https://sputnik.kg/20250117/1091475506.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 2021-жылы май айындагы кыргыз-тажик чек ара чырында эмне үчүн... 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T13:00+0600
2025-01-17T13:00+0600
2025-01-17T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091475374_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_49c70349f5b12d0b19d60f81e69dc6f4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 2021-жылы май айындагы кыргыз-тажик чек ара чырында эмне үчүн жоготуулар көп болгонун айтты. Ал белгилегендей, чек арада жаңжал чыкканда мамлекетте бир дагы аскер машинасы болгон эмес. "Биздин аскерлер 40-50 жыл мурда чыгарылган автомат, тапанча менен гана чыккан. Ал тургай бронежилет жок эле. Ошол себептен жоготуулар көп болгон. Чек араны эски УАЗ, портерлер менен кайтарышчу.Айлыктары 15-20 миң эле. Айтор, мамлекет улуттук коопсуздукту камсыз кыла алган эмес. Чыр-чатак учурунда бизде бир эле сооттолгон автоунаа бар болчу. Аны да качандыр бир кезде кримтөбөл Эркин Мамбеталиев белек кылыптыр. Жаңжалда ошол жападан жалгыз машина менен ок-дары ташып, көз жумган, жарадар болгон аскерлерди алып кетип жаттык", — деди Ташиев.Ошондой эле ал учурда кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп, Чек ара кызматында Дубайдан, Россиядан атайын буйрутма менен даярдалган жүздөгөн жаңы сооттолгон автоунаа алынып, ал эми кампалар аскердик техника, курал-жарак, ок-дарыга толтурулганын белгиледи."Мындан сырткары, бизде "Байрактар", "Аксүнгүр", "Акынжы" сыяктуу заманбап пилотсуз башкарылган учактар бар. Борбор Азия боюнча булар азыр бизде гана", — деди УКМК төрагасы.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менчигинин түрүнө карабай өлкөдөгү бала бакчанын баарына видеокамера орнотууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Эскерте кетсек, ушу тапта министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдагы жыйынтыгы боюнча кеңешме өтүп жатат. Камера орнотуу чечими бала бакчалардагы коопсуздук чараларын күчөтүү, тарбиячылар менен ата-энелердин ортосундагы ишенимди арттыруу жана тартипти камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин видеокамера аркылуу көзөмөлдө маселеси Сузактагы бала бакчада тарбиячылардын балдарды урганы аныкталгандан кийин көтөрүлгөн. Буга чейин билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын, ал ИИМдин "Коопсуз шаар" системасына туташарын билдирген.Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болгон.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп актерлор Сильвестр Сталлоне, Мел Гибсон жана Анжелина Жолинин атасы Жон Войтту Голливудга атайын өкүл кылып дайындап, аны кеңейтип, жакшыртып жана күчтөөгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Маалыматта үч актер тең эки жынысты гана тааныган консерватор экени айтылат.Ал арада Россиянын Федерация кеңешинин маалымат саясаты боюнча комиссиясынын жетекчиси Алексей Пушков Дональд Трампка Американын жаны болгон Голливуд үчүн күрөш кыйла катаал жана түйшүктүү болорун белгилеген.Эскерте кетсек, Трамптын демократиялык Голливуд менен мамилеси жакшы эмес, нон-грата персона деп жарыяланган. Актерлордун көбү ага сын айтып, нааразы болуп келишкен.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 2021-жылы май айындагы кыргыз-тажик чек ара чырында эмне үчүн жоготуулар көп болгонун айтты. Ал белгилегендей, чек арада жаңжал чыкканда мамлекетте бир дагы аскер машинасы болгон эмес. "Биздин аскерлер 40-50 жыл мурда чыгарылган автомат, тапанча менен гана чыккан. Ал тургай бронежилет жок эле. Ошол себептен жоготуулар көп болгон. Чек араны эски УАЗ, портерлер менен кайтарышчу.Айлыктары 15-20 миң эле. Айтор, мамлекет улуттук коопсуздукту камсыз кыла алган эмес. Чыр-чатак учурунда бизде бир эле сооттолгон автоунаа бар болчу. Аны да качандыр бир кезде кримтөбөл Эркин Мамбеталиев белек кылыптыр. Жаңжалда ошол жападан жалгыз машина менен ок-дары ташып, көз жумган, жарадар болгон аскерлерди алып кетип жаттык", — деди Ташиев.Ошондой эле ал учурда кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп, Чек ара кызматында Дубайдан, Россиядан атайын буйрутма менен даярдалган жүздөгөн жаңы сооттолгон автоунаа алынып, ал эми кампалар аскердик техника, курал-жарак, ок-дарыга толтурулганын белгиледи."Мындан сырткары, бизде "Байрактар", "Аксүнгүр", "Акынжы" сыяктуу заманбап пилотсуз башкарылган учактар бар. Борбор Азия боюнча булар азыр бизде гана", — деди УКМК төрагасы.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менчигинин түрүнө карабай өлкөдөгү бала бакчанын баарына видеокамера орнотууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Эскерте кетсек, ушу тапта министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдагы жыйынтыгы боюнча кеңешме өтүп жатат. Камера орнотуу чечими бала бакчалардагы коопсуздук чараларын күчөтүү, тарбиячылар менен ата-энелердин ортосундагы ишенимди арттыруу жана тартипти камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин видеокамера аркылуу көзөмөлдө маселеси Сузактагы бала бакчада тарбиячылардын балдарды урганы аныкталгандан кийин көтөрүлгөн. Буга чейин билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын, ал ИИМдин "Коопсуз шаар" системасына туташарын билдирген.Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болгон.АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп актерлор Сильвестр Сталлоне, Мел Гибсон жана Анжелина Жолинин атасы Жон Войтту Голливудга атайын өкүл кылып дайындап, аны кеңейтип, жакшыртып жана күчтөөгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Маалыматта үч актер тең эки жынысты гана тааныган консерватор экени айтылат.Ал арада Россиянын Федерация кеңешинин маалымат саясаты боюнча комиссиясынын жетекчиси Алексей Пушков Дональд Трампка Американын жаны болгон Голливуд үчүн күрөш кыйла катаал жана түйшүктүү болорун белгилеген.Эскерте кетсек, Трамптын демократиялык Голливуд менен мамилеси жакшы эмес, нон-грата персона деп жарыяланган. Актерлордун көбү ага сын айтып, нааразы болуп келишкен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091475374_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f2c5c9cdba40f9736da3cb9700ed0a8a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио