https://sputnik.kg/20250120/rf-timi-kurskidegi-ukrain-askerlerinin-mykaachylygy-tuuraluu-1091525115.html
"Жазасын алат". РФ ТИМи Курскидеги украин аскерлеринин мыкаачылыгы тууралуу
"Жазасын алат". РФ ТИМи Курскидеги украин аскерлеринин мыкаачылыгы тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Украин аскерлеринин Русское Поречное айылындагы жай жарандарга карата жасаган мыкаачылыгы — Киев бийлигинин террордук жана... 20.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-20T10:43+0600
2025-01-20T10:43+0600
2025-01-20T10:43+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
курск облусу
украина
террорчулук
мыкаачылык
адам өлтүрүү
мария захарова
айыптоо
https://sputnik.kg/img/07e8/06/1b/1086448479_0:376:2048:1528_1920x0_80_0_0_7923bd50ca3a8b304276c8e0f91a48a1.jpg
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Украин аскерлеринин Русское Поречное айылындагы жай жарандарга карата жасаган мыкаачылыгы — Киев бийлигинин террордук жана неонацисттик табиятынын дагы бир далили. Бул туурасында РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.Буга чейин Курск облусундагы бошотулган Русское Поречное айылында Украина аскерлери кыйнап өлтүргөн жай жарандардын, тагыраагы, улгайган кишилердин сөөктөрү табылган. Аскерлер эвакуацияланганга жетишпей калгандарды жер төлөгө айдап киргенден кийин ал топко граната ыргыткан.Захарова бул жырткычтык боюнча билдирүүсүндө жүрөктү тилген кадрлар ЖМКларга чыккандыгын, жалпы адамдык көз караштан алганда муну дит багып карап, комментарий кылуу кыйын болгонун айткан.Өкүлдүн айтымына караганда, эл аралык гуманитардык укуктардын, Женева конвенциясынын бузулганына карабастан, Батыш жүрөк үшүткөн эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп турат."Андан улам ЕККУ, БУУ сыяктуу эл аралык түзүмдөрдүн мыкаачылык менен жасалган өлтүрүүлөргө конкреттүү реакция жасалганын бул сапар да көрбөй турганыбыз белгилүү эле болуп калды. Батыштын кысымынан улам адилеттүүлүктүн орношун жана күнөөлүүлөрдү издеп, алардын жазасын алуу үчүн эч нерсе кылбай отургандарды кыймылдоого чакырык салуунун пайдасы деле жок экендигин түшүндүк. Муну өзүбүз жасайбыз. Күнөөлүүлөрдү таап, алардын өздөрү "татыктуу" болгон жазасын айныксыз алышы үчүн РФтин тергөө органдары зарыл болгон бардык иштерди жасайт", — деген Захарова.Курк облусунун Суджан районундагы жай жарандардын өлтүрүлүшүнө байланыштуу украин согушкерлери жасаган теракт боюнча Тергөө комитети иш козгогондугу айтылды. Азырынча кеминде жети кишинин көз жумганы тууралуу маалымат бар.
https://sputnik.kg/20241221/rossiya-ukraina-kursk-rylsk-atajyn-operaciya-1090990448.html
курск облусу
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/1b/1086448479_0:315:2048:1852_1920x0_80_0_0_bd87148c27ef799d7498051ac5091d87.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, курск облусу, украина, террорчулук, мыкаачылык, адам өлтүрүү, мария захарова, айыптоо
дүйнөдө, россия, курск облусу, украина, террорчулук, мыкаачылык, адам өлтүрүү, мария захарова, айыптоо
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Украин аскерлеринин Русское Поречное айылындагы жай жарандарга карата жасаган мыкаачылыгы — Киев бийлигинин террордук жана неонацисттик табиятынын дагы бир далили. Бул туурасында РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова айтканын
РИА Новости жазды.
Буга чейин Курск облусундагы бошотулган Русское Поречное айылында Украина аскерлери кыйнап өлтүргөн жай жарандардын, тагыраагы, улгайган кишилердин сөөктөрү табылган. Аскерлер эвакуацияланганга жетишпей калгандарды жер төлөгө айдап киргенден кийин ал топко граната ыргыткан.
Захарова бул жырткычтык боюнча билдирүүсүндө жүрөктү тилген кадрлар ЖМКларга чыккандыгын, жалпы адамдык көз караштан алганда муну дит багып карап, комментарий кылуу кыйын болгонун айткан.
"Бул — жамааттык Батыш мамлекеттери жана алардын саясатчылары өздөрү коргоп, колдогон киевдик нацисттерден күткөн нерселери. Алардын кылмыштарынан көңүлүн, көзүн ала качып, Киев режимине курал берүүнү жана алардын кылмыштарына эл аралык иликтөөлөрдүн жасалышына тоскоолдук кылууну улантууда", — деген дипломат.
Өкүлдүн айтымына караганда, эл аралык гуманитардык укуктардын, Женева конвенциясынын бузулганына карабастан, Батыш жүрөк үшүткөн эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп турат.
"Андан улам ЕККУ, БУУ сыяктуу эл аралык түзүмдөрдүн мыкаачылык менен жасалган өлтүрүүлөргө конкреттүү реакция жасалганын бул сапар да көрбөй турганыбыз белгилүү эле болуп калды. Батыштын кысымынан улам адилеттүүлүктүн орношун жана күнөөлүүлөрдү издеп, алардын жазасын алуу үчүн эч нерсе кылбай отургандарды кыймылдоого чакырык салуунун пайдасы деле жок экендигин түшүндүк. Муну өзүбүз жасайбыз. Күнөөлүүлөрдү таап, алардын өздөрү "татыктуу" болгон жазасын айныксыз алышы үчүн РФтин тергөө органдары зарыл болгон бардык иштерди жасайт", — деген Захарова.
Курк облусунун Суджан районундагы жай жарандардын өлтүрүлүшүнө байланыштуу украин согушкерлери жасаган теракт боюнча Тергөө комитети иш козгогондугу айтылды. Азырынча кеминде жети кишинин көз жумганы тууралуу маалымат бар.

21 Бештин айы 2024, 13:12