https://sputnik.kg/20250118/sadyr-zhaparov-altaj-kurort-1091502854.html
Садыр Жапаров Алтайга барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрдү
Садыр Жапаров Алтайга барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Алтай жергесине барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келгенин социалдык тармактагы... 18.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-18T15:31+0600
2025-01-18T15:31+0600
2025-01-18T18:12+0600
садыр жапаров
алтай крайы
курорт
өмүрбек бабанов
кыргызстан
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e9/01/12/1091502957_0:384:2048:1536_1920x0_80_0_0_f20915df571e174a701dea95dda1af6e.jpg
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Алтай жергесине барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келгенин социалдык тармактагы баракчасында билдирди.Жапаров билдирүүсүндө жакын арада Жыргалаң, Ак-Булак, Бозучук тоолорун бириктирген лыжа базасы куруларын кошумчалаган.“Куруучу компаниялар үчүн февраль айында конкурс өткөрүлөт. Утуп чыккан компания курулушту баштайт. Конкурска катышууга шашылыңыздар”, — деди президент.Өлкө башчы жарыялаган сүрөттөрдөн бизнесмен Өмүрбек Бабановду көрүүгө болот.
https://sputnik.kg/20241217/sadyr-zhaparov-ysyk-ata-sanatoriy-turizm-1090884859.html
алтай крайы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/12/1091502957_96:178:1907:1536_1920x0_80_0_0_2e246717381d4867caf14f69427ffe10.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
садыр жапаров, алтай крайы, курорт, өмүрбек бабанов, кыргызстан, сүрөт
садыр жапаров, алтай крайы, курорт, өмүрбек бабанов, кыргызстан, сүрөт
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Алтай жергесине барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келгенин социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
“Элдик түшүнүккө караганда, Алтай – кыргыз эли мекендеген, өнүп-өскөн ыйык жерлердин бири, Манас атабыз туулуп, торолгон жер. Азыр дагы Алтай жергесинде биздин жер-суу аттарындай жерлер, тоолор, аймактар бар экени дагы бир нерседен кабар берип турат. Демек, кыргыз эли үчүн Алтай жергеси дагы алтын бешиги!” — деди президент.
Жапаров билдирүүсүндө жакын арада Жыргалаң, Ак-Булак, Бозучук тоолорун бириктирген лыжа базасы куруларын кошумчалаган.
“Куруучу компаниялар үчүн февраль айында конкурс өткөрүлөт. Утуп чыккан компания курулушту баштайт. Конкурска катышууга шашылыңыздар”, — деди президент.
Өлкө башчы жарыялаган сүрөттөрдөн бизнесмен Өмүрбек Бабановду көрүүгө болот.

17 Бештин айы 2024, 17:02