https://sputnik.kg/20250104/kyrgyz-rossiya-dialogu-kolumnistika-1091248383.html
Кыргызстан — Россия диалогу. Жыл жыйынтыгы жана келечекке баам
Кыргызстан — Россия диалогу. Жыл жыйынтыгы жана келечекке баам
Sputnik Кыргызстан
Россия менен алака Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени талашсыз. Дал ушул мамиле эл аралык экономикалык жана саясий... 04.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-04T21:33+0600
2025-01-04T21:33+0600
2025-01-05T11:44+0600
кыргызстан
россия
кызматташуу
мамиле
кмш
еаэб
шку
жкку
экономика
саясат
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/0c/1079387533_0:167:2766:1723_1920x0_80_0_0_f3e0db89951510d1c25d8b135d3b3f77.jpg
Россия менен алака Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени талашсыз. Дал ушул мамиле эл аралык экономикалык жана саясий кызыкчылыктарды камсыздоонун заманбап стратегиясында да, регионалдык жана эл аралык коопсуздук маселелеринде да Кыргызстанга тээк болуп келди.Кыргызстандын тышкы саясий байланыштарынын системасында Россиянын ролуна маани бербей коюу мүмкүн эмес, анын үстүнө эки өлкөнүн ортосундагы алака стратегиялык өнөктөштүк мүнөзүндө диалогдун эки жакка тең мааниси күч. Борбор Азия мейкиндигинин алкагынан алып караганда кыргыз-россия мамилеси үлгүлүү болду деп айтууга толук негиз бар. 2024-жыл бул алака өлкө башчыларынын деңгээлинде да, мамлекеттер аралык соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык жана илимий жаатта да тереңдеп жатканын көрсөттү.Кыргыз-россия диалогу башынан эле чоң тоскоолдуксуз өтүп келет, бул — ортодогу ынактыктын, ылым санаган жакындыктын белгиси. Жыл ичинде өлкө жетекчилери жумушчу сапарлардын алкагында да, ошондой эле ШКУ, КМШ, БРИКС жана ЕАЭБ форматтарында да бир канча ирет жолугушту. Эки президенттин ортосунда түзүлгөн жылуу мамиле да мамлекеттер аралык байланыштын маанилүү аспекти болуп саналат.Россия менен Кыргызстан тыгыз байланышта болгон кезектеги жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, кызматташуунун келечегин жана мүмкүн болгон жаңы багыттарын да аныктап алуу керек. Бул эки тараптуу мамилени бекемдеп тим болбостон, Евразиядагы өз ара кызматташуунун жаңы формаларын ишке ашырууга негиз болуп бермекчи. Мында регионалдык жана эл аралык коопсуздук маселеси да камтылары шексиз.Достук экономикасыКР менен РФтин соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусунун жыйынтыгы бир катар көрсөткүчтөр боюнча жакшы деген баага татыйт. Кыргызстандын Статкомунун маалыматына ылайык, ортодогу соода рекорддуу 3 миллиард долларга жеткен, бул — 2024-жылдын январынан сентябрына чейинки эле статистика. Ал эми россиялык товарлардын импорту бул мезгил аралыгында 15,5 пайызга өсүп, 2 миллиард долларды чапчыды. Кыргызстандын Россияга экспорту 46,3 пайызга жогорулап, 937,4 миллион долларды түзгөн. Мында эсеп-кысаптын 90 пайызы улуттук валюталарда жүргөнүн белгилей кетели.VI Кыргыз-Россия экономикалык форумун да айтпасак болбойт, бул иш-чаранын жыйынтыгы менен 20 миллиард сомдон ашуун (21,6 миллиард рубль) суммага ондон көп инвестициялык макулдашуу түзүлдү. Былтыркы жылы Россия Кыргызстанга түз инвестициясын 24,2 пайызга көбөйтүп, алты айдын жыйынтыгы менен анын суммасы 108,3 миллион долларга жетти.2024-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши да жемиштүү болду. Расмий маалыматтарга ылайык, фонддун негизги багыттары: социалдык чөйрө, жеңил өнөр жай, азык-түлүк коопсуздугу, өндүрүш жана энергетика болгон. РКӨФтүн республика экономикасына кошкон жалпы салымы 147 миллион долларга чамалап барды, эмдиги жылкыга 165 миллиондук 36 долбоор пландаштырылган.