https://sputnik.kg/20250117/yeb-sanktsiyalardan-ulam-ataandashtykka-zhondomduulugun-zhogottu-1091485360.html
Словакияда ЕБ санкциялардан улам атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготконун айтышты
Словакияда ЕБ санкциялардан улам атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготконун айтышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Евробиримдик антироссиялык санкциялардан улам атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготуп, бул блоктогу өлкөлөрдүн экономикасына кедергисин... 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T18:04+0600
2025-01-17T18:04+0600
2025-01-17T18:04+0600
дүйнөдө
россия
евробиримдик
словакия
антироссиялык санкция
токтотуу
парламент
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091485187_0:37:2814:1620_1920x0_80_0_0_dd1de199fadcc07ffa2ee6c9f5f6e084.jpg
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Евробиримдик антироссиялык санкциялардан улам атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготуп, бул блоктогу өлкөлөрдүн экономикасына кедергисин тийгизип жатат. Бул туурасында РИА Новостиге словак парламентинин вице-спикери Тибор Гашпар билдирген.Саясатчынын баамында, ЕБ антироссиялык санкцияларга жасаган мамилесин, чечимдерин ойлонуп көрүп, мындан ары аны улантуунун зарылдыгы бар же жоктугун аныкташы керек."Биз Словакия катары ЕБде башкалар да буга маани берип, өзүбүз отурган бутакты таарыганды улантпаш үчүн бир катар чечимдерди кайрадан карап, ага баа берүүнү каалайбыз", — деп белгиледи Гашпар.Россия Батыш бир нече жыл мурда баштаган санкциялык кысымга өлкө туруштук бере ала тургандыгын көп жолу айткан. Москва санкциялардын ишке ашпай калганын Батыштын моюнга алууга эрки жетпей жаткандыгын да белгилеген. Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө Россияга каршы санкциялар натыйжасыз деген пикирлер бир нече жолу айтылып келген.
https://sputnik.kg/20250113/germaniyada-rossiyaga-karata-sanktsiyalardy-toktotuu-maselesi-aytyluuda-1091375605.html
словакия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091485187_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_048114eda514b0df4221cfe9549b9426.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, евробиримдик, словакия, антироссиялык санкция, токтотуу, парламент
дүйнөдө, россия, евробиримдик, словакия, антироссиялык санкция, токтотуу, парламент
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Евробиримдик антироссиялык санкциялардан улам атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготуп, бул блоктогу өлкөлөрдүн экономикасына кедергисин тийгизип жатат. Бул туурасында
РИА Новостиге словак парламентинин вице-спикери Тибор Гашпар билдирген.
"Евробиримдик Россияга каршы киргизген санкциялар жана пакеттер (он алтынчысын кошкондо), менимче, ЕБге мүчө мамлекеттердин экономикасына зыянын тийгизип жатат. Экономикалык жактан алып караганда Европа биримдиги атаандаштыкка жөндөмдүү болбой калды. Ал эми силер айткан энергия, ресурстар — газ же мунай маанилүү товарлардан. Алар сенин арзан же кымбат өндүрөрүңдү аныктайт", — деген Гашпар.
Саясатчынын баамында, ЕБ антироссиялык санкцияларга жасаган мамилесин, чечимдерин ойлонуп көрүп, мындан ары аны улантуунун зарылдыгы бар же жоктугун аныкташы керек.
"Биз Словакия катары ЕБде башкалар да буга маани берип, өзүбүз отурган бутакты таарыганды улантпаш үчүн бир катар чечимдерди кайрадан карап, ага баа берүүнү каалайбыз", — деп белгиледи Гашпар.
Россия Батыш бир нече жыл мурда баштаган санкциялык кысымга өлкө туруштук бере ала тургандыгын көп жолу айткан. Москва санкциялардын ишке ашпай калганын Батыштын моюнга алууга эрки жетпей жаткандыгын да белгилеген. Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө Россияга каршы санкциялар натыйжасыз деген пикирлер бир нече жолу айтылып келген.