00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:54
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Венгрияга болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар жеке менчик компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышып эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Бакыт Төрөбаев алгач Hunland компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда сүт жана эт азыктарын, тоют өндүрүү боюнча тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүп, ири мүйүздүү асыл тукум бодо мал чарбачылыгы жаатында иш жүргүзүүнү каалаган ишкерлерди колдоо максатында Кыргызстанда мамлекеттик программа иштелип жатканы, бул багытта инвесторлор менен активдүү иш алып барылаары айтылды. Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев Венгриянын Дунаваршань шаарында жайгашкан бал өндүргөн компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле Кыргызстандын балын Венгриянын лабораториясынан өткөрүү аркылуу Европа рыногуна жогорку көлөмдө чыгуу макулдашылган.
Быйыл өлкөдөгү кайсы жолдор оңдолорун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев айтып берди. Ал 2024-жылдагы өнүгүү жыйынтыктары боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында министрликтин 2025-жылга карата иш пландары менен бөлүштү. Анын айтымында Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл жазында башталат. Андан тышкары, быйыл бир катар жолдорду оңдоо пландалган. Алардын катарында Бишкек – Ош жолунун Суусамырдагы 100 чакырымы; Ош – Баткен – Раззаков жолунун 28 чакырымы; Лебединовка ГЭС 5 жолу өндолот. Муну менен катар Кырчын жайлоосуна баруучу жол капиталдык ремонттон өтөт; Ысык-Көл айланма автожолун жана Суусамыр – Талас – Тараз автожолун оңдоону министрлик пландоодо.
Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Көк-Дөбө айылындагы 11 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылганын УКМКдан билдиришти. Маалыматта жер 1998-жылы “Калык” айыл чарба ишканасына көрктөндүрүүгө берилип, андан кийин жеке менчикке өтүп кеткени айтылат. Атайын кызмат текшергенден кийин 550 миллион сомго бааланган участок мамлекетке ыктыярдуу өткөрүлүп берилгени айтылды.
Европалыктар Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Киев аймактык дооматтарынан баш тарткан шартта Украина боюнча бир келишимге келеби деп чочулашууда. Бул тууралуу германиялык саясат таануучу Александр Рар билдиргенин РИА Новости жазды. “Германиялык элита Трамп менен Путин Украинадагы абалды тынчтык жолу менен чечип алышынан катуу чочулап турат. Европалыктар болсо НАТО менен ЕБ Киевге ушунча жардам, курал бергенден кийин Украина ээлеген аймагынын 20 пайызынан кол жууп калабы деп кооптонууда”, — деген Рар өзүнүн Telegram каналында. Ошондой эле саясат таануучу америкалык миллиардер жана ишкер Илон Масктын “Германия үчүн альтернатива” оңчул партиясын ачык колдоосуна жана анын Германиянын саясий түзүлүшүнө жасаган чабуулдарына токтолгон. Буга чейин президенттик шайлоого жетишкен Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып жаңы администрациянын тушунда Киев Байдендин президенттиги учурундагыдай жардам күтпөшү керектигин айткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0