https://sputnik.kg/20250104/shku-nurlan-ermekbaev-nato-1091243384.html
ШКУну НАТО менен салыштырып болбойт. Ермекбаев уюмдун негизги багыттарын атады
ШКУну НАТО менен салыштырып болбойт. Ермекбаев уюмдун негизги багыттарын атады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Коопсуздукту камсыздоо Шанхай кызматташтык уюмунун негизги багыттарынын бири экенин ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев билдиргенин... 04.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-04T14:32+0600
2025-01-04T14:32+0600
2025-01-04T14:32+0600
дүйнөдө
шку
нато
коопсуздук
террорчулук
экстремизм
https://sputnik.kg/img/07e9/01/04/1091242825_0:288:2936:1941_1920x0_80_0_0_ac633b884d0125a95a0a4fac60507934.jpg
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Коопсуздукту камсыздоо Шанхай кызматташтык уюмунун негизги багыттарынын бири экенин ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев билдиргенин РИА Новости жазды. Андыктан ШКУ терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү менен гана чектелбестен, башка маанилүү маселелер боюнча дагы иштей турганын белгиледи.Баш катчы ошондой эле НАТО менен Шанхай кызматташтык уюмун салыштыруу туура эместигин, экөө максаттары жана милдети боюнча айырмаланарын айтты. НАТО бир жагынан согуштан кийинки Батыштын, экинчи жагынан Советтер Союзу менен анын союздаштарынын ортосундагы тирешүүнүн элементи катары түзүлгөнү белгиленди."НАТО — аскердик-саясий уюм, ага социалисттик блок жактан айтсак Варшава келишими уюму аналог эле. Ал эми Шанхай кызматташтык уюму кансыз согуштун каражаты болуп саналбайт, ал бирөөгө каршы чыгуу үчүн түзүлгөн эмес. ШКУ 2001-жылы жаратмандык, тынчтык максаты менен түзүлгөн", — деди баш катчы.Мындан тышкары, баш катчынын айтымында, НАТО географиялык жактан алганда трансконтиненталдык уюм болсо, ал эми ШКУ учурда евразиялык мамлекеттердин башын бириктирген уюм болуп саналат.Ермекбаев ШКУ мамлекеттери бири-бири менен тарыхый, маданий, айрым учурларда менталдык жактан тыгыз байланышта экенин белгиледи. Ошондой эле уюм терроризмге каршы багытталган биргелешкен аскердик окутууларды өткөрүп турарын айтты.Ал ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы ШКУ мамлекеттери үчүн маанилүү окуя экенине токтолду. Катчылык бул датага арналган иш-чаралар тууралуу ойлонуп жатканы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20241230/kyrgyzstan-zheenbek-kulubayev-tim-koopsuzduk-1091173014.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/04/1091242825_344:236:2551:1891_1920x0_80_0_0_5a85c24b931ae9820cc9febd6aa2d4e2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, шку, нато, коопсуздук, террорчулук, экстремизм
дүйнөдө, шку, нато, коопсуздук, террорчулук, экстремизм
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Коопсуздукту камсыздоо Шанхай кызматташтык уюмунун негизги багыттарынын бири экенин ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев билдиргенин
РИА Новости жазды.
"ШКУнун негизги багыттарынын бири — коопсуздукту камсыздоо. Уюм бул маселеге олуттуу карап, социалдык-экономикалык маселелер, жакырчылык, билимсиздик жоюлмайын коопсуздукту камсыздоо кыйынга турарын түшүнөт", — деди Ермекбаев.
Андыктан ШКУ терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү менен гана чектелбестен, башка маанилүү маселелер боюнча дагы иштей турганын белгиледи.
Баш катчы ошондой эле НАТО менен Шанхай кызматташтык уюмун салыштыруу туура эместигин, экөө максаттары жана милдети боюнча айырмаланарын
айтты.
НАТО бир жагынан согуштан кийинки Батыштын, экинчи жагынан Советтер Союзу менен анын союздаштарынын ортосундагы тирешүүнүн элементи катары түзүлгөнү белгиленди.
"НАТО — аскердик-саясий уюм, ага социалисттик блок жактан айтсак Варшава келишими уюму аналог эле. Ал эми Шанхай кызматташтык уюму кансыз согуштун каражаты болуп саналбайт, ал бирөөгө каршы чыгуу үчүн түзүлгөн эмес. ШКУ 2001-жылы жаратмандык, тынчтык максаты менен түзүлгөн", — деди баш катчы.
Мындан тышкары, баш катчынын айтымында, НАТО географиялык жактан алганда трансконтиненталдык уюм болсо, ал эми ШКУ учурда евразиялык мамлекеттердин башын бириктирген уюм болуп саналат.
Ермекбаев ШКУ мамлекеттери бири-бири менен тарыхый, маданий, айрым учурларда менталдык жактан тыгыз байланышта экенин белгиледи. Ошондой эле уюм терроризмге каршы багытталган биргелешкен аскердик окутууларды өткөрүп турарын айтты.
"ШКУ биргелешкен чек ара операцияларын жана антитеррордук машыгууларды өткөрөт. Терроризмге каршы мүнөздөгү аскердик окутуулар да болот", — деди Ермекбаев.
Ал ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы ШКУ мамлекеттери үчүн маанилүү окуя экенине токтолду. Катчылык бул датага арналган иш-чаралар тууралуу ойлонуп жатканы кошумчаланды.
30 Бештин айы 2024, 16:58