Медетов: Айтматовдун сынга кабылган аңгемелерин алгач Асаналиев жактап чыккан
"Айтматов кыргыз адабиятына сын менен келген. Ал Некрасовдун ырларынын кыргызчага которулушундагы мүчүлүштүктөрдү таап чыгып, сын жазган. Көп өтпөй өзүнүн калемине таандык "Гезитчи Дзюйо", "Кайракта", "Ашым", "Сыпайчы" деген алгачкы аңгемелери жарык көргөн. Андан кийин Айтматов "Асма көпүрө", "Түнкү сугат" деген аңгемелерин жазып, кадимкидей калеми төшөлүп калган жазуучу экенин көрсөткөн. Бирок ошентсе да жалпы кыргыз калемгерлерине анын жазуу стили, тили өөн учураган. Автордун аталган чыгармалары кызуу талкуу жаратып, дээрлик терс пикирлерди алып келген. Кезектеги кыргыз жазуучуларынын пленумунда адабият таануучу, сынчы Кеңешбек Асаналиев жалпы пикирлерден жалтанбай, Айтматовдун аңгемелерин жактап чыккан. Ал автор адамдын табиятын изилдей билген, жандуу каармандарды жараткан жазуучу экенин айтып, жыйналыштын катышуучуларынын оюн башка нукка бура алган. Бул Айтматовго шык берип, ал Москвадагы эки жылдык курска тапшырган жана "менин жаңы деңгээлге көтөрүлүп, бул багытта билим алышыма Асаналиевдин пикири чоң таасир берди" деп көп эскерген", — деди Медетов.