https://sputnik.kg/20250119/tuyak-akyndyn-omuru-1091491516.html
Бүгүнкү күндү 170 жыл мурун көргөн олуя акын. Туяк Эрназар уулун эскерүү
Бүгүнкү күндү 170 жыл мурун көргөн олуя акын. Туяк Эрназар уулун эскерүү
Sputnik Кыргызстан
Туяк Эрназар уулу олуя, заманачы акын болгон. Ал "акыр заман келгенде, уулуң кетер Урумга, кызың кетер Кырымга" деген саптары менен ХIХ кылымда эле азыркы... 19.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-19T19:07+0600
2025-01-19T19:07+0600
2025-01-19T19:07+0600
кыргызстан
туяк
акын
маек
туяк эрназар уулу
асамидин бүркүтов
https://sputnik.kg/img/07e5/03/07/1051697262_0:0:1911:1074_1920x0_80_0_0_3be614c98c06efcdc07c1af68ca88832.jpg
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Туяк Эрназаровдун кыбырасы Асамидин Бүркүтов болду. Биз олуя акын Туяк Эрназар уулунун өмүр жолу тууралуу баарлаштык.— Туяк акындын кыбырасы болот экенсиз. Канча атадан барып кошуласыз?— Мен Туяк акындын кызы Кадичанын небереси болом. Мен да Пум айылында төрөлүп-өскөм. Туяк көп кырдуу талант, даанышман, олуялыгы бар акын болгон. Атасы Эрназар Пум айылындагы төөлөс уруусуна караштуу карынчы уругунан чыккан кедей киши болгон экен. Карынчынын уулу Чарык, Чарыктын уулу Шааназар, анын уулу Эрназар. Туяк ырчы төкмөлүк менен элге таанылган. "Акыр заман", "Не болосуң замана" аттуу ырлары бар. Өз мезгилинде Өзгөн жергесинде Чоң-Алай, Алайга чейин ырдап жүргөн акын. Ал кезде кагазга түшүрүү иши анча өрчүбөгөндүктөн көп ырлары сакталбай калган. Кийин Туяк акындын ыр жыйнагын кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов изилдеп, жупкадай китеп кылып чыгарып койгон. Жаш кезинде Туяк акын да сүйүү, ашыктык ырларын жазган, акындар менен айтышкандары бар. Бир ирет Койлуубай, Абдымомун деген акындар менен болгон айтыштары китепке кирди. Ошол заманда болуштук кызматта турган Садыр миң башыны жандап Коконго чейин барып, Кудаяр ханга ырдаганы жакпай калат. Ошондон баштап артынан куугунтук түшкөн. Кармай турган эч нерсесин таба албай, баласы Ормонду кур дооматка жыгышкан. Жээнбай деген байдын ашында Садыр миң башылар Туяк ырчынын уулунун жакын тууганы менен жер боюнча кичине келишпестиги бар экенин билишип, ошону пайдаланышкан. Ал кезде заман кыйын болгондуктан эл жүндөн согулган кап колдонгон. Ормондун ошол аталаш иниси келип, "Ормон аба, кабыңды берип туруң, кык ташып алайын" деп сурап кетет. Барып бирөөнүн эчкисин уурдап союп, ошол капка салып ташка корумдап көөмп коёт. Анан эчкисин издегендер менен издемиш болуп, ташка корумдап көмүп койгон жеринен таап берет. Ормон да сөзү өткүр, баатыр мүнөз жигит болгон экен. Садыр миң башы "эми муну өзүм жазаласам болбой калат" деп, "ар бир уруу өз ууруңарды өзүңөр жазалагыла" деген буйрук чыгарат. Анан Ташан деген абасы баш болуп, Ормонду кармап, колун байлап казыга алып барып сурак кылышып, өлүмгө чечим чыгарып алып жөнөшөт. Ошондо "балам менен коштошуп алайын" деп суранган Туяк "кандай болгон күндө да жаныңды куткар балам" деп байкатпай кичинекей бычак берет. Ормонду жаман тамга алып барып, акыркы сөзүн сураса эки рекет намаз окуп алууну суранат. Уруксат берип, колун бошотушканда бычагын сууруп чыгып, жанындагыларга тап бергенде баары качып, Ташан кача албай калат. Аны бычак менен сайып, атын минип "оо, эл-журт, Ташан бай өттү, жаназага" деп кыйкырып элди аралап качып кетет. Уулуна куугунчу жетпей калып "Туяктын өзүн өлтүрөбүз" дей баштаганда ал да Ноокат, Өзгөн, айтор, түштүктү түрө кыдырып кетет.