Космостун түпкүрүнөн тартылган таң калычтуу сүрөттөр
Космостун түпкүрүнөн тартылган таң калычтуу сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Ааламдын алыскы жерлерин изилдөө үчүн окумуштуулар пайдаланган сүрөттөр илим үчүн эле кызмат кылбастан, жөнөкөй адамды да таасирлентип, башкача бир сезим... 08.01.2025, Sputnik Кыргызстан
Өткөн жылдын бул жааттагы өзгөчө окуяларынын бири Curiosity марсоходу кызыл планетадан тартып жиберген сүрөттөр жана жасаган селфиси болду. Анткен менен экзотикалык сүрөттөр анча деле жаңылык эмес. Советтик аппараттар башка планеталардан, тагыраагы, Венерадан мурда да жөнөтүп келген. Бир артыкчылыгы — бул ирет сапаты алда канча жакшырганы болду. Эгерде космостун эң түпкүрү тууралуу сөз кыла турган болсок, "Хаббл" жана "Жеймс Уэбб" телескоптору астрофотографияда жаңылык болуп калды.Тумандан чыгып турган аттын башынын элесин (Horsehead Nebula) берип турган кубулуш — ааламдын эң суктандырган көрүнүштөрүнүн бири. Чаң жана газдын тыгыз булуттарынын физикалык, химиялык процесстерден жаралып, окумуштуулар үчүн зор мааниге ээ. Адистер жакынкы мезгилден тарта "Жеймс Уэбб" телескобун аны көздөй бурушту.Тема боюнча:
Ааламдын алыскы жерлерин изилдөө үчүн окумуштуулар пайдаланган сүрөттөр илим үчүн эле кызмат кылбастан, жөнөкөй адамды да таасирлентип, башкача бир сезим тартуулайт. Sputnik Кыргызстан космостук телескоптор тарткан кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Өткөн жылдын бул жааттагы өзгөчө окуяларынын бири Curiosity марсоходу кызыл планетадан тартып жиберген сүрөттөр жана жасаган селфиси болду. Анткен менен экзотикалык сүрөттөр анча деле жаңылык эмес. Советтик аппараттар башка планеталардан, тагыраагы, Венерадан мурда да жөнөтүп келген. Бир артыкчылыгы — бул ирет сапаты алда канча жакшырганы болду. Эгерде космостун эң түпкүрү тууралуу сөз кыла турган болсок, "Хаббл" жана "Жеймс Уэбб" телескоптору астрофотографияда жаңылык болуп калды.
Тумандан чыгып турган аттын башынын элесин (Horsehead Nebula) берип турган кубулуш — ааламдын эң суктандырган көрүнүштөрүнүн бири. Чаң жана газдын тыгыз булуттарынын физикалык, химиялык процесстерден жаралып, окумуштуулар үчүн зор мааниге ээ. Адистер жакынкы мезгилден тарта "Жеймс Уэбб" телескобун аны көздөй бурушту.
CC BY 2.0 / ESA/Hubble & NASA, O. Fox, L. Jenkins, S. Van Dyk, A. Filippenko, J. Lee and the PHANGS-HST Team, D. de Martin (ESA/Hubble), M. Zamani (ESA/Hubble) / Hubble Captures a Galaxy with Many Lights
"Хаббл" телескобу тарткан сүрөттө ийрилген түрдөгү NGC 1672 галактика көрсөтүлгөн. Ал Жерден 49 миллион жыл аралыгында жайгашкан. Башка галактикалар сындуу эле дисктери жарык жылдыздар менен толтурулуп, өзгөчө жаркыратып турат.
1/11

Эл аралык космостук станциянын Harmony модулуна жалгаштырылган Starliner космостук кемеси
CC BY 2.0 / NASA, ESA, M. Wong (University of California - Berkeley), G. Kober (NASA/Catholic University of America) / Jupiter in Ultraviolet
Биз көрүп жүргөн Юпитер азыр башка өңдө турат. Сүрөттү космостук "Хаббл" телескобу тартып алган.
7/11

CC BY 2.0 / ESA/Hubble & NASA, E. Noyola, R. Cohen / Stargazing in NGC 6355
Мындай кооздукту жөнөкөй көз менен көрө албайбыз. Илимдеги NGC 6355 деп аталган топтомдо ачык көрүнгөн жылдыздар. Бул биздин Саманчынын жолу галактикасынын ички аймактарында жайгашкан.
8/11