https://sputnik.kg/20250117/1091486941.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Уюшкан кылмыштуу топтой (УКТ) кылып коррупцияны дагы жок кылабыз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал учурунда уюшкан кылмыштуу топ жок... 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T19:00+0600
2025-01-17T19:00+0600
2025-01-17T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091486809_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_563bf7d160ed486d927100993e2cd8bb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Уюшкан кылмыштуу топтой (УКТ) кылып коррупцияны дагы жок кылабыз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал учурунда уюшкан кылмыштуу топ жок кылынары айтылганда көптөр ишенбегенин белгиледи. Жетекчинин айтымында, Уюшкан кылмыштуу топтун мамлекеттикине окшогон системасы болуп, мыйзамдагы ууру "президент" болуп, аймактарда "смотрящийлер" жана "положенецтер" ишкерлерден жана башка жарандардан акча чогултуп иштешкен. "Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдагы ууруну жок кылуу чечимин кабыл алдым, ишке ашырдык. Андан кийин жакындары жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да жок кылынды. Бүгүнкү күндө өлкөбүз уюшкан кылмыштуулуктан арылды. Кыргызстан Борбор Азияда, балким, бүткүл постсоветтик мейкиндикте уюшкан кылмыштуулугу жок жалгыз мамлекеттир. Азыр ишкерлер эч кимге акча төлөбөйт, базарлар, соода борборлору мурдагыдай акча бербей калды", — деди Ташиев.
Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров мекендештерди Сирия менен Ирактан кайтарып келүү миссиясы тууралуу айтты.Сириянын аймагындагы жарандар жалпысынан 6 этап менен алып келинген. Жалпы 454 жаран келсе, анын 317син балдар, 117син аялдар түзөт. Анын айтымында, Сирия, Иракка барган жарандардын дээрлик өздүк тастыктоочу документи жок болгондуктан көп изилдөөлөр жүргүзүлгөн.Ал мекенине кыргызстандыктарды кайтарууда башка мамлекеттердин да тажрыйбалары эске алынганын кошумчалады.
Россиялык компаниялар Кыргызстандагы IT-тармакка кызыгып жатканын РФтин КРдеги соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди."Ошондуктан 2024-жылдын март айында соода өкүлчүлүгүндө санариптик атташенин жаңы штаттык бирдиги пайда болду. Ал санарип күн тартибиндеги маселелерди көзөмөлдөйт. Биз Кыргызстандын бизнес-түзүмдөрүнө жана мамлекетке санариптештирүү боюнча кандайдыр бир суроо-талап бар экенин түшүнсөк, анда өз кызматтарын көрсөтө алган россиялык компанияларды ошол жакка багыттайбыз", — деди Саманов. Анын айтымында, бүгүнкү күндө салттуу соода жүгүртүүгө гана эмес, тажрыйба, кызмат көрсөтүү, технологиялар менен алмашууга да өзгөчө көңүл бурулууда.
Евробиримдик антироссиялык санкциялардан улам атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготуп, бул блоктогу өлкөлөрдүн экономикасына кедергисин тийгизип жатат. Бул туурасында РИА Новостиге словак парламентинин вице-спикери Тибор Гашпар билдирген. Саясатчынын баамында, ЕБ антироссиялык санкцияларга жасаган мамилесин, чечимдерин ойлонуп көрүп, мындан ары аны улантуунун зарылдыгы бар же жоктугун аныкташы керек.Россия Батыш бир нече жыл мурда баштаган санкциялык кысымга өлкө туруштук бере ала тургандыгын көп жолу айткан. Москва санкциялардын ишке ашпай калганын Батыштын моюнга алууга эрки жетпей жаткандыгын да белгилеген.
Уюшкан кылмыштуу топтой (УКТ) кылып коррупцияны дагы жок кылабыз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал учурунда уюшкан кылмыштуу топ жок кылынары айтылганда көптөр ишенбегенин белгиледи. Жетекчинин айтымында, Уюшкан кылмыштуу топтун мамлекеттикине окшогон системасы болуп, мыйзамдагы ууру "президент" болуп, аймактарда "смотрящийлер" жана "положенецтер" ишкерлерден жана башка жарандардан акча чогултуп иштешкен. "Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдагы ууруну жок кылуу чечимин кабыл алдым, ишке ашырдык. Андан кийин жакындары жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да жок кылынды. Бүгүнкү күндө өлкөбүз уюшкан кылмыштуулуктан арылды. Кыргызстан Борбор Азияда, балким, бүткүл постсоветтик мейкиндикте уюшкан кылмыштуулугу жок жалгыз мамлекеттир. Азыр ишкерлер эч кимге акча төлөбөйт, базарлар, соода борборлору мурдагыдай акча бербей калды", — деди Ташиев. Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров мекендештерди Сирия менен Ирактан кайтарып келүү миссиясы тууралуу айтты.Сириянын аймагындагы жарандар жалпысынан 6 этап менен алып келинген. Жалпы 454 жаран келсе, анын 317син балдар, 117син аялдар түзөт. Анын айтымында, Сирия, Иракка барган жарандардын дээрлик өздүк тастыктоочу документи жок болгондуктан көп изилдөөлөр жүргүзүлгөн.Ал мекенине кыргызстандыктарды кайтарууда башка мамлекеттердин да тажрыйбалары эске алынганын кошумчалады.Россиялык компаниялар Кыргызстандагы IT-тармакка кызыгып жатканын РФтин КРдеги соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди."Ошондуктан 2024-жылдын март айында соода өкүлчүлүгүндө санариптик атташенин жаңы штаттык бирдиги пайда болду. Ал санарип күн тартибиндеги маселелерди көзөмөлдөйт. Биз Кыргызстандын бизнес-түзүмдөрүнө жана мамлекетке санариптештирүү боюнча кандайдыр бир суроо-талап бар экенин түшүнсөк, анда өз кызматтарын көрсөтө алган россиялык компанияларды ошол жакка багыттайбыз", — деди Саманов. Анын айтымында, бүгүнкү күндө салттуу соода жүгүртүүгө гана эмес, тажрыйба, кызмат көрсөтүү, технологиялар менен алмашууга да өзгөчө көңүл бурулууда.Евробиримдик антироссиялык санкциялардан улам атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготуп, бул блоктогу өлкөлөрдүн экономикасына кедергисин тийгизип жатат. Бул туурасында РИА Новостиге словак парламентинин вице-спикери Тибор Гашпар билдирген. Саясатчынын баамында, ЕБ антироссиялык санкцияларга жасаган мамилесин, чечимдерин ойлонуп көрүп, мындан ары аны улантуунун зарылдыгы бар же жоктугун аныкташы керек.Россия Батыш бир нече жыл мурда баштаган санкциялык кысымга өлкө туруштук бере ала тургандыгын көп жолу айткан. Москва санкциялардын ишке ашпай калганын Батыштын моюнга алууга эрки жетпей жаткандыгын да белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091486809_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f1ecceb022c5f66e09508ca2f965242e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио