https://sputnik.kg/20250109/turizm-kurulush-adylbek-kasymaliyev-1091313485.html
Үч курулуш компаниясына Ысык-Көлдүн Тамчысынан 34,2 га жер ижарага берилди
Үч курулуш компаниясына Ысык-Көлдүн Тамчысынан 34,2 га жер ижарага берилди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы 34,2 гектар жер үч курулуш компаниясына ижарага берилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин... 09.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-09T12:48+0600
2025-01-09T12:48+0600
2025-01-09T12:50+0600
кыргызстан
туризм
курулуш
адылбек касымалиев
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091313651_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_b654578b4850d16fc4721c11b8ab3b97.jpg
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы 34,2 гектар жер үч курулуш компаниясына ижарага берилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.Жер тилкелери төмөнкү компанияларга берилет:Токтомго ылайык, президенттин иш башкармалыгы ижара келишимин түзүп, ал эми компаниялар курулуш иштерин 2028-жылдын 1-январына чейин бүтүрүүгө милдеттендирилди.Айрым ЖМКлар кеп беш жылдыздуу "Хан-Теңири" мейманканасынын курулушу тууралуу болуп жатканын жазышууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров "Тамчы" аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу отель салынып жатканын айтып, Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов ("Елизавета" курулуш компаниясы Суракматовдун жакындарыныкы) жер сураганын, берүүгө даяр жер бар экенин айткан.
https://sputnik.kg/20240927/tashiyev-ysyk-kol-besh-zhyldyzduu-meymankana-1089055566.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091313651_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_462645dc685ab77bdeef6bbe39e8626c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, туризм, курулуш, адылбек касымалиев
кыргызстан, туризм, курулуш, адылбек касымалиев
Үч курулуш компаниясына Ысык-Көлдүн Тамчысынан 34,2 га жер ижарага берилди
12:48 09.01.2025 (Жаңыртылды: 12:50 09.01.2025) БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы 34,2 гектар жер үч курулуш компаниясына ижарага берилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
"Президенттин иш башкармалыгына Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр, Тамчы айыл аймактарында жайгашкан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар категориясындагы 34,2 гектар жерди туристтик жана маданий маанидеги объектилерди куруу үчүн 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу шарты менен 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин", — деп жазылган документте.
Жер тилкелери төмөнкү компанияларга берилет:
"Авангард Стиль" курулуш компаниясы – 14,21 гектар;
"Елизавета" курулуш компаниясы – 10 гектар;
"КыргызИнвестСтрой" курулуш компаниясы – 10 гектар.
Токтомго ылайык, президенттин иш башкармалыгы ижара келишимин түзүп, ал эми компаниялар курулуш иштерин 2028-жылдын 1-январына чейин бүтүрүүгө милдеттендирилди.
Айрым ЖМКлар кеп беш жылдыздуу "Хан-Теңири" мейманканасынын курулушу тууралуу болуп жатканын жазышууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров "Тамчы" аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу отель салынып жатканын айтып, Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов ("Елизавета" курулуш компаниясы Суракматовдун жакындарыныкы) жер сураганын, берүүгө даяр жер бар экенин айткан.