https://sputnik.kg/20250104/aksh-ukrainaga-atajyn-operaciya-bashtalgycha-ehle-kural-berip-kelgen-1091249428.html
Блинкен: АКШ Украинага атайын операция башталгыча эле курал берип келген
Блинкен: АКШ Украинага атайын операция башталгыча эле курал берип келген
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен New York Times гезитине маек куруп жатып, Вашингтон Киевди атайын аскердик операция... 04.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-04T19:17+0600
2025-01-04T19:17+0600
2025-01-05T11:54+0600
дүйнөдө
россия
акш
атайын операция
украина
курал-жарак
энтони блинкен
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091252322_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_e459f8711e486621d7c160ce00d08c67.jpg
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен New York Times гезитине маек куруп жатып, Вашингтон Киевди атайын аскердик операция башталгыча эле курал-жарак менен камсыздап келгенин билдирди. Россия Украинадагы атайын аскердик операциясын 2022-жылы 24-февралда баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин кордугуна кабылган элди коргоо" экенин билдирген болчу. Ал атайын операция аргасыз жасалган кадам экенин, Россиянын башка аргасы калбаганын, коопсуздук жаатындагы жаралган тобокелдиктер башкача жооп берүүгө жол калтырбаганын айткан. Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москанын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашып жатканын билдирген.
https://sputnik.kg/20250103/ukraina-gaz-slovakiya-1091226366.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091252322_154:0:2885:2048_1920x0_80_0_0_6a69d905debf4bac57c122fbcd2f4809.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, атайын операция, украина, курал-жарак, энтони блинкен
дүйнөдө, россия, акш, атайын операция, украина, курал-жарак, энтони блинкен
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен
New York Times гезитине маек куруп жатып, Вашингтон Киевди атайын аскердик операция башталгыча эле курал-жарак менен камсыздап келгенин билдирди.
"Биз россиялык атайын операция баштала электе эле, сентябрда (2021-жылдын — ред.), андан кийин декабрда билгизбей Украинага ири көлөмдө курал-жарак бердик, коргонууга каражаты жетиштүү болушу үчүн Stinger (танкага каршы ракеталык комплекстер — ред.), Javelin сыяктууларды жеткирдик", — деген Блинкен.
Россия Украинадагы атайын аскердик операциясын 2022-жылы 24-февралда баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин кордугуна кабылган элди коргоо" экенин билдирген болчу. Ал атайын операция аргасыз жасалган кадам экенин, Россиянын башка аргасы калбаганын, коопсуздук жаатындагы жаралган тобокелдиктер башкача жооп берүүгө жол калтырбаганын айткан. Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москанын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашып жатканын билдирген.