https://sputnik.kg/20250119/izrail-hamas-gaza-sektoru-sogush-tynchtyk-kelishim-asker-1091511973.html
Израиль аскерин Газадагы Рафах шаарынын борборунан алып кете баштады
Израиль аскерин Газадагы Рафах шаарынын борборунан алып кете баштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. ЦАХАЛ Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарынын борборунан чыгууда. Бул тууралуу РИА Новости Al Jazeera телеканалына таянып жазды. 19.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-19T11:46+0600
2025-01-19T11:46+0600
2025-01-20T11:40+0600
дүйнөдө
израиль
хамас
газа сектору
согуш
тынчтык
келишим
https://sputnik.kg/img/07e9/01/14/1091521350_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_e90158839b0891c5708a753bdb903bf1.jpg
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. ЦАХАЛ Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарынын борборунан чыгууда. Бул тууралуу РИА Новости Al Jazeera телеканалына таянып жазды. Телеканалдын маалыматы боюнча, израилдик аскерлер Египет жана Газа секторунун чектешкен аймагындагы Филадельфия коридоруна чегинүүдө.Басылмалар ХАМАС келишиминин алкагында Израиль күчтөрү ушул Филадельфия коридору аркылуу чыгып кетерин жазышкан. Ага карабастан ишембиде Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху өлкө аскерлерин бул аймакта калтырып, аларды чыңдай турганын айткан.Израиль менен ХАМАС кыймылы Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугунда 19-январдан баштап 42 күнгө атышууну токтотууну макулдашып, аскердик аракеттерди биротоло токтотууга аракеттенишерин жарыялашкан. Бул жаңжал 15 ай ичинде 46 миң палестиналыктын жана 1500дөй израилдиктин өмүрүн алып, чатак Ливан менен Йеменге жайылып, ошондой эле еврей мамлекети менен Ирандын бири-бирине ракеталык сокку уруусуна алып келген.Келишимдин биринчи этабында израилдик 33 туткунду Палестинанын 1000дей туткунуна алмаштыруу каралган. Израиль аскерлери Газа секторунун чек араларына чегиниши керек, бирок азырынча сыртта ага жакын жерлерде калышат.Элдешүүнүн биринчи күнүнөн баштап гуманитардык жардам жеткирүү көбөйтүлөт, суткасына 600дөй жүк ташуучу унаа келет, анын ичинен 50 унаада күйүүчү май бар. Палестиналыктарга 200 миң чатыр жана 60 миң мобилдик үй берилет.Келишимге Катар, Египет жана АКШ гарант болуп, Каирде координациялык борбор түзүшөт. Элдешүүнүн 16-күнүндө Израиль менен ХАМАС келишимдин экинчи этабы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттендирилген. Анда калган туткундарды коё берүү, ок атууну туруктуу токтотуу жана израилдик аскерлерди толугу менен чыгарып кетүү жөнүндө кеп болору болжолдонууда. Тынчтык процессинин кепили болгон тараптар каза болгондордун сөөктөрүн алмашуу, Газа секторун калыбына келтирүү жана аны биротоло блокададан чыгарууну камтыган үчүнчү этаптын болушун да карашууда.Бул — жаңжал башталгандан берки экинчи жолку элдешүү, биринчиси 2023-жылдын ноябрь айында болуп, алты гана күнгө созулган.
https://sputnik.kg/20250117/netanyakhunun-kensesi-gaza-boyuncha-kelishimge-kol-koygonun-tastyktady-1091467937.html
израиль
газа сектору
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/14/1091521350_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_e8d5a16c1d4f1c2d3928c8a893ea7f4f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, израиль, хамас, газа сектору, согуш, тынчтык, келишим
дүйнөдө, израиль, хамас, газа сектору, согуш, тынчтык, келишим
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. ЦАХАЛ Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарынын борборунан чыгууда. Бул тууралуу
РИА Новости Al Jazeera телеканалына таянып жазды.
"Израиль аскерлерин шаардын (Рафах – ред.) борборунан чыгара баштады", — деп айтылат маалыматта.
Телеканалдын маалыматы боюнча, израилдик аскерлер Египет жана Газа секторунун чектешкен аймагындагы Филадельфия коридоруна чегинүүдө.
Басылмалар ХАМАС келишиминин алкагында Израиль күчтөрү ушул Филадельфия коридору аркылуу чыгып кетерин жазышкан. Ага карабастан ишембиде Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху өлкө аскерлерин бул аймакта калтырып, аларды чыңдай турганын айткан.
Израиль менен ХАМАС кыймылы Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугунда 19-январдан баштап 42 күнгө атышууну токтотууну макулдашып, аскердик аракеттерди биротоло токтотууга аракеттенишерин жарыялашкан. Бул жаңжал 15 ай ичинде 46 миң палестиналыктын жана 1500дөй израилдиктин өмүрүн алып, чатак Ливан менен Йеменге жайылып, ошондой эле еврей мамлекети менен Ирандын бири-бирине ракеталык сокку уруусуна алып келген.
Келишимдин биринчи этабында израилдик 33 туткунду Палестинанын 1000дей туткунуна алмаштыруу каралган. Израиль аскерлери Газа секторунун чек араларына чегиниши керек, бирок азырынча сыртта ага жакын жерлерде калышат.
Элдешүүнүн биринчи күнүнөн баштап гуманитардык жардам жеткирүү көбөйтүлөт, суткасына 600дөй жүк ташуучу унаа келет, анын ичинен 50 унаада күйүүчү май бар. Палестиналыктарга 200 миң чатыр жана 60 миң мобилдик үй берилет.
Келишимге Катар, Египет жана АКШ гарант болуп, Каирде координациялык борбор түзүшөт. Элдешүүнүн 16-күнүндө Израиль менен ХАМАС келишимдин экинчи этабы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттендирилген. Анда калган туткундарды коё берүү, ок атууну туруктуу токтотуу жана израилдик аскерлерди толугу менен чыгарып кетүү жөнүндө кеп болору болжолдонууда. Тынчтык процессинин кепили болгон тараптар каза болгондордун сөөктөрүн алмашуу, Газа секторун калыбына келтирүү жана аны биротоло блокададан чыгарууну камтыган үчүнчү этаптын болушун да карашууда.
Бул — жаңжал башталгандан берки экинчи жолку элдешүү, биринчиси 2023-жылдын ноябрь айында болуп, алты гана күнгө созулган.