнө комментарий берди. Ал
РИА Новости агенттигине дал ушул себептен улам атайын операциянын максаты Украинаны демилитаризациялоо экенин айткан.
“Россия бул тууралуу көп жылдан бери айтып келет. Украинаны курал-жаракка шыкоо, россиялык чек араны бузуу менен Кара деңиз акваториясындагы НАТОнун машыгуулары, өлкөбүздүн аба мейкиндигинде жарандык учактар менен Батыштын аскердик авиациясынын кооптуу кептешүүсү тууралуу качантан бери айтылып келген”, — деди Захарова.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Киевге атайын операция башталганча эле
курал-жарак берип келгенин айткан.
Россия Украинадагы атайын аскердик операциясын 2022-жылы 24-февралда баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин кордугуна кабылган элди коргоо" экенин билдирген болчу. Ал атайын операция аргасыз жасалган кадам экенин, Россиянын башка аргасы калбаганын, коопсуздук жаатындагы жаралган тобокелдиктер башкача жооп берүүгө жол калтырбаганын айткан. Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москанын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашып жатканын билдирген.