https://sputnik.kg/20250106/uluttuk-bank-kriptobank-kriptovalyuta-1091271195.html
Кыргызстанда криптобанктарга лицензия берүү пландалууда
Кыргызстанда криптобанктарга лицензия берүү пландалууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанда криптобанктарга лицензия берип, криптовалюталарды мыйзамдаштыруу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин... 06.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-06T16:40+0600
2025-01-06T16:40+0600
2025-01-06T16:45+0600
кыргызстан
улуттук банк
криптовалюта
технологиялар
финансы
https://sputnik.kg/img/103892/99/1038929934_17:0:3658:2048_1920x0_80_0_0_3ea032cf6e6ca6e8304a03343ac78bb0.jpg
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанда криптобанктарга лицензия берип, криптовалюталарды мыйзамдаштыруу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.Анда технологиянын өнүгүшү менен криптовалюталарды каржы системасына интеграциялоо зарылдыгы белгиленген. Лицензияны Улуттук банк берет.Криптобанкты киргизүү төмөнкү максаттарды жана милдеттерди чечүү үчүн шартталган:
https://sputnik.kg/20241205/bitkoindin-baasy-birinchi-iret-100-000-dollardan-oydo-chykty-1090615207.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103892/99/1038929934_472:0:3203:2048_1920x0_80_0_0_88a089f54ed8cea1cbc48a18e0672222.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, криптовалюта, технологиялар, финансы
кыргызстан, улуттук банк, криптовалюта, технологиялар, финансы
Кыргызстанда криптобанктарга лицензия берүү пландалууда
16:40 06.01.2025 (Жаңыртылды: 16:45 06.01.2025) БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанда криптобанктарга лицензия берип, криптовалюталарды мыйзамдаштыруу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Анда технологиянын өнүгүшү менен криптовалюталарды каржы системасына интеграциялоо зарылдыгы белгиленген. Лицензияны Улуттук банк берет.
"Акыркы жылдары криптовалютага болгон кызыгуу бир топ өстү. Криптобанк түзүү бизге бул рынокту мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет. Криптобанк жарандардын жана бизнестин кызыкчылыктарын гана коргобостон, экономикалык жактан өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деп жазылган анын негиздемесинде.
Криптобанкты киргизүү төмөнкү максаттарды жана милдеттерди чечүү үчүн шартталган:
криптовалюталар менен операциялар үчүн укуктук базаны түзүү;
маалыматтарды жана транзакцияларды коргоонун заманбап технологияларын киргизүү аркылуу колдонуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу;
финансы секторундагы инновацияларга дем берүү жана жаңы бизнес-моделдерди өнүктүрүү;
криптоактивдер менен операцияларды мыйзамдаштыруунун эсебинен салыкты көбөйтүү;
өлкөгө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу.