https://sputnik.kg/20250118/1091491448.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менчигинин түрүнө карабай өлкөдөгү бала бакчанын баарына видеокамера орнотууну тапшырганын өкмөттүн маалымат... 18.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-18T08:59+0600
2025-01-18T08:59+0600
2025-01-18T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/12/1091491316_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_579d8322dda7affc41269ab1178630c1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менчигинин түрүнө карабай өлкөдөгү бала бакчанын баарына видеокамера орнотууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, ушу тапта министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдагы жыйынтыгы боюнча кеңешме өтүп жатат. Камера орнотуу чечими бала бакчалардагы коопсуздук чараларын күчөтүү, тарбиячылар менен ата-энелердин ортосундагы ишенимди арттыруу жана тартипти камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин видеокамера аркылуу көзөмөлдө маселеси Сузактагы бала бакчада тарбиячылардын балдарды урганы аныкталгандан кийин көтөрүлгөн. Буга чейин билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын, ал ИИМдин "Коопсуз шаар" системасына туташарын билдирген.Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болгон.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Нарын облусундагы Көл-Суу көлүнө автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынды. Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, уникалдуу жаратылышка зыян келтирбөө үчүн чаралар көрүлүүдө. Буга чейин социалдык тармактарда муз үстүндө жарышып бара жаткан жолтандабастар тартылган видео пайда болгон. Экологиялык активисттер эс алуунун мындай түрүн сынга алышкан.Эми Көл-Сууга атайын уруксат менен же туристтик топтордун курамында гана барууга болот. Министрликтин кызматкерлери көлгө жакын жайгашкан конок үйүнүн ээси менен экологиялык жана техникалык эреже бузууларга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Маалым болгондой, муздан дөңгөлөктүн жана мотор майынын изи табылган эмес, бирок Ат-Башы РИИБи тарабынан иликтөө иштери башталды.
Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен алаканы жакшыртууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Аддис-Абеба шаарында Кения, Ботсвана, Либерия, Мали, Гвинея, Ливия, Мадагаскар, Гвинея-Бисау, Сомали, Эсватини жана башка аймактагы мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда Исаев Кыргызстан бул аймак менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди. "Тараптар эл аралык актуалдуу маселелерди, эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жолдорун жана Кыргызстандын эл аралык уюмдар менен, анын ичинде БУУнун тандап алынуучу органдары менен иштешүү демилгелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Исаев Аддис-Абеба шаарындагы Африка Биримдигинин штаб-квартирасында уюмдун өнөктөштүк жана ресурстарды мобилизациялоо департаментинин башчысы Стив Патрик Лаленде менен жолукту. Анда тараптар жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу жана Кыргызстандын Африка Биримдигинде байкоочу мамлекет статусуна ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканы белгиленди.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп актерлор Сильвестр Сталлоне, Мел Гибсон жана Анжелина Жолинин атасы Жон Войтту Голливудга атайын өкүл кылып дайындап, аны кеңейтип, жакшыртып жана күчтөөгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматта үч актер тең эки жынысты гана тааныган консерватор экени айтылат. Ал арада Россиянын Федерация кеңешинин маалымат саясаты боюнча комиссиясынын жетекчиси Алексей Пушков Дональд Трампка Американын жаны болгон Голливуд үчүн күрөш кыйла катаал жана түйшүктүү болорун белгилеген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менчигинин түрүнө карабай өлкөдөгү бала бакчанын баарына видеокамера орнотууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, ушу тапта министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдагы жыйынтыгы боюнча кеңешме өтүп жатат. Камера орнотуу чечими бала бакчалардагы коопсуздук чараларын күчөтүү, тарбиячылар менен ата-энелердин ортосундагы ишенимди арттыруу жана тартипти камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин видеокамера аркылуу көзөмөлдө маселеси Сузактагы бала бакчада тарбиячылардын балдарды урганы аныкталгандан кийин көтөрүлгөн. Буга чейин билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын, ал ИИМдин "Коопсуз шаар" системасына туташарын билдирген.Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болгон.Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Нарын облусундагы Көл-Суу көлүнө автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынды. Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, уникалдуу жаратылышка зыян келтирбөө үчүн чаралар көрүлүүдө. Буга чейин социалдык тармактарда муз үстүндө жарышып бара жаткан жолтандабастар тартылган видео пайда болгон. Экологиялык активисттер эс алуунун мындай түрүн сынга алышкан.Эми Көл-Сууга атайын уруксат менен же туристтик топтордун курамында гана барууга болот. Министрликтин кызматкерлери көлгө жакын жайгашкан конок үйүнүн ээси менен экологиялык жана техникалык эреже бузууларга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Маалым болгондой, муздан дөңгөлөктүн жана мотор майынын изи табылган эмес, бирок Ат-Башы РИИБи тарабынан иликтөө иштери башталды.Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен алаканы жакшыртууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Аддис-Абеба шаарында Кения, Ботсвана, Либерия, Мали, Гвинея, Ливия, Мадагаскар, Гвинея-Бисау, Сомали, Эсватини жана башка аймактагы мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда Исаев Кыргызстан бул аймак менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди. "Тараптар эл аралык актуалдуу маселелерди, эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жолдорун жана Кыргызстандын эл аралык уюмдар менен, анын ичинде БУУнун тандап алынуучу органдары менен иштешүү демилгелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Исаев Аддис-Абеба шаарындагы Африка Биримдигинин штаб-квартирасында уюмдун өнөктөштүк жана ресурстарды мобилизациялоо департаментинин башчысы Стив Патрик Лаленде менен жолукту. Анда тараптар жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу жана Кыргызстандын Африка Биримдигинде байкоочу мамлекет статусуна ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканы белгиленди.АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп актерлор Сильвестр Сталлоне, Мел Гибсон жана Анжелина Жолинин атасы Жон Войтту Голливудга атайын өкүл кылып дайындап, аны кеңейтип, жакшыртып жана күчтөөгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматта үч актер тең эки жынысты гана тааныган консерватор экени айтылат. Ал арада Россиянын Федерация кеңешинин маалымат саясаты боюнча комиссиясынын жетекчиси Алексей Пушков Дональд Трампка Американын жаны болгон Голливуд үчүн күрөш кыйла катаал жана түйшүктүү болорун белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/12/1091491316_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_855a78172db2a8e779db21ff9dc59960.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио