https://sputnik.kg/20250118/1091497014.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан алтынды көбүрөөк жана кымбатыраак сата баштаганын Улуттук Статистика комитети билдирди. Маалыматта өткөн жылдын 11 айында 1 миллиард 262,5 миллион... 18.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-18T13:00+0600
2025-01-18T13:00+0600
2025-01-18T13:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/12/1091496882_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0cfe8bdd4fe9ec5d84a72be1bf1072b8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан алтынды көбүрөөк жана кымбатыраак сата баштаганын Улуттук Статистика комитети билдирди. Маалыматта өткөн жылдын 11 айында 1 миллиард 262,5 миллион долларга бааланган 16,1 тонна алтын экспорттолгону айтылат. 2023-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу экспорттун көлөмү 4,1 пайызга, баасы боюнча 30 пайызга өскөн.
Ош облусунда жаңы "Чоң-Алай" мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлөт. Министрлер кабинети тиешелүү токтом долбоорун иштеп чыкты. Жаратылыш паркы илбирс, күрөң аюу, сүлөөсүн, бүркүт сыяктуу жаныбарлардын түрлөрүн жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү коргоо үчүн өзгөчө мааниге ээ болот. План боюнча жаратылыш паркынын аянты 66 830 гектарды түзөт. Кыргызстанда буга чейин ушундай 13 мамлекеттик жаратылыш паркы бар эле.
2024-жылы Россия Федерациясы Кыргызстанга энергетика, билим берүү жана медицина тармагында көп тараптуу колдоо көрсөткөн. Россия Кыргызстанга электр энергиясын жана жаратылыш газын берүүнү көбөйттү. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен республика азык-түлүк коопсуздугун чыңдады. Тагыраагы, кантка, канаттуулардын этине, сүт, жумуртка жана унга болгон муктаждык жабылды.Өткөн жылы Россиянын эсебинен Кыргызстанга аз камсыз болгон жарандар үчүн алты миң тоннадан ашык продукция жеткирилген. "Евразия" бейөкмөт уюмунун колдоосу менен мектептер үчүн 100 жаңы автобус алынды.Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Россия КР ИИМине 227 миллион рублге 28 унаа жана атайын техникаларды алып берди.
АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды массалык депортациялоо келерки шейшембиде Чикаго штатынан башталарын Wall Street Journal жазууда. “Жаңы келе турган президенттик администрация массалык рейдди Чикагодон баштоону пландап жатат”, — деп айтылат маалыматта. Басылма рейд Трамптын инаугурациясынын эртеси, шейшемби күнү башталарын билдирген. “Бир жумада 200дөй тартип сакчы текшерүүгө чыгат. Мындай рейддер Нью-Йорк, Майами жана Лос-Анжелесте дагы болору күтүлүүдө”, — деп билдирген басылма. Буга чейин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кызматка киришери менен мыйзамсыз жүргөндөргө массалык депортация жарыялай турганын айткан.
Кремлде Россия менен Ирандын өлкө башчылары Владимир Путин жана Масуд Пезешкиан кол койгон стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим аскердик кызматташуу, соода-сатык, нефть жана газ, биргелешкен аскердик машыгуулар, коомдук тартипти сактоо сыяктуу бир топ аспектини камтыды. Жолушуунун жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында РФ лидери аталган келишим ишенимге, сый-урматка негизделген мамиле үчүн чоң база болуп берерин белгиледи.Өз кезегинде Иран президенти Пезешкиан түзүлгөн келишим көп полюстуу дүйнөгө ыктаган импульс жана чоң стимул болорун белгилеген. Мындан тышкары, келишимде эгер эки өлкөнүн бири кол салууга дуушар болсо, экинчиси агрессия көрсөтүп жаткан тарапка жардам бербей турганы белгиленген. Муну менен катар мамлекеттер биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп, эл аралык коопсуздукту камсыздоо, курал-жаракты көзөмөлдөө жана куралсыздандыруу боюнча чогуу иш алып бара турганы айтылды. Тегеран менен Москва үчүнчү өлкөлөрдөн көз каранды болбогон төлөм инфраструктурасын түзүүнү да макулдашышты.
