https://sputnik.kg/20250107/biyylky-zhyl-krdin-futbolchulary-uchur-maaniluu-mezgil-1091280486.html
Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын маанилүү оюндар күтүп турат
Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын маанилүү оюндар күтүп турат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Быйыл, 2025-жылы, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын маанилүү бир катар оюндар күтүп турат. 07.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-07T17:58+0600
2025-01-07T17:58+0600
2025-01-07T17:58+0600
кыргызстан
футбол
курама команда
дүйнө чемпионаты
ак шумкар
https://sputnik.kg/img/07e7/01/06/1071807740_0:0:3333:1875_1920x0_80_0_0_f0f15c0e9f2514cd2b2afae78a23be51.jpg
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Быйыл, 2025-жылы, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын маанилүү бир катар оюндар күтүп турат.Дүйнө чемпионатына тандоонун 3-раундунун алкагында акыркы төрт оюн болот:Учурда биздин команда тайпада бешинчи орунда турат. Эгерде 3-4-орунду камсыздай алса, октябрда боло турган төртүнчү раундга өтөт. Эске салсак, ноябрда бешинчи раунд уюштурулат (буга да өткөнгө аракет кылыш керек).Эгерде "Ак шумкар" 4-турга жолдомо ала албаса, анда FIFA (курама командалар үчүн) уюмунун даталары октябрь, ноябрда бош болот да, балким, жолдоштук беттештерди өткөрүшү мүмкүн.Ошондой эле сентябрь айында CAFA Nations Cup 2025 (Борбор Азиянын Футбол ассоциациясынын турнири) оюну өтүшү пландалууда.
https://sputnik.kg/20241222/kyrgyzstan-chempionat-futbol-1090998608.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/06/1071807740_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_6c91001fb7aeb224d990a78abf50d35b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, футбол, курама команда, дүйнө чемпионаты, ак шумкар
кыргызстан, футбол, курама команда, дүйнө чемпионаты, ак шумкар
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Быйыл, 2025-жылы, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын маанилүү бир катар оюндар күтүп турат.
Дүйнө чемпионатына тандоонун 3-раундунун алкагында акыркы төрт оюн болот:
Өзбекстан — Кыргызстан (20-март);
Кыргызстан — Катар (25-март);
Корея Элдик Демократиялык Республикасы — Кыргызстан (5-июнь);
Кыргызстан — БАЭ (10-июнь).
Учурда биздин команда тайпада бешинчи орунда турат. Эгерде 3-4-орунду камсыздай алса, октябрда боло турган төртүнчү раундга өтөт. Эске салсак, ноябрда бешинчи раунд уюштурулат (буга да өткөнгө аракет кылыш керек).
Эгерде "Ак шумкар" 4-турга жолдомо ала албаса, анда FIFA (курама командалар үчүн) уюмунун даталары октябрь, ноябрда бош болот да, балким, жолдоштук беттештерди өткөрүшү мүмкүн.
Ошондой эле сентябрь айында CAFA Nations Cup 2025 (Борбор Азиянын Футбол ассоциациясынын турнири) оюну өтүшү пландалууда.
22 Бештин айы 2024, 10:58