Кыргыз-россия экономикалык кызматташуусу бардык маанилүү көрсөткүчтөр боюнча эки тараптуу багытта туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Интеграциялык бирикмелердин алкагындагы ар тараптуу кызматташуу да тереңдеп жаткан өнөктөштүктү көрсөтүп келет.Евразиянын формалдуу жана бейформал "жыйынтыгы"Айрым жыйынтыктарды КМШ өлкөлөрүнүн башчылары салтка айланган бейформал жолугушууда чыгарышты. Владимир Путин (быйыл шериктештикке Россия төрагалык кылды) евразиялык мейкиндикте интеграцияны өнүктүрүү, КМШнын эл аралык аброюн бекемдөө, аткаруу органдарынын эффективдүү иштөөсүн камсыздоо, экономикалык байланышты тереңдетүү, товар менен кызматтардын эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо, соода тоскоолдуктарын жоюу жана бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү сыяктуу Россиянын башкы багыттарын тизмектеди. РФ лидери КМШ мамлекеттеринин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке болгон жалпылыгын белгилеп, 2025-жыл шериктештекте Тынчтыктын жана нацизм менен күрөшүүдөгү биримдиктин жылы деп жарыяланганын эске салды. Саммиттин бардык катышуучулары Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанатка чакыруу алышты.Бул жолугушуудан кийин өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында да Путин ЕАЭБ түзүлүп келе жаткан көп полюстуу дүйнөнүн өз алдынчалуу борборлорунун бирине айланып, ыраатуу өнүгүп жатканын белгиледи. РФ лидери "интеграциялык кызматташуу ар бир катышуучуга пайдасын берип, "бешилтик" менен жалпы Евразиялык региондун экономикаларынын илгерилөөсүнө чындап жардам болуп жатканын" айткан. Кыргызстандын 2024-жылдын 10 айында ЕАЭБдин алкагында 9 пайыздык экономикалык өсүштү көрсөткөнү буга мисал.Былтыр Евразиялык экономикалык бирикме континентте жана чет жакта динамикалуу өнүккөн, соода-экономикалык байланышын ырааттуу кеңейткен интеграциялык бирикме болуп калды. Жолугушуулардын жыйынтыгы менен 17 документке кол коюлган, анын арасында бажы транзитинин бирдиктүү системасы, Иран менен эркин соода боюнча макулдашуу, бирдиктүү кызмат рыногун ишке киргизүү боюнча буйрук жана башка документтер бар.Глобалдуу кызматташууга карай кадамТажрыйба көрсөткөндөй, стратегиялык өнөктөштүктөгү кыргыз-россия мамилесинин масштабы абдан кеңири, потенциалына эч кандай тоскоолдук жана чектөө жок. Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташуу жана өз ара түшүнүшүүнүн деңгээли өзгөчө ШКУ, ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ, БУУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында кыйла жогорулады. Бүгүнкү күндө Россия менен Беларусь Евразиядагы коопсуздуктун жаңы формаларын түзүү үчүн жигердүү аракеттерди жасап жатышат. Жакында эле эки мамлекет XXI кылымдагы көп түрдүүлүк жана көп полюстуулук боюнча евразиялык хартия тууралуу билдирүүгө кол коюшту. Мында көп полюстуу дүйнө жана адилеттүү глобалдуу тартип орнотуу ниети камтылган. Москва менен Минск көп полюстуулук жана коопсуздук маселелери боюнча диалогго Евразиянын башка өлкөлөрүн да чакырышты.2024-жылдын октябрында КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында Евразиянын коопсуздугун камсыздоодогу кызматташуунун принциптери тууралуу билдирүү кабыл алынган. Ага Россиядан тышкары Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кошулду. Жаңы дүйнө тартибин орнотуу маселеси курч болуп турган чакта Россиянын союздаштары менен өнөктөштөрүнүн коопсуздуктун жаңы архитектурасын түзүү боюнча бардык активдүү позициясы чоң мааниге ээ. Анын үстүнө дагы бир дүйнөлүк держава болгон Кытай мамлекети да көп полюстуу дүйнө тартибин орнотуунун демилгечиси, колдоочусу болуп келет.Адилеттүү дүйнө тартибин түзүү жана аны талкуулоо процесстерине Кыргызстандын активдүү катышуусу республиканын эл аралык аренада эле кадырын жогорулатпастан, Россияга стратегиялык өнөктөштүк глобалдуу мааниге ээ деген белги да боло алат.
https://sputnik.kg/20240613/borbor-aziya-olkolorunun-ehki-tak-vektoru-bar-1086069975.html
https://sputnik.kg/20240509/zhenish-kunu-menen-sovet-ehlinin-ehrdigin-unutkartuu-1084974308.html
кмш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Адилет Кылычев
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/16/1080684283_469:35:1166:732_100x100_80_0_0_efa99e3c63151b08625b53616cce7696.jpg
Адилет Кылычев
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/16/1080684283_469:35:1166:732_100x100_80_0_0_efa99e3c63151b08625b53616cce7696.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/0c/1079387533_19:0:2748:2047_1920x0_80_0_0_9424dbdd6123c1349bf3481af9b10c39.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Адилет Кылычев
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/16/1080684283_469:35:1166:732_100x100_80_0_0_efa99e3c63151b08625b53616cce7696.jpg
кыргызстан, россия, кызматташуу, мамиле, кмш, еаэб, шку, жкку, экономика, саясат, колумнистика, колумнисттер
кыргызстан, россия, кызматташуу, мамиле, кмш, еаэб, шку, жкку, экономика, саясат, колумнистика, колумнисттер
Россия менен алака Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени талашсыз. Дал ушул мамиле эл аралык экономикалык жана саясий кызыкчылыктарды камсыздоонун заманбап стратегиясында да, регионалдык жана эл аралык коопсуздук маселелеринде да Кыргызстанга тээк болуп келди.
Кыргызстандын тышкы саясий байланыштарынын системасында Россиянын ролуна маани бербей коюу мүмкүн эмес, анын үстүнө эки өлкөнүн ортосундагы алака стратегиялык өнөктөштүк мүнөзүндө диалогдун эки жакка тең мааниси күч. Борбор Азия мейкиндигинин алкагынан алып караганда кыргыз-россия мамилеси үлгүлүү болду деп айтууга толук негиз бар. 2024-жыл бул алака өлкө башчыларынын деңгээлинде да, мамлекеттер аралык соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык жана илимий жаатта да тереңдеп жатканын көрсөттү.
Кыргыз-россия диалогу башынан эле чоң тоскоолдуксуз өтүп келет, бул — ортодогу ынактыктын, ылым санаган жакындыктын белгиси. Жыл ичинде өлкө жетекчилери жумушчу сапарлардын алкагында да, ошондой эле ШКУ, КМШ, БРИКС жана ЕАЭБ форматтарында да бир канча ирет жолугушту. Эки президенттин ортосунда түзүлгөн жылуу мамиле да мамлекеттер аралык байланыштын маанилүү аспекти болуп саналат.
Россия менен Кыргызстан тыгыз байланышта болгон кезектеги жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, кызматташуунун келечегин жана мүмкүн болгон жаңы багыттарын да аныктап алуу керек. Бул эки тараптуу мамилени бекемдеп тим болбостон, Евразиядагы өз ара кызматташуунун жаңы формаларын ишке ашырууга негиз болуп бермекчи. Мында регионалдык жана эл аралык коопсуздук маселеси да камтылары шексиз.
КР менен РФтин соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусунун жыйынтыгы бир катар көрсөткүчтөр боюнча жакшы деген баага татыйт. Кыргызстандын Статкомунун маалыматына ылайык, ортодогу соода рекорддуу 3 миллиард долларга жеткен, бул — 2024-жылдын январынан сентябрына чейинки эле статистика. Ал эми россиялык товарлардын импорту бул мезгил аралыгында 15,5 пайызга өсүп, 2 миллиард долларды чапчыды. Кыргызстандын Россияга экспорту 46,3 пайызга жогорулап, 937,4 миллион долларды түзгөн. Мында эсеп-кысаптын 90 пайызы улуттук валюталарда жүргөнүн белгилей кетели.
VI Кыргыз-Россия экономикалык форумун да айтпасак болбойт, бул иш-чаранын жыйынтыгы менен 20 миллиард сомдон ашуун (21,6 миллиард рубль) суммага ондон көп инвестициялык макулдашуу түзүлдү. Былтыркы жылы Россия Кыргызстанга түз инвестициясын 24,2 пайызга көбөйтүп, алты айдын жыйынтыгы менен анын суммасы 108,3 миллион долларга жетти.
2024-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши да жемиштүү болду. Расмий маалыматтарга ылайык, фонддун негизги багыттары: социалдык чөйрө, жеңил өнөр жай, азык-түлүк коопсуздугу, өндүрүш жана энергетика болгон. РКӨФтүн республика экономикасына кошкон жалпы салымы 147 миллион долларга чамалап барды, эмдиги жылкыга 165 миллиондук 36 долбоор пландаштырылган.