Эми ырчы элдин кишиси экен да. Кийин Баткендеги Үч-Коргон деген жерде бир чоң той болуп, акын да тойго келет. Ошол жерден "Ташанды уулу өлтүрүп кетти, эми мунун өзүн өлтүрөбүз" деп кекенген туугандары Туяк ырчыны "өтөр иш өттү, эми кечиришели" деп алдап, айылына учкаштырып алып кетишет. Ага чейин белги бергенде мойнуна аркан салууну сүйлөшүп алышкан экен. Ошентип орто жолдон мойнуна аркан салып өлтүрүшкөн. Туяк 56 жашында өз туугандарынан колунан көз жумат.— Атасы Эрназар кедей турмушта жашаса да уста киши болгон экен...— Ооба, ал мезгилде адамдар бир өнөр кармап жашабаса кыйын болгон. Атасы колунан көөрү төгүлгөн уста экен. Туяктын жаш кезинен жолдошу, аты азыркыга чейин жеткен эшендик даражадагы чоң молдо Абдукаим болгон. Экөө теңтуш. Кичинесинде коктуларда козу-улак кайтарып чогуу жүрүшөт. Бир күнү уктап калышып, экөөнүн тең түшүнө аппак кийимчен аксакал кирет, бирине чыны толо бал, бирине шекер берет. Ойгонуп, бири-бирине түшүн айтып таң калышат да, айыл аксакалы Мадалы атага чуркап барышып, түшүн айтып жорутушат. Ошондо "Абдукаим, сен бул жерде жүрө бербестен медресеге барып билимиңди жогорулат. Туяк, сен таланттуу ырчы болот экенсиң" деп жоруп, ырдатып да көрөт. Туяк биринчи жолу ошондо ырдаган дейт. Бул да болсо кудай берген талант эмеспи.— Негизи Туяк ырчынын аты кеч таанылып, кеч айтылыптыр. Болбосо 170 жылдыгына жакындап калды. Буга чейин акын Эгемберди Эрматов "Туяк ырчы" деген китебин жарыялаган...— Ал киши көп эмгек жасады. Туяктын эл оозунда калган ырлары болгон. Эгемберди Эрматов Алайга чейин барып эл аралап, көп иштерди жасады, эмгеги абдан чоң.— Адабият чөйрөсүндө чыгармачылыгында көп ачыла элек жагдайлар болгондуктан Туяк ырчыны Туюк ырчы деп атагандар көп. Анчалык изилденбей калынышына эмне себеп болду?— Бул кишинин чыгармачылыгын жакшы билген адамдар убагында замандын оош-кыйышына жараша жазып чыга албай, кийин көзү өтүп кетти. Ошол кезде жазма адабият болбогондуктан, экинчиден, борбордон алыскы аймакта жашап калганы да себеп болду. Илгери Илимдер академиясынан да барып, Туяк ырчы тууралуу маалымат чогултуп кетишкен экен. Бирок азыр сакталып калганбы, же ошол кездеги саясатка жараша жок кылынганбы, белгисиз. Анткени Туяк акын олуя ырчы катары диний мааниде да ырларды ырдаган. Миталип Жумабаев аттуу 80 жаштагы таякебиз акындын чыгармалары мурда изилденип, бирок ал маалыматтар жарыкка чыкпагандыгын айтты.— Кудаяр ханга каяша айтып мээнетке калганын Коргоол акын да:"Исфайрам деп ойлогон,Ырчылык менен тойлогон,Кудаяр ханга тийишип,Бул мээнет ишти ойлогон.Кызыл тилдин айынан,Кылычтан жерге жойлогон,Кайран ырчы Туяк да өткөн дүйнөдөн", — деп эскерип жатат. Туяк акындын Токтогул акынга жолукканы, экөөнүн ырлары, ортодогу сый мамилеси адабият өкүлдөрү тарабынан айтылып калган. Дагы кайсы акындар менен ырдашып, айтышканы тууралуу маалыматтар бар?