https://sputnik.kg/20250117/kamchybek-tashiyev-ukmk-koopsuzduk-1091468791.html
Ташиев кыргыз-тажик чек ара чырында жоготуулар эмнеге көп болгонун түшүндүрдү
Ташиев кыргыз-тажик чек ара чырында жоготуулар эмнеге көп болгонун түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 2021-жылы май айындагы кыргыз-тажик... 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T10:51+0600
2025-01-17T10:51+0600
2025-01-17T10:56+0600
кыргызстан
камчыбек ташиев
укмк
коопсуздук
кыргыз-тажик чек арасы
https://sputnik.kg/img/07e6/09/15/1068146826_0:0:3417:1923_1920x0_80_0_0_92c9efc3adc2829de85cf09cd4838148.jpg
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 2021-жылы май айындагы кыргыз-тажик чек ара чырында эмне үчүн жоготуулар көп болгонун айтты.Ал белгилегендей, чек арада жаңжал чыкканда мамлекетте бир дагы аскер машинасы болгон эмес.Ошондой эле ал учурда кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп, Чек ара кызматында Дубайдан, Россиядан атайын буйрутма менен даярдалган жүздөгөн жаңы сооттолгон автоунаа алынып, ал эми кампалар аскердик техника, курал-жарак, ок-дарыга толтурулганын белгиледи."Мындан сырткары, бизде "Байрактар", "Аксүнгүр", "Акынжы" сыяктуу заманбап пилотсуз башкарылган учактар бар. Борбор Азия боюнча булар азыр бизде гана", — деди УКМК төрагасы.
https://sputnik.kg/20250117/kamchybek-tashiyev-ukmk-ukt-1091466776.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/15/1068146826_0:0:2663:1997_1920x0_80_0_0_182bbcda6a83ea904a5fe5dd5cccb27c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, камчыбек ташиев, укмк, коопсуздук, кыргыз-тажик чек арасы
кыргызстан, камчыбек ташиев, укмк, коопсуздук, кыргыз-тажик чек арасы
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен
жолугушуу учурунда 2021-жылы май айындагы кыргыз-тажик чек ара чырында эмне үчүн жоготуулар көп болгонун айтты.
Ал белгилегендей, чек арада жаңжал чыкканда мамлекетте бир дагы аскер машинасы болгон эмес.
"Биздин аскерлер 40-50 жыл мурда чыгарылган автомат, тапанча менен гана чыккан. Ал тургай бронежилет жок эле. Ошол себептен жоготуулар көп болгон. Чек араны эски УАЗ, портерлер менен кайтарышчу. Айлыктары 15-20 миң эле. Айтор, мамлекет улуттук коопсуздукту камсыз кыла алган эмес. Чыр-чатак учурунда бизде бир эле сооттолгон автоунаа бар болчу. Аны да качандыр бир кезде кримтөбөл Эркин Мамбеталиев белек кылыптыр. Жаңжалда ошол жападан жалгыз машина менен ок-дары ташып, көз жумган, жарадар болгон аскерлерди алып кетип жаттык", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал учурда кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп, Чек ара кызматында Дубайдан, Россиядан атайын буйрутма менен даярдалган жүздөгөн жаңы сооттолгон автоунаа алынып, ал эми кампалар аскердик техника, курал-жарак, ок-дарыга толтурулганын белгиледи.
"Мындан сырткары, бизде "Байрактар", "Аксүнгүр", "Акынжы" сыяктуу заманбап пилотсуз башкарылган учактар бар. Борбор Азия боюнча булар азыр бизде гана", — деди УКМК төрагасы.