https://sputnik.kg/20250117/1091479347.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Нарын облусундагы Көл-Суу көлүнө автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынды... 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T15:00+0600
2025-01-17T15:00+0600
2025-01-17T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091479215_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c2c86914be5bf399c10e458e6fc38e63.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Нарын облусундагы Көл-Суу көлүнө автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынды. Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, уникалдуу жаратылышка зыян келтирбөө үчүн чаралар көрүлүүдө. Буга чейин социалдык тармактарда муз үстүндө жарышып бара жаткан жолтандабастар тартылган видео пайда болгон. Экологиялык активисттер эс алуунун мындай түрүн сынга алышкан.Эми Көл-Сууга атайын уруксат менен же туристтик топтордун курамында гана барууга болот. Министрликтин кызматкерлери көлгө жакын жайгашкан конок үйүнүн ээси менен экологиялык жана техникалык эреже бузууларга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.Маалым болгондой, муздан дөңгөлөктүн жана мотор майынын изи табылган эмес, бирок Ат-Башы РИИБи тарабынан иликтөө иштери башталды.
Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен алаканы жакшыртууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Аддис-Абеба шаарында Кения, Ботсвана, Либерия, Мали, Гвинея, Ливия, Мадагаскар, Гвинея-Бисау, Сомали, Эсватини жана башка аймактагы мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда Исаев Кыргызстан бул аймак менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди. "Тараптар эл аралык актуалдуу маселелерди, эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жолдорун жана Кыргызстандын эл аралык уюмдар менен, анын ичинде БУУнун тандап алынуучу органдары менен иштешүү демилгелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Исаев Аддис-Абеба шаарындагы Африка Биримдигинин штаб-квартирасында уюмдун өнөктөштүк жана ресурстарды мобилизациялоо департаментинин башчысы Стив Патрик Лаленде менен жолукту. Анда тараптар жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу жана Кыргызстандын Африка Биримдигинде байкоочу мамлекет статусуна ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканы белгиленди.
Бишкектеги ышты жоюу үчүн унаалардын катализаторлору жапырт алмаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Таалайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, мэрия кытайлык Циндао институту менен меморандумга кол койгон. Анын алкагында шаардагы көмүр менен иштеген отканалар Циндаодо жасалган отканаларга алмаштырылып, унааларга катализаторлорду алып келүү каралып жатканы айтылды. Циндаодо жасалган отканалар деле көмүр менен иштейт, бирок көмүр толугу менен калдыксыз күйүп кетет, чыпкалоочу фильтрлер дагы бар. Ал эми катализаторлор унаанын моторунун көлөмүнө карата 4,8 миң сомдон 6,9 миң сомго чейин болору айтылды.
Украинанын "Түрк агымына" чабуулу Евробиримдикти америкалык суюлтулган кымбат газга отургузуу үчүн АКШ жана Британиянын ишараты менен болгон деп эсептөөгө Москванын бардык негиздери бар. Бул туурасында РФтин БУУдагы өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды."Түрк агымы" газ куурунун инфраструктурасына чабуул Вашингтон жана Лондондун ишараты менен Евробиримдикти АКШнын баасы кымбат суюлтулган жаратылыш газына отургузуу үчүн коюлган деп эсептөөгө бизде толук негиздер бар", — деди Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча отурумунда. Небензя "Түндүк агымдарга" жасалган терактыны объективдүү эл аралык деңгээлде изилдөөнү баштоого дал АКШ менен Улуу Британия тоскоолдук кылып келе жатканын кошумчалады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Нарын облусундагы Көл-Суу көлүнө автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынды. Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, уникалдуу жаратылышка зыян келтирбөө үчүн чаралар көрүлүүдө. Буга чейин социалдык тармактарда муз үстүндө жарышып бара жаткан жолтандабастар тартылган видео пайда болгон. Экологиялык активисттер эс алуунун мындай түрүн сынга алышкан.Эми Көл-Сууга атайын уруксат менен же туристтик топтордун курамында гана барууга болот. Министрликтин кызматкерлери көлгө жакын жайгашкан конок үйүнүн ээси менен экологиялык жана техникалык эреже бузууларга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.Маалым болгондой, муздан дөңгөлөктүн жана мотор майынын изи табылган эмес, бирок Ат-Башы РИИБи тарабынан иликтөө иштери башталды.Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен алаканы жакшыртууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Аддис-Абеба шаарында Кения, Ботсвана, Либерия, Мали, Гвинея, Ливия, Мадагаскар, Гвинея-Бисау, Сомали, Эсватини жана башка аймактагы мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда Исаев Кыргызстан бул аймак менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди. "Тараптар эл аралык актуалдуу маселелерди, эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жолдорун жана Кыргызстандын эл аралык уюмдар менен, анын ичинде БУУнун тандап алынуучу органдары менен иштешүү демилгелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Исаев Аддис-Абеба шаарындагы Африка Биримдигинин штаб-квартирасында уюмдун өнөктөштүк жана ресурстарды мобилизациялоо департаментинин башчысы Стив Патрик Лаленде менен жолукту. Анда тараптар жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу жана Кыргызстандын Африка Биримдигинде байкоочу мамлекет статусуна ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканы белгиленди.Бишкектеги ышты жоюу үчүн унаалардын катализаторлору жапырт алмаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Таалайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, мэрия кытайлык Циндао институту менен меморандумга кол койгон. Анын алкагында шаардагы көмүр менен иштеген отканалар Циндаодо жасалган отканаларга алмаштырылып, унааларга катализаторлорду алып келүү каралып жатканы айтылды. Циндаодо жасалган отканалар деле көмүр менен иштейт, бирок көмүр толугу менен калдыксыз күйүп кетет, чыпкалоочу фильтрлер дагы бар. Ал эми катализаторлор унаанын моторунун көлөмүнө карата 4,8 миң сомдон 6,9 миң сомго чейин болору айтылды. Украинанын "Түрк агымына" чабуулу Евробиримдикти америкалык суюлтулган кымбат газга отургузуу үчүн АКШ жана Британиянын ишараты менен болгон деп эсептөөгө Москванын бардык негиздери бар. Бул туурасында РФтин БУУдагы өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды."Түрк агымы" газ куурунун инфраструктурасына чабуул Вашингтон жана Лондондун ишараты менен Евробиримдикти АКШнын баасы кымбат суюлтулган жаратылыш газына отургузуу үчүн коюлган деп эсептөөгө бизде толук негиздер бар", — деди Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча отурумунда. Небензя "Түндүк агымдарга" жасалган терактыны объективдүү эл аралык деңгээлде изилдөөнү баштоого дал АКШ менен Улуу Британия тоскоолдук кылып келе жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091479215_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b9797cb6d760cc3e496060b69ccf0f82.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио