https://sputnik.kg/20250116/zelenskij-armiyasynyn-zhabdylyshyna-ichi-chykpajt-1091460215.html
Зеленский армиясынын жабдылышына ичи чыкпай жатканын айтты
Зеленский армиясынын жабдылышына ичи чыкпай жатканын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн 60 пайызы гана толук кандуу жабдылганын Владимир Зеленский Польшанын Rzeczpospolita гезитине маек куруп... 16.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-16T17:08+0600
2025-01-16T17:08+0600
2025-01-16T17:08+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
россия
атайын операция
батыш
владимир зеленский
курал-жарак
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091459963_0:59:3072:1786_1920x0_80_0_0_4b4c6fcdd4d2b8d2604b1a6d3cbd0750.jpg
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн 60 пайызы гана толук кандуу жабдылганын Владимир Зеленский Польшанын Rzeczpospolita гезитине маек куруп жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Жакын арада алмаша турган АКШ администрациясы тууралуу суроого Украина жетекчиси президент Жо Байденге ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү курал-жарак менен ок-дарынын 33-34 пайызы украин өндүрүшүнөн чыкканын, 30 пайыздын азыраагы Европадан, ал эми 40 пайызы Америкадан келгенин айтып, жооп берди."АКШ менен Европанын ортосундагы альянс бизге жардам берди, бирок канчалык жардам бергенин айтпай эле коеюн. Азыр абадан коргонуу каражаттары жетишсиз болуп турат, АКШдан Patriot системаларын көбүрөөк ала албай жатабыз. Мен бул жагдайды чындап түшүнө албай келем", — деген Зеленский.Россия Украинаны курал-жарак жана ок-дары менен камсыздоо кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин чырга аралаштырып жатканын эскертип келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал жүктөлгөн автотранспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын билдирген. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип жана Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө аскер кадрларын даярдап берип жаңжалга түз кийлигишип жатат. Кремль Украинаны курал-жаракка шыкоонун кесепети оор болорун айткан.
https://sputnik.kg/20250116/eb-rossiyaga-karshy-sankciyalardy-oorlotuuga-karshy-boluuda-1091454770.html
украина
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091459963_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_5510f71fd51bad8bb5801d2bd824476d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, батыш, владимир зеленский, курал-жарак
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, батыш, владимир зеленский, курал-жарак
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн 60 пайызы гана толук кандуу жабдылганын Владимир Зеленский Польшанын Rzeczpospolita гезитине маек куруп жатып айтты. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Аскер бөлүктөрдүн 60 пайызы гана керектүү деңгээлде жабдылган. Айрым нерселер келип жатат, жетпей жаткандары да бар, кээ бир жабдуулар кечигүү менен келүүдө. Мунун көп себеби бар, процесс татаал. Эч кимди күнөөлөгүм келбейт, бирок азыр абал ушундай. АКШнын Конгрессинде эле жардам жөнөтүү канчага кечиктирилгени эсиңиздерде болсо керек", — деген Зеленский.
Жакын арада алмаша турган АКШ администрациясы тууралуу суроого Украина жетекчиси президент Жо Байденге ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү курал-жарак менен ок-дарынын 33-34 пайызы украин өндүрүшүнөн чыкканын, 30 пайыздын азыраагы Европадан, ал эми 40 пайызы Америкадан келгенин айтып, жооп берди.
"АКШ менен Европанын ортосундагы альянс бизге жардам берди, бирок канчалык жардам бергенин айтпай эле коеюн. Азыр абадан коргонуу каражаттары жетишсиз болуп турат, АКШдан Patriot системаларын көбүрөөк ала албай жатабыз. Мен бул жагдайды чындап түшүнө албай келем", — деген Зеленский.
Россия Украинаны курал-жарак жана ок-дары менен камсыздоо кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин чырга аралаштырып жатканын эскертип келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал жүктөлгөн автотранспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын билдирген. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип жана Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө аскер кадрларын даярдап берип жаңжалга түз кийлигишип жатат. Кремль Украинаны курал-жаракка шыкоонун кесепети оор болорун айткан.