Кыргыз-россия экономикалык кызматташуусу бардык маанилүү көрсөткүчтөр боюнча эки тараптуу багытта туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Интеграциялык бирикмелердин алкагындагы ар тараптуу кызматташуу да тереңдеп жаткан өнөктөштүктү көрсөтүп келет.
Евразиянын формалдуу жана бейформал "жыйынтыгы"
Айрым жыйынтыктарды КМШ өлкөлөрүнүн башчылары салтка айланган бейформал жолугушууда чыгарышты. Владимир Путин (быйыл шериктештикке Россия төрагалык кылды) евразиялык мейкиндикте интеграцияны өнүктүрүү, КМШнын эл аралык аброюн бекемдөө, аткаруу органдарынын эффективдүү иштөөсүн камсыздоо, экономикалык байланышты тереңдетүү, товар менен кызматтардын эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо, соода тоскоолдуктарын жоюу жана бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү сыяктуу Россиянын башкы багыттарын тизмектеди. РФ лидери КМШ мамлекеттеринин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке болгон жалпылыгын белгилеп, 2025-жыл шериктештекте Тынчтыктын жана нацизм менен күрөшүүдөгү биримдиктин жылы деп жарыяланганын эске салды. Саммиттин бардык катышуучулары Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанатка чакыруу алышты.
Бул жолугушуудан кийин өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында да Путин ЕАЭБ түзүлүп келе жаткан көп полюстуу дүйнөнүн өз алдынчалуу борборлорунун бирине айланып, ыраатуу өнүгүп жатканын белгиледи. РФ лидери "интеграциялык кызматташуу ар бир катышуучуга пайдасын берип, "бешилтик" менен жалпы Евразиялык региондун экономикаларынын илгерилөөсүнө чындап жардам болуп жатканын" айткан. Кыргызстандын 2024-жылдын 10 айында ЕАЭБдин алкагында 9 пайыздык экономикалык өсүштү көрсөткөнү буга мисал.
Былтыр Евразиялык экономикалык бирикме континентте жана чет жакта динамикалуу өнүккөн, соода-экономикалык байланышын ырааттуу кеңейткен интеграциялык бирикме болуп калды. Жолугушуулардын жыйынтыгы менен 17 документке кол коюлган, анын арасында бажы транзитинин бирдиктүү системасы, Иран менен эркин соода боюнча макулдашуу, бирдиктүү кызмат рыногун ишке киргизүү боюнча буйрук жана башка документтер бар.
Глобалдуу кызматташууга карай кадам
Тажрыйба көрсөткөндөй, стратегиялык өнөктөштүктөгү кыргыз-россия мамилесинин масштабы абдан кеңири, потенциалына эч кандай тоскоолдук жана чектөө жок. Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташуу жана өз ара түшүнүшүүнүн деңгээли өзгөчө ШКУ, ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ, БУУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында кыйла жогорулады. Бүгүнкү күндө Россия менен Беларусь Евразиядагы коопсуздуктун жаңы формаларын түзүү үчүн жигердүү аракеттерди жасап жатышат. Жакында эле эки мамлекет XXI кылымдагы көп түрдүүлүк жана көп полюстуулук боюнча евразиялык хартия тууралуу билдирүүгө кол коюшту. Мында көп полюстуу дүйнө жана адилеттүү глобалдуу тартип орнотуу ниети камтылган. Москва менен Минск көп полюстуулук жана коопсуздук маселелери боюнча диалогго Евразиянын башка өлкөлөрүн да чакырышты.
2024-жылдын октябрында КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында Евразиянын коопсуздугун камсыздоодогу кызматташуунун принциптери тууралуу билдирүү кабыл алынган. Ага Россиядан тышкары Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кошулду. Жаңы дүйнө тартибин орнотуу маселеси курч болуп турган чакта Россиянын союздаштары менен өнөктөштөрүнүн коопсуздуктун жаңы архитектурасын түзүү боюнча бардык активдүү позициясы чоң мааниге ээ. Анын үстүнө дагы бир дүйнөлүк держава болгон Кытай мамлекети да көп полюстуу дүйнө тартибин орнотуунун демилгечиси, колдоочусу болуп келет.
Адилеттүү дүйнө тартибин түзүү жана аны талкуулоо процесстерине Кыргызстандын активдүү катышуусу республиканын эл аралык аренада эле кадырын жогорулатпастан, Россияга стратегиялык өнөктөштүк глобалдуу мааниге ээ деген белги да боло алат.