00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Республикадагы жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө кыргыз тили сабагынан жазуу жана оозеки сынактары киргизилерин Билим берүү министрлиги билдирди.Мектептин менчик түрүнө жана окутуу тилине карабастан 2024-2025-окуу жылында 5-6-класстын окуучулары, 2025-2026-жылдан тарта 7-8 жана 10-класстын окуучулары ушундай көчүрмө экзамендерди тапшырат.Сынактарды Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштурмакчы.
"Бишкек жылуулук тармагы" декабрда жылытуу жана ысык суу үчүн төлөмдөр ноябрга салыштырмалуу жогору болгонунун себебин түшүндүрдү.Ишкана жылуулук кыш мезгилиндеги беш айга абанын табына жараша бөлүнөрүн билдирди. Төлөмдү эсептөөдө Кыргызгидрометтин маалыматтары колдонулат. Мисалы, күн жылуу болсо азыраак, суук болсо көбүрөөк жылуулук берилет. Ушуга байланыштуу ноябрга салыштырмалуу декабрь үчүн төлөм көбүрөөк чыккан.Мындан тышкары, мекеме 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып жылуулук үчүн тарифтер жогорулаганын эске салды. Маселен, батиринин аянты 80 чарчы метрден ашпагандар жылуулуктун бир гигакалориясы үчүн чарчы метрине 1 560 сомдон төлөйт. Эгер батир мындан чоң болсо чектен ашкан ар бир чарчы метр үчүн жылуулуктун гигакалориясы 5998 сомдон болот.
2025-жылы Кыргызстанга Россиянын экспорттук борборунун көп тармактуу бизнес-миссиясы келет. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов билдирди.Анын айтымында, иш-чара июнда болот."Россиялык продукциянын даамын татып көрүү үчүн атайын фуд-шоу уюштурулат. Мындан тышкары, Кыргызстандагы ири соода түйүндөрүнүн жана ишканалардын өкүлдөрү чакырылат. Кыргызстандагы ишканаларды активдүү катышууга чакырам", — деп белгиледи Саманов.Ал быйылкы жыл Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык үчүн ийгиликтүү болот деген үмүтүн билдирди.
18-январдан 27-январга чейин Кыргызстанда "Блокадалык нан" эл аралык эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" билдирди.Акциянын негизги символу 125 граммдык бир кесим нан болмокчу. Анткени курчоодо калган Ленинграддын тургундарына берилген минималдуу норма ушунча болгон. Бул нан курчоого алынган шаардын тургундарынын трагедиясынын жана баатырдыгынын символу болуп калды.Иш-чара ленинграддыктардын блокададан аман калган эрдигин эске салууга багытталган. Акциянын алкагында ыктыярчылар Кыргызстандын шаарларындагы жана айылдарындагы мектептерде "Эрдик сабактарын" өткөрүп, согуштун оор күндөрүн айтып, хроникасынын кадрларын көрсөтүшөт.
Былтыркы жылдын 11 айында Россия менен Кыргызстандын товар алмашуусу 18 пайызга жеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат жыйынында өткөн брифингде КРдин РФтеги соода өкүлү Айнур Саманов билдирди. Ал россиялык экономикалык операторлор Кыргызстандын рыногуна улам көбүрөөк чыгып жатканын белгиледи."Экономикалык операторлор — Кыргызстандын аймагында тигил же бул долбоорлорду ишке ашырып жаткан мамлекеттик да, менчик да компаниялар. Бир нече жылдан бери катары менен россиялык рынокто кыргыз товарларынын экспорту өсүп келе жатат жана биздин өлкөнүн экспортунун үчтөн бир бөлүгү Россиянын рыногуна кетет. Эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашууну көбөйтүп, өткөн жылдагы рекорддон да ашабыз деп турабыз", — деди Саманов. Ал Россиянын линиясы менен 100дөн ашык ар кыл иш-чаралар өткөндүгүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0