https://sputnik.kg/20250109/peskov-armeniya-kommentariy-berdi-1091322175.html
Песков Армениянын Евробиримдикке кирүү демилгесине комментарий берди
Песков Армениянын Евробиримдикке кирүү демилгесине комментарий берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик Ереванга майнаптуу пайда келтирип жатат, бирок Евробиримдик менен ЕАЭБге бир мезгилде мүчө болууга... 09.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-09T18:45+0600
2025-01-09T18:45+0600
2025-01-10T11:27+0600
россия
армения
европа биримдиги
долбоор
дмитрий песков
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091320254_0:234:3072:1962_1920x0_80_0_0_a18242616c95041a41b3b581cddcb75b.jpg
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик Ереванга майнаптуу пайда келтирип жатат, бирок Евробиримдик менен ЕАЭБге бир мезгилде мүчө болууга мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Бейшемби күнү эртең менен Армения өкмөтү ЕБге кирүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп берген. Документти Батышка ыктаган тараптар демилгелеген. Эми аны парламент карайт, эгер колдоо тапса референдум болот. Мыйзам долбоорун ТИМдин башчысы Арарат Мирзоян алып келген. Министрдин айтымында, армяндар менен ЕБдин алакасы тез жана ырааттуу өнүгүүдө. Евробиримдик Ереванга коопсуздук жаатында байкоочуларды жөнөтүп, экономикалык өнүгүү боюнча жардамдашарын билдирген. Кеп аталган уюмдун армян-азербайжан чек арасына жиберилген миссиясы туурасында болгон.Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул чечим ЕБге мүчөлүк дегенди билдирбестигин, аталган маселе референдумда чечилерин айтты.
https://sputnik.kg/20241218/armeniya-aksh-uruksat-zhkku-chygat-1090909639.html
армения
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091320254_432:209:2885:2048_1920x0_80_0_0_8d77f866014e33a23b42f59dd23664fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, армения, европа биримдиги, долбоор, дмитрий песков
россия, армения, европа биримдиги, долбоор, дмитрий песков
Песков Армениянын Евробиримдикке кирүү демилгесине комментарий берди
18:45 09.01.2025 (Жаңыртылды: 11:27 10.01.2025) БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик Ереванга майнаптуу пайда келтирип жатат, бирок Евробиримдик менен ЕАЭБге бир мезгилде мүчө болууга мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин
РИА Новости жазды. “ЕАЭБге мүчөлүк Арменияга мамлекет катары жана анын эли үчүн абдан чоң дивиденддерди берет. Негизи эки башка уюмдун мүчөсү болуу мүмкүн эмес. Мында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, адамдарды жана капиталды өткөрүү үчүн бир бажы мейкиндиги бар. Ал эми ЕБде стандарттар башка. Албетте, бул алардын суверендуу укугу. Бирок ЕАЭБге мүчө болуу Армения үчүн пайдалуу экенин так билебиз”, — деди Песков.
Бейшемби күнү эртең менен Армения өкмөтү ЕБге кирүү боюнча
мыйзам долбоорун колдоп берген. Документти Батышка ыктаган тараптар демилгелеген. Эми аны парламент карайт, эгер колдоо тапса референдум болот.
Мыйзам долбоорун ТИМдин башчысы Арарат Мирзоян алып келген. Министрдин айтымында, армяндар менен ЕБдин алакасы тез жана ырааттуу өнүгүүдө. Евробиримдик Ереванга коопсуздук жаатында байкоочуларды жөнөтүп, экономикалык өнүгүү боюнча жардамдашарын билдирген. Кеп аталган уюмдун армян-азербайжан чек арасына жиберилген миссиясы туурасында болгон.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул чечим ЕБге мүчөлүк дегенди билдирбестигин, аталган маселе референдумда чечилерин айтты.
18 Бештин айы 2024, 15:30