Кыргызстан алтынды көбүрөөк жана кымбатыраак сата баштаганын Улуттук Статистика комитети билдирди. Маалыматта өткөн жылдын 11 айында 1 миллиард 262,5 миллион долларга бааланган 16,1 тонна алтын экспорттолгону айтылат. 2023-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу экспорттун көлөмү 4,1 пайызга, баасы боюнча 30 пайызга өскөн.Ош облусунда жаңы "Чоң-Алай" мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлөт. Министрлер кабинети тиешелүү токтом долбоорун иштеп чыкты. Жаратылыш паркы илбирс, күрөң аюу, сүлөөсүн, бүркүт сыяктуу жаныбарлардын түрлөрүн жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү коргоо үчүн өзгөчө мааниге ээ болот. План боюнча жаратылыш паркынын аянты 66 830 гектарды түзөт. Кыргызстанда буга чейин ушундай 13 мамлекеттик жаратылыш паркы бар эле.2024-жылы Россия Федерациясы Кыргызстанга энергетика, билим берүү жана медицина тармагында көп тараптуу колдоо көрсөткөн. Россия Кыргызстанга электр энергиясын жана жаратылыш газын берүүнү көбөйттү. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен республика азык-түлүк коопсуздугун чыңдады. Тагыраагы, кантка, канаттуулардын этине, сүт, жумуртка жана унга болгон муктаждык жабылды.Өткөн жылы Россиянын эсебинен Кыргызстанга аз камсыз болгон жарандар үчүн алты миң тоннадан ашык продукция жеткирилген. "Евразия" бейөкмөт уюмунун колдоосу менен мектептер үчүн 100 жаңы автобус алынды.Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Россия КР ИИМине 227 миллион рублге 28 унаа жана атайын техникаларды алып берди. АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды массалык депортациялоо келерки шейшембиде Чикаго штатынан башталарын Wall Street Journal жазууда. “Жаңы келе турган президенттик администрация массалык рейдди Чикагодон баштоону пландап жатат”, — деп айтылат маалыматта. Басылма рейд Трамптын инаугурациясынын эртеси, шейшемби күнү башталарын билдирген. “Бир жумада 200дөй тартип сакчы текшерүүгө чыгат. Мындай рейддер Нью-Йорк, Майами жана Лос-Анжелесте дагы болору күтүлүүдө”, — деп билдирген басылма. Буга чейин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кызматка киришери менен мыйзамсыз жүргөндөргө массалык депортация жарыялай турганын айткан.Кремлде Россия менен Ирандын өлкө башчылары Владимир Путин жана Масуд Пезешкиан кол койгон стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим аскердик кызматташуу, соода-сатык, нефть жана газ, биргелешкен аскердик машыгуулар, коомдук тартипти сактоо сыяктуу бир топ аспектини камтыды. Жолушуунун жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында РФ лидери аталган келишим ишенимге, сый-урматка негизделген мамиле үчүн чоң база болуп берерин белгиледи.Өз кезегинде Иран президенти Пезешкиан түзүлгөн келишим көп полюстуу дүйнөгө ыктаган импульс жана чоң стимул болорун белгилеген. Мындан тышкары, келишимде эгер эки өлкөнүн бири кол салууга дуушар болсо, экинчиси агрессия көрсөтүп жаткан тарапка жардам бербей турганы белгиленген. Муну менен катар мамлекеттер биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп, эл аралык коопсуздукту камсыздоо, курал-жаракты көзөмөлдөө жана куралсыздандыруу боюнча чогуу иш алып бара турганы айтылды. Тегеран менен Москва үчүнчү өлкөлөрдөн көз каранды болбогон төлөм инфраструктурасын түзүүнү да макулдашышты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/12/1091496882_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_07456718f83605dfbb3a153a4088b7a8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио