https://sputnik.kg/20250117/turk-agymyna-chabuul-akshnyn-isharaty-menen-bolgonun-aytyshty-1091470526.html
Небензя: "Түрк агымына" чабуул АКШнын ишараты менен болгон
Небензя: "Түрк агымына" чабуул АКШнын ишараты менен болгон
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Украинанын "Түрк агымына" чабуулу Евробиримдикти америкалык суюлтулган кымбат газга отургузуу үчүн АКШ жана Британиянын ишараты... 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T11:30+0600
2025-01-17T11:30+0600
2025-01-17T11:30+0600
дүйнөдө
россия
акш
улуу британия
василий небензя
газ
түрк агымы
чабуул
шыкак
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091470359_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_0e467f864175727bb9efce3bc3744ed7.jpg
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Украинанын "Түрк агымына" чабуулу Евробиримдикти америкалык суюлтулган кымбат газга отургузуу үчүн АКШ жана Британиянын ишараты менен болгон деп эсептөөгө Москванын бардык негиздери бар. Бул туурасында РФтин БУУдагы өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.Небензя "Түндүк агымдарга" жасалган терактыны объективдүү эл аралык деңгээлде изилдөөнү баштоого дал АКШ менен Улуу Британия тоскоолдук кылып келе жатканын кошумчалады.Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги Киев бийлиги 11-январда пилотсуз тогуз учакты пайдаланып Краснодар аймагында Анапага жакын "Түрк агымынын" компрессордук станциясына чабуул коюуга аракет кылганын билдирген. Бул европалык өлкөлөргө газ берүүнү үзгүлтүккө учуратуу максатында жасалганын жана дрондордун бардыгы атып түшүрүлгөндүгүн кабарлашты. Станция көгүлтүр отту "Түрк агымына" токтоосуз берип жатканын жана эч кандай үзгүлтүк болбогонун кошумчалашкан.РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров АКШ Украинага "Түндүк агымдан" кийин эми "Түрк агымын" иштен чыгарууга шыкакчы болуп жатканын айткан.Россиянын Коргоо министрлиги жогорудагы кадамга жооп катары Украинанын газ инфраструктурасына тобу менен сокку урулганын билдирди. Алардын ичинен Львов облусундагы Стрый шаарындагы сакталган газ кампасынын инфраструктурасына зыян келген."Түрк агымы" — эки тармактан турган экспорттук түтүк. Алардын бири Россиядан Кара деңиз аркылуу Түркияга, экинчиси Европанын Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Европага берилет. Анын долбоорлук кубаттуулугу жылына 31,5 миллиард кубга жетет.Газ кууру пайдаланууга 2022-жылы январда берилген. "Түндүк агымдардагы" жардыруудан кийин ал россиялык газды европалык рынокко үзгүлтүксүз берген бирден-бир маршрут болуп калды.
https://sputnik.kg/20250112/kanclerge-talapker-vajdel-tunduk-agym-ubada-1091367557.html
акш
улуу британия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091470359_319:0:3050:2048_1920x0_80_0_0_170d36b3aaf0c3a8ba3e762317e1aab4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, улуу британия, василий небензя, газ, түрк агымы, чабуул, шыкак
дүйнөдө, россия, акш, улуу британия, василий небензя, газ, түрк агымы, чабуул, шыкак
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Украинанын "Түрк агымына" чабуулу Евробиримдикти америкалык суюлтулган кымбат газга отургузуу үчүн АКШ жана Британиянын ишараты менен болгон деп эсептөөгө Москванын бардык негиздери бар. Бул туурасында РФтин БУУдагы өкүлү Василий Небензя айтканын
РИА Новости жазды.
"Түрк агымы" газ куурунун инфраструктурасына чабуул Вашингтон жана Лондондун ишараты менен Евробиримдикти АКШнын баасы кымбат суюлтулган жаратылыш газына отургузуу үчүн коюлган деп эсептөөгө бизде толук негиздер бар", — деди Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча отурумунда.
Небензя "Түндүк агымдарга" жасалган терактыны объективдүү эл аралык деңгээлде изилдөөнү баштоого дал АКШ менен Улуу Британия тоскоолдук кылып келе жатканын кошумчалады.
Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги Киев бийлиги 11-январда пилотсуз тогуз учакты пайдаланып Краснодар аймагында Анапага жакын "Түрк агымынын" компрессордук станциясына чабуул коюуга аракет кылганын билдирген. Бул европалык өлкөлөргө газ берүүнү үзгүлтүккө учуратуу максатында жасалганын жана дрондордун бардыгы атып түшүрүлгөндүгүн кабарлашты. Станция көгүлтүр отту "Түрк агымына" токтоосуз берип жатканын жана эч кандай үзгүлтүк болбогонун кошумчалашкан.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров АКШ Украинага "Түндүк агымдан" кийин эми "Түрк агымын" иштен чыгарууга
шыкакчы болуп жатканын айткан.
Россиянын Коргоо министрлиги жогорудагы кадамга жооп катары Украинанын газ инфраструктурасына тобу менен сокку урулганын билдирди. Алардын ичинен Львов облусундагы Стрый шаарындагы сакталган газ кампасынын инфраструктурасына зыян келген.
"Түрк агымы" — эки тармактан турган экспорттук түтүк. Алардын бири Россиядан Кара деңиз аркылуу Түркияга, экинчиси Европанын Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Европага берилет. Анын долбоорлук кубаттуулугу жылына 31,5 миллиард кубга жетет.
Газ кууру пайдаланууга 2022-жылы январда берилген. "Түндүк агымдардагы" жардыруудан кийин ал россиялык газды европалык рынокко үзгүлтүксүз берген бирден-бир маршрут болуп калды.