https://sputnik.kg/20250120/zhogorku-sot-urmat-samayev-zhalal-abad-1091530770.html
Жакында акталган Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болду
Жакында акталган Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жогорку сот тарабынан акталган Урмат Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. 20.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-20T12:27+0600
2025-01-20T12:27+0600
2025-01-20T12:27+0600
кыргызстан
жогорку сот
урмат самаев
жалал-абад облусу
дайындоо
https://sputnik.kg/img/103533/35/1035333505_0:545:4764:3225_1920x0_80_0_0_80c37e41bf7d1a40fe78dcd99ad4b889.jpg
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жогорку сот тарабынан акталган Урмат Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.Урмат Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2021-жылы Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган. 2023-жылы апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп Самаевди кармап, ишканада болгон мыйзамсыз иштерден мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген.Жакында эле Жогорку сот тарабынан ага "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен коюлган айыбы кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу жокко чыгарылган.
https://sputnik.kg/20250116/vladimir-shadykanov-dayyndoo-korgoo-ministri-1091447376.html
жалал-абад облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103533/35/1035333505_92:0:4764:3504_1920x0_80_0_0_6f2bcb2fa7ea7775355a04be86ce8f59.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку сот, урмат самаев, жалал-абад облусу, дайындоо
кыргызстан, жогорку сот, урмат самаев, жалал-абад облусу, дайындоо
Жакында акталган Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болду
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жогорку сот тарабынан акталган Урмат Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Урмат Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2021-жылы Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган. 2023-жылы апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп Самаевди кармап, ишканада болгон мыйзамсыз иштерден мамлекетке 130 миллион сомдон ашык
зыян келтирилгенин билдирген.
Жакында эле Жогорку сот тарабынан ага "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен коюлган айыбы кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу
жокко чыгарылган.