— Алайда Койчубай деген чоң акын болгон экен. Ошол акын менен ырдашканы айтылып калган. Туяктын сөзү өткүр, өзү чечен болгондуктан көп айтыштарда жеңген. Койчубай акынды да жеңет. Абдымомун ырчы менен, андан кийин кадамжайлык акын менен айтышкан ырлары эл оозунда калган. Туяк Эрназар уулун заманачы акын деп аташат. Ал кишинин олуялык да касиети болгон. "Акыр заман" деген ырында кудум эле ушул заманды көргөндөй айтып өткөн жерлери бар.Акыр заман болгондо,Уулуң кетет Урумга,Кызың кетет Кырымга.Уулуңдун чачы узарар,Кызыңдын чачы кыскарар.Мингениң темир ат болот,Көк эшектер жат болот,Окуганың кат болот.Береке кетип үйүңдөн,Агайын-тууган жат болот…Же болбосо…Акыр заман болгондо,Очоюп алып отуруп,Бүт ааламды көрөсүң,Темирди жиптей өрөсүң……Кыянат кылган кишинин,Кыңыр иши бат болот.Мээнет кылбай пул табып,Мингени темир ат болот", — деп айткан экен. Мындан 160-170 жыл мурун интернет, компьютер келип, темирден машина өңдүү түрдүү нерсени жасаарыбызды айтып койгон.— Комузда кол ойноткон мыкты комузчу да болуптур…— Ооба, комуз эле эмес, сыбызгы, чопо чоор, баарын ойной билген. Ал кишини "оркестр адам" деп атап койсо да болот. Көп кырдуу талант болгону менен убагында бааланбай калган. Бир топ ырлары жоголуп кеткен. Ашыктык ырлары да эл оозуна тараган. "Ак толгон", "Молайым" деген ырлары бар. Казынын кызы Молайымга ашык болуп да зынданга камалып, казылардан корккон карапайым калк арачы түшө албай калат. Мунун баарын ырдап кеткен.— Ормондон башка да уулдары болгон да…— Ооба, жогоруда айткан биринчи аялынан Ороз, Алат деген уулдары бар. Алар байлардын тилине кирип агасы Ормонго өчөшүп, акыры атасын да салып берип жатпайбы. Жакында эле Туяктын качкан уулу Ормондун балдарын таптык. Ормон Исфайрам менен Сыр-Дарыяны кечип барып Намангандын Ак-Таш деген жерин байырлаган экен. Үйлөнүп, балдарына Алат, Ороз, Абдылда деген ысым коюп, мындан башка бир кыздуу болуптур. Бир туугандарынын атын унутуп калбайын десе керек. Бирок өзүнүн атын ачык айтпай коюптур. "Мен жакын тууганымды өлтүрүп коюп, эки сууну ашып келгем" деп айтчу экен. Уруусун төөлөс деп айтып кетиптир. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин аялы балдарына "урууңар төөлөс болот" деп үйрөткөн. Неберелери чоңоюп, "биз төөлөс болсок, бул жакта кантип жүрөбүз" деп издештире баштаган. Мурда он чакты эле үй болсо, азыр 50гө жетип калыптыр. Изилдеп жүрүп төөлөстөр Ноокатта жана Кадамжайда болорун билишет. Ошентип былтыр Ормондун чөбөрөсү Аксыга келип, ноокаттык төөлөс уруусунун аксакалдары менен жолугуп, тарыхын айтып берет. Таап берүүлөрүн сурашат. Аксакалдар издеп таппай жүрүп, 2023-жылдын декабрь айында төөлөстөн чыккан улак тартып жүргөн Карыбек балбандын жаназасына барганда сураштырышат. Ошол жерге биздин Мамбет деген абабыз да барып калат. Сураштырып, качкан жылын сүрүштүрсө биздин Ормон таятабызга туура келди. Ошентип дареги табылды. Эми тууганчылыгыбызды кайрадан жаңыртып, катташа баштадык.— Туяк ырчы баласынын кайда эмне болгонун билбей эле кете берди да?— Ошентип айтылып жүрөт, бирок билген окшойт. Туяк ырчынын китепке түшпөй калган, таенебиз айтып берген "Жалал-Абад, Ханабад жердин баарын кыдырдым" деген саптары бар. Жеңижок менен айтышкандагы ырларында да билгендей сезилет. Эл-жер кыдырып жүрүп, уулун ошол жакка өзү жайгаштырган болушу керек деп болжолдойбуз.
