00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:54
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ошто таштандыны кайра иштетип, энергия чыгара турган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ Оштун мэри Бакытбек Жетигенов кытайлык инвесторлор менен жолугушкан. “Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде таштандыларды күйгүзүү аркылуу электр энергиясын өндүрүү үчүн заманбап ишкананы куруу боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Ал ишке ашырылса кышкы мезгилде Ош шаарынын тургундарын ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга шарт түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта. Заводдун долбооруна ылайык, күнүнө 2000 тонна таштанды жана көмүрдү иштетип, 50 мегаваттка чейин энергия чыгара алары кошумчаланды.
Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Билдирүүгө ылайык, инспектор ири өлчөмдө пара опузалоого шектелүүдө. “14-январда Мамлекеттик салык кызматынын инспектору 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды”, — деп айтылат маалыматта. Кылмыш иши козголуп, шектүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилген.
Айылдык китепканаларды этап-этабы менен жаап, жаңы технологияларды колдонуу менен айылдардагы китепканалардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында реформаларды жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов министрлер кабинетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, китепканаларга альтернативдик чечим катары айылдардагы китепканаларды автоматташтыруу жолдору сунушталууда. "Мисалы, китепкана жабылган айыл тургундары үчүн китеп берүүчү автоматтар - книгоматтарды орнотуу талап кылынат. Бул китеп алуу жана кайтаруу процессин жеңилдетет. Айыл тургундарынын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга жана китеп окуу адатын өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзөт", - деди Максүтов. Министр маалымдагандай, учурда өлкөдө бардыгы 1 миң 51 китепкана бар жана анын ичинен айылдардагы 869 китепкананын шарты начар. "Учурда айылдык китепкалардын шарты начар абалда. Өзүнүн имараты жок болгондуктан окурмандарга шарттар түзүлбөй келет. Эски имарат, жабык эшик, эски чаң баскан китептер, кесипкөй адистердин жоктугу, айлык маянанын аздыгы буга себеп болууда", - деди министр.
Бишкекте Ленинград блокадасына арналган эскерүү концерти болду. Бул тууралуу “Русский дом” борборунан билдиришти. Иш-чаранын максаты — жаштарга кыргызстандыктардын шаардын тургундарын куткарууга кошкон салымы тууралуу баяндоо. “Концерттин жүрүшүндө чыгармачыл жамааттар музыка, поэзия, бий номерлери аркылуу окуучуларга жана студенттерге блокада жана Ленинграддын коргонуусу, кыргызстандыктардын аны коргоого жана ленинграддык балдарды куткарууга кошкон салымы тууралуу баяндап беришти”, — деп айтылат маалыматта. Бул концерт былтыртан баштап өткөрүлүп, быйыл экинчи жолу уюштурулду.
Жаңылыктар түрмөгү
0