https://sputnik.kg/20250109/uluttuk-bank-kredit-miyzam-1091319431.html
Улуттук банк насыялардын пайызын жөнгө салууну көздөөдө
Улуттук банк насыялардын пайызын жөнгө салууну көздөөдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Улуттук банк финансылык уюмдардын комиссия, тариф, пайыздык чендерин көзөмөлгө алууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук... 09.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-09T16:53+0600
2025-01-09T16:53+0600
2025-01-09T16:53+0600
кыргызстан
улуттук банк
кредит
мыйзам
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091319537_0:145:3121:1901_1920x0_80_0_0_8943ea610c900d957f3930baae4d8db0.jpg
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Улуттук банк финансылык уюмдардын комиссия, тариф, пайыздык чендерин көзөмөлгө алууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Анда айрым учурда насыялардын пайызы 33-34 пайызга чейин жетип жатканы белгиленген.Ушуга байланыштуу Улуттук банкка банктар жана башка финансы уюмдарына комиссиялык сый акыларды, тарифтерди жана пайыздык чендерди жөнгө салууга, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүүгө укук берүү каралган.Мындан тышкары, мыйзам долбоору боюнча банктарга алдамчылыкка каршы чараларды көрүү системасынын (антифрод системасы) болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу милдети жүктөлмөкчү.
https://sputnik.kg/20250107/uluttuk-bank-altyn-kujma-kyrgyzstan-kireshe-1091284960.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091319537_196:0:2925:2047_1920x0_80_0_0_9d90ceda666d5420608fb67c5799fd14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, кредит, мыйзам
кыргызстан, улуттук банк, кредит, мыйзам
Улуттук банк насыялардын пайызын жөнгө салууну көздөөдө
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Улуттук банк финансылык уюмдардын комиссия, тариф, пайыздык чендерин көзөмөлгө алууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Анда айрым учурда насыялардын пайызы 33-34 пайызга чейин жетип жатканы белгиленген.
"Банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жогорку комиссиялар жарандарга жана бизнеске терс таасирин тийгизет. Бул финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн чектеп, экономикалык өнүгүүнү жайлатат. Жашыруун комиссиялар жана татаал тарифтер кардарлар үчүн түшүнүксүз. Жогорку тарифтер бизнес чыгымдарын көбөйтүп, товарлардын баасын жогорулатып, экономикага тобокелдиктерди жаратат", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Ушуга байланыштуу Улуттук банкка банктар жана башка финансы уюмдарына комиссиялык сый акыларды, тарифтерди жана пайыздык чендерди жөнгө салууга, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүүгө укук берүү каралган.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору боюнча банктарга алдамчылыкка каршы чараларды көрүү системасынын (антифрод системасы) болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу милдети жүктөлмөкчү.