https://sputnik.kg/20250117/bishkek-zhyluuluk-tarif-aba-yrayy-1091480975.html
Бишкек мэриясы жылуулук үчүн төлөмдөр эмнеге жогору болуп жатканын түшүндүрдү
Бишкек мэриясы жылуулук үчүн төлөмдөр эмнеге жогору болуп жатканын түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" декабрда жылытуу жана ысык суу үчүн төлөмдөр ноябрга салыштырмалуу жогору болгонунун себебин түшүндүрдү. 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T15:46+0600
2025-01-17T15:46+0600
2025-01-17T15:51+0600
кыргызстан
бишкек
жылуулук
тариф
төлөм
аба ырайы
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091481099_0:0:3091:1739_1920x0_80_0_0_cc689855508c4f7c3490126ecee228d0.jpg
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" декабрда жылытуу жана ысык суу үчүн төлөмдөр ноябрга салыштырмалуу жогору болгонунун себебин түшүндүрдү.Ишкана жылуулук кыш мезгилиндеги беш айга абанын табына жараша бөлүнөрүн билдирди. Төлөмдү эсептөөдө Кыргызгидрометтин маалыматтары колдонулат. Мисалы, күн жылуу болсо азыраак, суук болсо көбүрөөк жылуулук берилет. Ушуга байланыштуу ноябрга салыштырмалуу декабрь үчүн төлөм көбүрөөк чыккан.Мындан тышкары, мекеме 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып жылуулук үчүн тарифтер жогорулаганын эске салды. Маселен, батиринин аянты 80 чарчы метрден ашпагандар жылуулуктун бир гигакалориясы үчүн чарчы метрине 1 560 сомдон төлөйт. Эгер батир мындан чоң болсо чектен ашкан ар бир чарчы метр үчүн жылуулуктун гигакалориясы 5998,17 сомдон болот."Бишкек жылуулук тармагы" абоненттерди бардык суроолор боюнча ишкананын байланыш борборуна кайрылууну сунуштайт.Абоненттерди колдоо борбору:
https://sputnik.kg/20250115/kyrgyzstan-deputat-bishkek-munitsipalitet-1091419385.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091481099_109:0:2838:2047_1920x0_80_0_0_aabc74623501ed0d3c044c13eb6b2def.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, жылуулук, тариф, төлөм, аба ырайы
кыргызстан, бишкек, жылуулук, тариф, төлөм, аба ырайы
Бишкек мэриясы жылуулук үчүн төлөмдөр эмнеге жогору болуп жатканын түшүндүрдү
15:46 17.01.2025 (Жаңыртылды: 15:51 17.01.2025) БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" декабрда жылытуу жана ысык суу үчүн төлөмдөр ноябрга салыштырмалуу жогору болгонунун себебин түшүндүрдү.
Ишкана жылуулук кыш мезгилиндеги беш айга абанын табына жараша бөлүнөрүн билдирди. Төлөмдү эсептөөдө Кыргызгидрометтин маалыматтары колдонулат. Мисалы, күн жылуу болсо азыраак, суук болсо көбүрөөк жылуулук берилет. Ушуга байланыштуу ноябрга салыштырмалуу декабрь үчүн төлөм көбүрөөк чыккан.
Мындан тышкары, мекеме 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып жылуулук үчүн тарифтер жогорулаганын эске салды. Маселен, батиринин аянты 80 чарчы метрден ашпагандар жылуулуктун бир гигакалориясы үчүн чарчы метрине 1 560 сомдон төлөйт. Эгер батир мындан чоң болсо чектен ашкан ар бир чарчы метр үчүн жылуулуктун гигакалориясы 5998,17 сомдон болот.
"Бишкек жылуулук тармагы" абоненттерди бардык суроолор боюнча ишкананын байланыш борборуна кайрылууну сунуштайт.
Абоненттерди колдоо борбору:
1980 (колл-борбор), (0312) 61-11-69, (0557) 61-11-66, o (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66.