https://sputnik.kg/20241229/zhamankara-baatyr-erdigi-1091125574.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/07/1051697262_0:0:1701:1276_1920x0_80_0_0_162221c32c62d8ee5ad1cc46ef08e4fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, туяк, акын, маек, туяк эрназар уулу, асамидин бүркүтов
кыргызстан, туяк, акын, маек, туяк эрназар уулу, асамидин бүркүтов
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Туяк Эрназаровдун кыбырасы Асамидин Бүркүтов болду. Биз олуя акын Туяк Эрназар уулунун өмүр жолу тууралуу баарлаштык.
— Туяк акындын кыбырасы болот экенсиз. Канча атадан барып кошуласыз?
— Мен Туяк акындын кызы Кадичанын небереси болом. Мен да Пум айылында төрөлүп-өскөм. Туяк көп кырдуу талант, даанышман, олуялыгы бар акын болгон. Атасы Эрназар Пум айылындагы төөлөс уруусуна караштуу карынчы уругунан чыккан кедей киши болгон экен. Карынчынын уулу Чарык, Чарыктын уулу Шааназар, анын уулу Эрназар. Туяк ырчы төкмөлүк менен элге таанылган. "Акыр заман", "Не болосуң замана" аттуу ырлары бар. Өз мезгилинде Өзгөн жергесинде Чоң-Алай, Алайга чейин ырдап жүргөн акын. Ал кезде кагазга түшүрүү иши анча өрчүбөгөндүктөн көп ырлары сакталбай калган. Кийин Туяк акындын ыр жыйнагын кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов изилдеп, жупкадай китеп кылып чыгарып койгон. Жаш кезинде Туяк акын да сүйүү, ашыктык ырларын жазган, акындар менен айтышкандары бар. Бир ирет Койлуубай, Абдымомун деген акындар менен болгон айтыштары китепке кирди. Ошол заманда болуштук кызматта турган Садыр миң башыны жандап Коконго чейин барып, Кудаяр ханга ырдаганы жакпай калат. Ошондон баштап артынан куугунтук түшкөн. Кармай турган эч нерсесин таба албай, баласы Ормонду кур дооматка жыгышкан. Жээнбай деген байдын ашында Садыр миң башылар Туяк ырчынын уулунун жакын тууганы менен жер боюнча кичине келишпестиги бар экенин билишип, ошону пайдаланышкан. Ал кезде заман кыйын болгондуктан эл жүндөн согулган кап колдонгон. Ормондун ошол аталаш иниси келип, "Ормон аба, кабыңды берип туруң, кык ташып алайын" деп сурап кетет. Барып бирөөнүн эчкисин уурдап союп, ошол капка салып ташка корумдап көөмп коёт. Анан эчкисин издегендер менен издемиш болуп, ташка корумдап көмүп койгон жеринен таап берет. Ормон да сөзү өткүр, баатыр мүнөз жигит болгон экен. Садыр миң башы "эми муну өзүм жазаласам болбой калат" деп, "ар бир уруу өз ууруңарды өзүңөр жазалагыла" деген буйрук чыгарат. Анан Ташан деген абасы баш болуп, Ормонду кармап, колун байлап казыга алып барып сурак кылышып, өлүмгө чечим чыгарып алып жөнөшөт. Ошондо "балам менен коштошуп алайын" деп суранган Туяк "кандай болгон күндө да жаныңды куткар балам" деп байкатпай кичинекей бычак берет. Ормонду жаман тамга алып барып, акыркы сөзүн сураса эки рекет намаз окуп алууну суранат. Уруксат берип, колун бошотушканда бычагын сууруп чыгып, жанындагыларга тап бергенде баары качып, Ташан кача албай калат. Аны бычак менен сайып, атын минип "оо, эл-журт, Ташан бай өттү, жаназага" деп кыйкырып элди аралап качып кетет. Уулуна куугунчу жетпей калып "Туяктын өзүн өлтүрөбүз" дей баштаганда ал да Ноокат, Өзгөн, айтор, түштүктү түрө кыдырып кетет.
Эми ырчы элдин кишиси экен да. Кийин Баткендеги Үч-Коргон деген жерде бир чоң той болуп, акын да тойго келет. Ошол жерден "Ташанды уулу өлтүрүп кетти, эми мунун өзүн өлтүрөбүз" деп кекенген туугандары Туяк ырчыны "өтөр иш өттү, эми кечиришели" деп алдап, айылына учкаштырып алып кетишет. Ага чейин белги бергенде мойнуна аркан салууну сүйлөшүп алышкан экен. Ошентип орто жолдон мойнуна аркан салып өлтүрүшкөн. Туяк 56 жашында өз туугандарынан колунан көз жумат.
— Атасы Эрназар кедей турмушта жашаса да уста киши болгон экен...
— Ооба, ал мезгилде адамдар бир өнөр кармап жашабаса кыйын болгон. Атасы колунан көөрү төгүлгөн уста экен. Туяктын жаш кезинен жолдошу, аты азыркыга чейин жеткен эшендик даражадагы чоң молдо Абдукаим болгон. Экөө теңтуш. Кичинесинде коктуларда козу-улак кайтарып чогуу жүрүшөт. Бир күнү уктап калышып, экөөнүн тең түшүнө аппак кийимчен аксакал кирет, бирине чыны толо бал, бирине шекер берет. Ойгонуп, бири-бирине түшүн айтып таң калышат да, айыл аксакалы Мадалы атага чуркап барышып, түшүн айтып жорутушат. Ошондо "Абдукаим, сен бул жерде жүрө бербестен медресеге барып билимиңди жогорулат. Туяк, сен таланттуу ырчы болот экенсиң" деп жоруп, ырдатып да көрөт. Туяк биринчи жолу ошондо ырдаган дейт. Бул да болсо кудай берген талант эмеспи.
— Негизи Туяк ырчынын аты кеч таанылып, кеч айтылыптыр. Болбосо 170 жылдыгына жакындап калды. Буга чейин акын Эгемберди Эрматов "Туяк ырчы" деген китебин жарыялаган...
— Ал киши көп эмгек жасады. Туяктын эл оозунда калган ырлары болгон. Эгемберди Эрматов Алайга чейин барып эл аралап, көп иштерди жасады, эмгеги абдан чоң.
— Адабият чөйрөсүндө чыгармачылыгында көп ачыла элек жагдайлар болгондуктан Туяк ырчыны Туюк ырчы деп атагандар көп. Анчалык изилденбей калынышына эмне себеп болду?
— Бул кишинин чыгармачылыгын жакшы билген адамдар убагында замандын оош-кыйышына жараша жазып чыга албай, кийин көзү өтүп кетти. Ошол кезде жазма адабият болбогондуктан, экинчиден, борбордон алыскы аймакта жашап калганы да себеп болду. Илгери Илимдер академиясынан да барып, Туяк ырчы тууралуу маалымат чогултуп кетишкен экен. Бирок азыр сакталып калганбы, же ошол кездеги саясатка жараша жок кылынганбы, белгисиз. Анткени Туяк акын олуя ырчы катары диний мааниде да ырларды ырдаган. Миталип Жумабаев аттуу 80 жаштагы таякебиз акындын чыгармалары мурда изилденип, бирок ал маалыматтар жарыкка чыкпагандыгын айтты.
— Кудаяр ханга каяша айтып мээнетке калганын Коргоол акын да:
Кайран ырчы Туяк да өткөн дүйнөдөн", — деп эскерип жатат. Туяк акындын Токтогул акынга жолукканы, экөөнүн ырлары, ортодогу сый мамилеси адабият өкүлдөрү тарабынан айтылып калган. Дагы кайсы акындар менен ырдашып, айтышканы тууралуу маалыматтар бар?
