https://sputnik.kg/20250117/rossiya-menen-irandyn-kelishimi-1091490433.html
Путин Иран менен түзүлгөн келишимдин маңызы жана келечеги тууралуу айтты
Путин Иран менен түзүлгөн келишимдин маңызы жана келечеги тууралуу айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бүгүн Кремлде Россия менен Ирандын өлкө башчылары Владимир Путин жана Масуд Пезешкиан кол койгон стратегиялык өнөктөштүк тууралуу... 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T22:11+0600
2025-01-17T22:11+0600
2025-01-19T10:14+0600
дүйнөдө
россия
иран
владимир путин
масуд пезешкиан
сүйлөшүүлөр
келишим
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07e9/01/12/1091505556_0:139:3394:2048_1920x0_80_0_0_411d02697aaf3256e9040c20ed817865.jpg
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бүгүн Кремлде Россия менен Ирандын өлкө башчылары Владимир Путин жана Масуд Пезешкиан кол койгон стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим аскердик кызматташуу, соода-сатык, нефть жана газ, биргелешкен аскердик машыгуулар, коомдук тартипти сактоо сыяктуу бир топ аспектини камтыйт.Жолушуунун жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында РФ лидери аталган келишим ишенимге, сый-урматка негизделген мамиле үчүн чоң база болуп берерин белгиледи.Путин токтолгон маселелер:Өз кезегинде Иран президенти Пезешкиан түзүлгөн келишим көп полюстуу дүйнөгө ыктаган импульс жана чоң стимул болорун белгилеген.Мындан тышкары, келишимде эгер эки өлкөнүн бири кол салууга дуушар болсо, экинчиси агрессия көрсөтүп жаткан тарапка жардам бербей турганы белгиленген. Муну менен катар мамлекеттер биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп, эл аралык коопсуздукту камсыздоо, курал-жаракты көзөмөлдөө жана куралсыздандыруу боюнча чогуу иш алып бара турганы айтылды. Тегеран менен Москва үчүнчү өлкөлөрдөн көз каранды болбогон төлөм инфраструктурасын түзүүнү да макулдашышты.
https://sputnik.kg/20250104/iran-ozoktuk-programma-1091241623.html
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/12/1091505556_338:0:3069:2048_1920x0_80_0_0_a92173c1496c0e594e048c7ea1dd1ae2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, иран, владимир путин, масуд пезешкиан, сүйлөшүүлөр, келишим, кызматташуу
дүйнөдө, россия, иран, владимир путин, масуд пезешкиан, сүйлөшүүлөр, келишим, кызматташуу
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бүгүн Кремлде Россия менен Ирандын өлкө башчылары Владимир Путин жана Масуд Пезешкиан кол койгон стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим аскердик кызматташуу, соода-сатык, нефть жана газ, биргелешкен аскердик машыгуулар, коомдук тартипти сактоо сыяктуу бир топ аспектини камтыйт.
Жолушуунун жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында РФ лидери аталган келишим ишенимге, сый-урматка негизделген мамиле үчүн чоң база болуп берерин
белгиледи.
"Бул — биздин приориттерибиз, ошолорду сактоо тууралуу келишим. Документ Иран менен Россия элдеринин кызыкчылыгына жооп берген эки тараптуу алаканы бекемдөөгө жол ачат. Кандай гана тоскоолдук жаралбасын, биз алардан биргелешип өтүп, алдыга жыла беребиз", — деди президент.
Путин токтолгон маселелер:
эл аралык укук нормаларын жеке кызыкчылыкка пайдаланбастан БУУнун Уставына таянуу менен Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмактуулугун
сактоого болот;
Россия менен Ирандын өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жолтоо болгон кыйынчылыктардан өтүүгө
кудурети жетет;
Россия менен Иран нефть тармагындагы кызматташууну
талкуулап жатат;
эгер газ түтүгү боюнча долбоор ишке аша турган болсо, Иранга жылына 55 миллиард куб метр газ
жөнөтүүгө мүмкүн болот;
Өз кезегинде Иран президенти Пезешкиан түзүлгөн келишим көп полюстуу дүйнөгө ыктаган импульс жана чоң стимул болорун белгилеген.
Мындан тышкары, келишимде эгер эки өлкөнүн бири кол салууга дуушар болсо, экинчиси агрессия көрсөтүп жаткан тарапка жардам бербей турганы белгиленген. Муну менен катар мамлекеттер биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп, эл аралык коопсуздукту камсыздоо, курал-жаракты көзөмөлдөө жана куралсыздандыруу боюнча чогуу иш алып бара турганы айтылды. Тегеран менен Москва үчүнчү өлкөлөрдөн көз каранды болбогон төлөм инфраструктурасын түзүүнү да макулдашышты.