https://sputnik.kg/20250119/aksh-rossiya-mamile-sunush-ehlita-1091511410.html
АКШда Россия менен мамилени жакшыртуу зарылдыгы айтылып, талаптар коюлду
АКШда Россия менен мамилени жакшыртуу зарылдыгы айтылып, талаптар коюлду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШ Россия менен жакшы мамиледе болушу үчүн Вашингтондогу демократиялык жана республикалык элиталардын бир партиялуу режиминен... 19.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-19T11:04+0600
2025-01-19T11:04+0600
2025-01-20T11:40+0600
дүйнөдө
россия
акш
мамиле
полковник
https://sputnik.kg/img/07e9/01/14/1091527410_0:35:3072:1763_1920x0_80_0_0_e1dea5fe56275e7468270c7a9a47ee7b.jpg
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШ Россия менен жакшы мамиледе болушу үчүн Вашингтондогу демократиялык жана республикалык элиталардын бир партиялуу режиминен кутулушу керек. Бул тууралуу Пентагондун мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор билдиргенин РИА Новости жазды.Макгрегор Америкадагы карапайым эл Москванын саясатына эч кандай доосу жок экенин айтып, алар АКШ Украинадагы жаңжалга эмне себептен кийлигишип жатканын түшүнбөй деле турганын белгилеген.Декабрдын башында Gallup агенттиги америкалыктар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анда респонденттердин жарымынан көбү Киев кайсы бир аймагынан ажырап кала турган болсо да Украинадагы жаңжалдын эртерээк бүтүшүн колдой турганын айтышкан.Эскерте кетсек, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп бийликте болгондо Украина жаңжалына жол бермек эместигин, азыркы кырдаалды бир күндө жөнгө салып кое ала турганын билдирген. Кремль өз кезегинде бул тез арада чечиле кала турган жөн салды маселе эмес экенин айтып келет.
https://sputnik.kg/20250118/aksh-ukraina-tramp-putin-1091507843.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/14/1091527410_217:0:2948:2048_1920x0_80_0_0_2e0b3ed7a94dc1ec898cf5ff38a3ab43.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, мамиле, полковник
дүйнөдө, россия, акш, мамиле, полковник
АКШда Россия менен мамилени жакшыртуу зарылдыгы айтылып, талаптар коюлду
11:04 19.01.2025 (Жаңыртылды: 11:40 20.01.2025) БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШ Россия менен жакшы мамиледе болушу үчүн Вашингтондогу демократиялык жана республикалык элиталардын бир партиялуу режиминен кутулушу керек. Бул тууралуу Пентагондун мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Бир партиялуу саясий элитаны кетириш керек. Россия менен узак мөөнөттүү тынчтык мамиле түзүү толук мүмкүн", — деп жазган ал.
Макгрегор Америкадагы карапайым эл Москванын саясатына эч кандай доосу жок экенин айтып, алар АКШ Украинадагы жаңжалга эмне себептен кийлигишип жатканын түшүнбөй деле турганын белгилеген.
Декабрдын башында Gallup агенттиги америкалыктар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анда респонденттердин жарымынан көбү Киев кайсы бир аймагынан ажырап кала турган болсо да Украинадагы жаңжалдын эртерээк бүтүшүн колдой турганын айтышкан.
Эскерте кетсек, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп бийликте болгондо Украина жаңжалына жол бермек эместигин, азыркы кырдаалды бир күндө жөнгө салып кое ала турганын билдирген. Кремль өз кезегинде бул тез арада чечиле кала турган жөн салды маселе эмес экенин айтып келет.