— Алайда Койчубай деген чоң акын болгон экен. Ошол акын менен ырдашканы айтылып калган. Туяктын сөзү өткүр, өзү чечен болгондуктан көп айтыштарда жеңген. Койчубай акынды да жеңет. Абдымомун ырчы менен, андан кийин кадамжайлык акын менен айтышкан ырлары эл оозунда калган. Туяк Эрназар уулун заманачы акын деп аташат. Ал кишинин олуялык да касиети болгон. "Акыр заман" деген ырында кудум эле ушул заманды көргөндөй айтып өткөн жерлери бар.
Мингени темир ат болот", — деп айткан экен. Мындан 160-170 жыл мурун интернет, компьютер келип, темирден машина өңдүү түрдүү нерсени жасаарыбызды айтып койгон.
— Комузда кол ойноткон мыкты комузчу да болуптур…
— Ооба, комуз эле эмес, сыбызгы, чопо чоор, баарын ойной билген. Ал кишини "оркестр адам" деп атап койсо да болот. Көп кырдуу талант болгону менен убагында бааланбай калган. Бир топ ырлары жоголуп кеткен. Ашыктык ырлары да эл оозуна тараган. "Ак толгон", "Молайым" деген ырлары бар. Казынын кызы Молайымга ашык болуп да зынданга камалып, казылардан корккон карапайым калк арачы түшө албай калат. Мунун баарын ырдап кеткен.
— Ормондон башка да уулдары болгон да…
— Ооба, жогоруда айткан биринчи аялынан Ороз, Алат деген уулдары бар. Алар байлардын тилине кирип агасы Ормонго өчөшүп, акыры атасын да салып берип жатпайбы. Жакында эле Туяктын качкан уулу Ормондун балдарын таптык. Ормон Исфайрам менен Сыр-Дарыяны кечип барып Намангандын Ак-Таш деген жерин байырлаган экен. Үйлөнүп, балдарына Алат, Ороз, Абдылда деген ысым коюп, мындан башка бир кыздуу болуптур. Бир туугандарынын атын унутуп калбайын десе керек. Бирок өзүнүн атын ачык айтпай коюптур. "Мен жакын тууганымды өлтүрүп коюп, эки сууну ашып келгем" деп айтчу экен. Уруусун төөлөс деп айтып кетиптир. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин аялы балдарына "урууңар төөлөс болот" деп үйрөткөн. Неберелери чоңоюп, "биз төөлөс болсок, бул жакта кантип жүрөбүз" деп издештире баштаган. Мурда он чакты эле үй болсо, азыр 50гө жетип калыптыр. Изилдеп жүрүп төөлөстөр Ноокатта жана Кадамжайда болорун билишет. Ошентип былтыр Ормондун чөбөрөсү Аксыга келип, ноокаттык төөлөс уруусунун аксакалдары менен жолугуп, тарыхын айтып берет. Таап берүүлөрүн сурашат. Аксакалдар издеп таппай жүрүп, 2023-жылдын декабрь айында төөлөстөн чыккан улак тартып жүргөн Карыбек балбандын жаназасына барганда сураштырышат. Ошол жерге биздин Мамбет деген абабыз да барып калат. Сураштырып, качкан жылын сүрүштүрсө биздин Ормон таятабызга туура келди. Ошентип дареги табылды. Эми тууганчылыгыбызды кайрадан жаңыртып, катташа баштадык.
— Туяк ырчы баласынын кайда эмне болгонун билбей эле кете берди да?
— Ошентип айтылып жүрөт, бирок билген окшойт. Туяк ырчынын китепке түшпөй калган, таенебиз айтып берген "Жалал-Абад, Ханабад жердин баарын кыдырдым" деген саптары бар. Жеңижок менен айтышкандагы ырларында да билгендей сезилет. Эл-жер кыдырып жүрүп, уулун ошол жакка өзү жайгаштырган болушу керек деп болжолдойбуз.

29 Бештин айы 2024, 19:04