https://sputnik.kg/20250106/rossiya-vladimir-putin-sayasat-1091272725.html
ЖМК: Украина боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө Путинде артыкчылык бар
ЖМК: Украина боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө Путинде артыкчылык бар
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Владимир Путиндин Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө негизги артыкчылыгы бар. Бул тууралуу АКШнын отставкадагы полковниги Дэниел... 06.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-06T18:12+0600
2025-01-06T18:12+0600
2025-01-08T11:45+0600
дүйнөдө
россия
владимир путин
саясат
жаңжал
сүйлөшүүлөр
https://sputnik.kg/img/07e9/01/08/1091292869_0:137:3155:1911_1920x0_80_0_0_bf3d0eca62ad297452f885fe1474c227.jpg
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Владимир Путиндин Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө негизги артыкчылыгы бар. Бул тууралуу АКШнын отставкадагы полковниги Дэниел Дэвис билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, Россия жаңжалды сүйлөшүү аркылуу жөнгө салууга муктаж эмес, себеби өлкө аны аскердик жол менен соңуна чыгара алат.Украинанын фронттогу жеңилүүлөрү, экономикалык абалынын начардыгы жана Батыштын Киевди каржылоодон чарчаганына байланыштуу тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгы тууралуу сөздөр күчөдү. Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүгө мыйзам менен тыюу салганына карабастан, үчүнчү мамлекеттер колдосо сүйлөшүүлөр мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле Киевдин 1991-жылдагы чек араларга кайтуу талабы мурдагыдай көп айтылбай калды.Ноябрдын аягында Зеленский Sky News телеканалына курган маегинде Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуунун жолу катары Киев көзөмөлдөгөн аймакты НАТОнун "чатырына" кабыл алуу идеясын сунуштаган. Батыш медиасы жана айрым саясатчылар муну Зеленскийдин айрым аймактардан баш тартууга даярдыгынын белгиси катары баалашты. Декабрда президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп Зеленский менен жолугушуудан кийин анын атышууну токтотуп, тынчтык келишимин түзүүнү каалап жатканын айтты.
https://sputnik.kg/20250106/rossiya-sogush-kurakhovo-ukraina-1091269638.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/08/1091292869_212:0:2941:2047_1920x0_80_0_0_522b9accb9a375271ded5b385454d4a0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, владимир путин, саясат, жаңжал, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, россия, владимир путин, саясат, жаңжал, сүйлөшүүлөр
ЖМК: Украина боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө Путинде артыкчылык бар
18:12 06.01.2025 (Жаңыртылды: 11:45 08.01.2025) БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Владимир Путиндин Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө негизги артыкчылыгы бар. Бул тууралуу АКШнын отставкадагы полковниги Дэниел Дэвис билдиргенин
РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Россия жаңжалды сүйлөшүү аркылуу жөнгө салууга муктаж эмес, себеби өлкө аны аскердик жол менен соңуна чыгара алат.
"Сүйлөшүүлөргө Дональд Трамптын же башка бирөөнүн катышканы роль ойнобойт. Анткени Владимир Путиндин бул процессте негизги артыкчылыгы бар. Бул — ачуу чындык", — деди эксперт.
Украинанын фронттогу жеңилүүлөрү, экономикалык абалынын начардыгы жана Батыштын Киевди каржылоодон чарчаганына байланыштуу тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгы тууралуу сөздөр күчөдү. Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүгө мыйзам менен тыюу салганына карабастан, үчүнчү мамлекеттер колдосо сүйлөшүүлөр мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле Киевдин 1991-жылдагы чек араларга кайтуу талабы мурдагыдай көп айтылбай калды.
Ноябрдын аягында Зеленский Sky News телеканалына курган маегинде Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуунун жолу катары Киев көзөмөлдөгөн аймакты НАТОнун "чатырына" кабыл алуу идеясын сунуштаган. Батыш медиасы жана айрым саясатчылар муну Зеленскийдин айрым аймактардан баш тартууга даярдыгынын белгиси катары баалашты. Декабрда президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп Зеленский менен жолугушуудан кийин анын атышууну токтотуп, тынчтык келишимин түзүүнү каалап жатканын айтты.