https://sputnik.kg/20250105/rf-timi-rossiyalyk-zhurnalist-olum-1091256272.html
РФ ТИМи россиялык журналисттин ДЭРде өлтүрүлүшү боюнча үн катты
РФ ТИМи россиялык журналисттин ДЭРде өлтүрүлүшү боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-янв.— Sputnik. Россия ЮНЕСКОнун башчысы Одри Азуледен россиялык журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча тийиштүү жооп... 05.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-05T12:38+0600
2025-01-05T12:38+0600
2025-01-05T12:38+0600
дүйнөдө
россия
украина
журналист
өлүм
атайын операция
мария захарова
билдирүү
тим
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1a/1089019155_0:0:3079:1732_1920x0_80_0_0_d4ff81c9b8c60e558502c5d204da50e3.jpg
БИШКЕК, 5-янв.— Sputnik. Россия ЮНЕСКОнун башчысы Одри Азуледен россиялык журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча тийиштүү жооп берилишин талап кылууда. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова билдирген.Ал 4-январда дрондун атайын жасалган чабуулунан "Известия" басылмасынын штаттан тышкаркы кабарчысы Александр Мартемьянов каза болгонун эске салды. Андан тышкары, Россиянын ЖМКларынын кеминде төрт өкүлү ар кандай жаракат алышкан. Булардын арасында "РИА Новости" басылмасынын кызметкерлери Михаил Кевхиев менен Максим Романенко бар.Каргашалуу окуя согуш болуп жаткан аймактан алысыраак жерде болгон. Захарова ЖМК өкүлдөрүнө атайын эле чабуул жасалганын белгилеген. Анын айтымында, муну аман калгандардын берген көрсөтмөлөрүнөн улам билсе болот.ТИМ өкүлү Россия тарап ЮНЕСКОнун башчысы Азуледен россиялык журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча тийиштүү жооп берилишин талап кылып жатканын белгилеген."Бул окуяны башка да укук коргоо уюмдары сынга алат деп күтүп жатабыз. Ар кандай шылтоонун артына жашынуу аракетин ыйгарым укуктуу органдардын адекваттуу реакциясы катары кароого болбойт", — деген ал.Захарова россиялык журналисттерге карата жасалган кылмышка катышы барлардын бардыгы аныкталып, тиешелүү жазасын аларын кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20250105/ukraina-atajyn-operaciya-abal-tynchtyk-1091252785.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1a/1089019155_175:0:2906:2048_1920x0_80_0_0_624e6f727b0a221cab953f5ca3e03d7f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, журналист, өлүм, атайын операция, мария захарова, билдирүү, тим
дүйнөдө, россия, украина, журналист, өлүм, атайын операция, мария захарова, билдирүү, тим
БИШКЕК, 5-янв.— Sputnik. Россия ЮНЕСКОнун башчысы Одри Азуледен россиялык журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча тийиштүү жооп берилишин талап кылууда. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова билдирген.
Ал 4-январда дрондун атайын жасалган чабуулунан "Известия" басылмасынын штаттан тышкаркы кабарчысы Александр Мартемьянов каза болгонун эске салды. Андан тышкары, Россиянын ЖМКларынын кеминде төрт өкүлү ар кандай жаракат алышкан. Булардын арасында "РИА Новости" басылмасынын кызметкерлери Михаил Кевхиев менен Максим Романенко бар.
Каргашалуу окуя согуш болуп жаткан аймактан алысыраак жерде болгон. Захарова ЖМК өкүлдөрүнө атайын эле чабуул жасалганын белгилеген. Анын айтымында, муну аман калгандардын берген көрсөтмөлөрүнөн улам билсе болот.
"Россиялык журналисттерди атайын өлтүрүү — Зеленский режиминин кандуу мыкаачылык иштеринин дагы бир оор кылмышы болду", — деген ал.
ТИМ өкүлү Россия тарап ЮНЕСКОнун башчысы Азуледен россиялык журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча тийиштүү жооп берилишин талап кылып жатканын белгилеген.
"Бул окуяны башка да укук коргоо уюмдары сынга алат деп күтүп жатабыз. Ар кандай шылтоонун артына жашынуу аракетин ыйгарым укуктуу органдардын адекваттуу реакциясы катары кароого болбойт", — деген ал.
Захарова россиялык журналисттерге карата жасалган кылмышка катышы барлардын бардыгы аныкталып, тиешелүү жазасын аларын кошумчалаган.