00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:54
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды мектептеги рэкетти токтотууга жана анын алдын алуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Акыйкатчы мектеп окуучулар арасындагы рэкетчилик, буллинг, зомбулук оор кесепеттерге алып келерин түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилейт. «Жеткинчектер арасындагы рэкетчиликке кош көңүл карабай, бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси катары мамиле жасаш керек. Мындай көрүнүштөрдүн канчалык кооптуу экенин балдарга түшүндүрүү иштерин жакшыртуу зарыл», — деди Жамиля Жаманбаева. Акыйкатчыга Бишкек шаарындагы №13 мектеп гимназиясынын ата-энелери балдарынын укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүү максатында Ички иштер министрлигине, Билим берүү министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кат жолдоду.Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого, аларды зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен жана алардын укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргоого чакырды.
2024-жылы Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштеринин алкагында көлдүн түбүнөн 14 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка караганда, көлдүн түбүн тазалоода 14 тонна таштанды чыкса, көлдүн 220 чакырым мээги тазаланып, андан 85 тонна таштанды чыккан. Ошондой эле 112 миң 100 метр мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынган. Браконьерлерге каршы күрөшүүнүн алкагында 85 рейд жүргүзүлгөн. Анда балык уулоо боюнча 111 факт аныкталып, 1200 балык көлгө кайтарылган.
Жалал-Абадда бизнесмендерден акча опузалоого шектелип блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 16-январда “Айка Мусаева” аттуу блогду алып барган С.А.М. аттуу жаран кармалган. Ал көбүнчө Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ноокен райондорунда активдүү жүргүзөрү айтылды. “Шектүү ишкерлерди жана колунда барларды социалдык тармактарга терс сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялайм деп коркутуп, акча талап кылгандыгы аныкталган. Учурда анын 120-80 миң сом алганы боюнча эки факты аныкталды. Кээде ал УКМК менен байланышы бар экенин айтып, акчалай карыздарды кайтарып берүү боюнча жеке кызмат көрсөткөн”, — деп айтылат маалыматта. Шектүү бул кылмыштарды Сузак айылдык кеңешинин спикери Х.Ж. менен макулдашып жасаганы, ал дагы кармалганы кошумчаланды.
Бишкекте Ленинград блокадасы бузулганынын 82 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.Дайыр Асанов атындагы паркта өткөн иш-чарага министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, блокадачылар, дипломаттар, окуучулар жана студенттер катышты. Алар коргоочуларга таазим кылышты. Катышуучуларга блокада маалында балдар үчүн 125 грамм, чоңдор үчүн 250 грамм болгон нан нормалары көрсөтүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0