https://sputnik.kg/20250120/tramp-ukraina-chyryna-chekit-koerun-ajtty-1091522786.html
Трамп инаугурациянын алдындагы митингде Украина чырына чекит коерун айтты
Трамп инаугурациянын алдындагы митингде Украина чырына чекит коерун айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациясынын алдында Вашингтондо өткөн митингде Украина жаңжалын токтотуп, үчүнчү... 20.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-20T09:58+0600
2025-01-20T09:58+0600
2025-01-20T10:00+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
атайын операция
согуш
жакынкы чыгыш
дональд трамп
https://sputnik.kg/img/07e9/01/14/1091522894_0:309:2921:1952_1920x0_80_0_0_a33023c6672cfb797b694cb39cc2b6db.jpg
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациясынын алдында Вашингтондо өткөн митингде Украина жаңжалын токтотуп, үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алууну максат кыларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Мындан тышкары, Трамп мамлекеттин чек арасын коргоого көңүл бурарын, мында АКШнын кызыкчылыгы гана эске алынарын белгилеген."Канча жылдан бери башка мамлекеттерди чыңдап, алардын чек арасы менен аймагын коргоп келдик. Эми өз өлкөбүздү, өз чек арабызды бекемдеп, элибизге кам көрүүгө мезгил келди", — деди ал.АКШнын жаңы шайланган президенти буга чейин бийликте болсо атайын операциянын башталышына жол бермек эместигин айткан. Эгер кайра шайланса Украина чырын бир күндө бүтүрүп кое аларын да билдирген. Анткен менен Кремль бул бир күндө чечилип кала турган жөн салды маселе эмес экенин белгилеп келет.
https://sputnik.kg/20250119/rossiya-aksh-ukraina-sogush-mamlekettik-katchy-1091513027.html
акш
украина
жакынкы чыгыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/14/1091522894_0:383:2092:1952_1920x0_80_0_0_5705fe42542fe02484119f04994b0d0b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, атайын операция, согуш, жакынкы чыгыш, дональд трамп
дүйнөдө, акш, украина, атайын операция, согуш, жакынкы чыгыш, дональд трамп
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациясынын алдында Вашингтондо өткөн митингде Украина жаңжалын токтотуп, үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алууну максат кыларын билдирди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Украинадагы согушка чекит коем. Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салып, үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбайм. Ага канчалык жакын турганыбызды сиздер элестете да албайсыздар", — деген кызматына кирише турган өлкө башчы.
Мындан тышкары, Трамп мамлекеттин чек арасын коргоого көңүл бурарын, мында АКШнын кызыкчылыгы гана эске алынарын белгилеген.
"Канча жылдан бери башка мамлекеттерди чыңдап, алардын чек арасы менен аймагын коргоп келдик. Эми өз өлкөбүздү, өз чек арабызды бекемдеп, элибизге кам көрүүгө мезгил келди", — деди ал.
АКШнын жаңы шайланган президенти буга чейин бийликте болсо атайын операциянын башталышына жол бермек эместигин айткан. Эгер кайра шайланса Украина чырын бир күндө бүтүрүп кое аларын да билдирген. Анткен менен Кремль бул бир күндө чечилип кала турган жөн салды маселе эмес экенин белгилеп келет.