00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
21:53
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Эртең Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөтКремль Трамптын Путин менен жолугам деген планына комментарий бердиЭсеп палатасы Чолпон-Ата бюджетинде миллиондогон сомдук мыйзам бузуулар аныктадыАлдыда кененирээкЭсеп палатасы Чолпон-Ата шаарынын бюджетинде миллиондогон сомдук мыйзам бузууларды текшерүү учурунда аныктады. Мекеменин маалыматы боюнча, 22 миллион 727,9 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Эсеп палатасы белгилегендей, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 213,7 миң сомду түздү. Анын ичинде бюджеттик сметада каралбаган чыгашаларды төлөөгө каражаттар, ал эми резервдик фонддун каражаттарын мыйзамдарда каралбаган максаттарга пайдалануу бөлүштүрүү шарттары аныкталган. Капиталдык салымдарга жана курулуш иштерине бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы мыйзам бузуулар 1 млн 634,7 миң сомду түзгөн. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда 19 млн 890,8 миң сомдук мыйзам бузууларга жол берилген. Ал эми орду толтурулууга тийиш болгон 1 миллион 634,7 миң сомдун 16,2 миң сому гана кайтарылган.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына штаттык психолог жумушка алды. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында адис 2025-жылдын январь айынан бери айдоочулар менен үзгүлтүксүз иш алып барууда. Эске салсак, буга чейин ал автобус айдоочуларынын психикалык саламаттыгы ай сайын текшерилип турушу керектигин билдирген. «Биз Жазык-процессуалдык кодекске жол кырсыгына кабылган коомдук транспорттун айдоочуларынын жоопкерчилиги боюнча өзгөртүүлөрдү киргизели деп жатабыз. Психологиялык тесттер үчүн компьютердик кабинеттерди даярдадык. Мындан тышкары, автобустарды башкарууну көрсөткөн төрт симулятор бар. Эми айдоочулар жылына эки жолу психологиялык тесттен өтүшөт. «Мен бул тесттерди ай сайын өткөрүүнү сунуштадым», — деп белгиледи муниципалитеттин башчысы.
Дем алыш күндөрү Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү саат 09:00дөн 19:00гө чейин уюштурулуп турат. «Жарманкени уюштуруунун максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта. Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Москва АКШнын жаңы шайлаган президенти Дональд Трамптын Россия лидери Владимир Путин менен жолугам дегенин колдойт, бирок азырынча диалог боюнча конкреттүү пландар жок. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканын РИА Новости жазды. Трамп бүгүн россиялык лидердин жолугууга ниети бардыгын, тараптар аны уюштуруу боюнча даярдык көрүп жаткандыгын айткан эле. "Трамп мырза көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүүгө өзүнүн даяр экендигин билдиргенин көрүп турабыз, биз муну колдойбуз. Учурда мурдагыдай эле конкреттүүлүк жок", — деген Песков журналисттерге. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сомго евро 89 сом 68 тыйынга рубль 84 тыйынгаКазак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 61 сом 90 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 90 тыйындан 72 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 69 сом 90 тыйындан, 71 сом 40 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ11-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 11-январь, ишембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +3...+8, Ысык-Көлдө 0...+5 градуска чейин жылуу болсо, Нарын облусунда -3...-8 градус суук болору айтылды. Күндүн табы Бишкекте +4...+6, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0