https://sputnik.kg/20250107/evropa-rossiya-menen-akshdan-kooptonup-zhatat-1091279265.html
ЖМК: Европа Россия менен АКШдан кооптонуп жатат
ЖМК: Европа Россия менен АКШдан кооптонуп жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Британиянын Financial Times гезити болочок президент Дональд Трамптын жетекчилиги астындагы АКШ менен Россия Европанын коопсуздугуна... 07.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-07T14:55+0600
2025-01-07T14:55+0600
2025-01-07T14:55+0600
дүйнөдө
акш
россия
европа
дональд трамп
коркунучтар
коргонуу
https://sputnik.kg/img/103771/24/1037712432_0:161:2421:1523_1920x0_80_0_0_a0e8f3cea2baa57ae0fe91461d225a9a.jpg
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Британиянын Financial Times гезити болочок президент Дональд Трамптын жетекчилиги астындагы АКШ менен Россия Европанын коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирерин жазды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. Макалада 2025-жылы Европадагы "коопсуздук кризиси" эки нерседен улам жаралары айтылат: Россиянын европалык өлкөлөргө жараткан коркунучу жана "Дональд Трамптын кол астындагы Американын күчөп бараткан кайдыгерлиги".Гезит эгер Трамп НАТОну каржылоону кыскартууну чечсе, альянстын коргонуу бюджетиндеги жетишсиздиктин ордун толтуруу үчүн европалык өлкөлөр чыгашаны болжолдонгон ИДПнын 3 пайызынын ордуна 4,5 пайызга чейин көбөйтүшү керектигин жазды.Анда ошондой эле Европанын алдыңкы экономикасы болгон Германия коңшу өлкөлөрдүн кооптонуусуна карабай коргонуу чыгымдарын көбөйтүүсү керектиги айтылат."Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан 80 жыл өткөндөн кийин да Берлиндин кээ бир коңшулары, өзгөчө Польша менен Франция Германиянын кайра куралдануусуна тынчсызданышат, бирок алар өздөрүнүн коопсуздугун ойлоп муну кабыл алышы керек", — дейт макаланын автору.Трамп НАТОнун ишине бир нече жолу нааразылыгын билдирип, эгер европалык өнөктөштөр өзүнүн коопсуздугу үчүн каржы жоопкерчилигин өзүнө албаса АКШ уюмдан чыгарын айткан. Батыш ЖМКларынын айтымында, жаңы шайланган президент альянска мүчө өлкөлөрдөн коргонууга ИДПнын 3 пайызына чейин коротууну талап кылат.Соңку маалда Батышта НАТО менен Россиянын ортосунда куралдуу согуш тууралуу ойлор көбүрөөк айтылууда. Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашып жатканын билдирген.
https://sputnik.kg/20250106/kanada-zhastin-tryudo-sayasat-partiya-1091274082.html
акш
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103771/24/1037712432_89:0:2333:1683_1920x0_80_0_0_2d1432b481cd91afa2a805f0495718f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, европа, дональд трамп, коркунучтар, коргонуу
дүйнөдө, акш, россия, европа, дональд трамп, коркунучтар, коргонуу
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Британиянын Financial Times гезити болочок президент Дональд Трамптын жетекчилиги астындагы АКШ менен Россия Европанын коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирерин жазды. Бул тууралуу
РИА Новости билдирди.
Макалада 2025-жылы Европадагы "коопсуздук кризиси" эки нерседен улам жаралары айтылат: Россиянын европалык өлкөлөргө жараткан коркунучу жана "Дональд Трамптын кол астындагы Американын күчөп бараткан кайдыгерлиги".
"Европа өлкөлөрү бул кооптуу геосаясий комбинацияга тез арада өз коргонуусун куруу менен жооп бериши керек", — деп айтылат макалада.
Гезит эгер Трамп НАТОну каржылоону кыскартууну чечсе, альянстын коргонуу бюджетиндеги жетишсиздиктин ордун толтуруу үчүн европалык өлкөлөр чыгашаны болжолдонгон ИДПнын 3 пайызынын ордуна 4,5 пайызга чейин көбөйтүшү керектигин жазды.
Анда ошондой эле Европанын алдыңкы экономикасы болгон Германия коңшу өлкөлөрдүн кооптонуусуна карабай коргонуу чыгымдарын көбөйтүүсү керектиги айтылат.
"Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан 80 жыл өткөндөн кийин да Берлиндин кээ бир коңшулары, өзгөчө Польша менен Франция Германиянын кайра куралдануусуна тынчсызданышат, бирок алар өздөрүнүн коопсуздугун ойлоп муну кабыл алышы керек", — дейт макаланын автору.
Трамп НАТОнун ишине бир нече жолу нааразылыгын билдирип, эгер европалык өнөктөштөр өзүнүн коопсуздугу үчүн каржы жоопкерчилигин өзүнө албаса АКШ уюмдан чыгарын айткан. Батыш ЖМКларынын айтымында, жаңы шайланган президент альянска мүчө өлкөлөрдөн коргонууга ИДПнын 3 пайызына чейин коротууну талап кылат.
Соңку маалда Батышта НАТО менен Россиянын ортосунда куралдуу согуш тууралуу ойлор көбүрөөк айтылууда. Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашып жатканын билдирген.