https://sputnik.kg/20250121/yeaeb-iran-erkin-sooda-kelishim-1091553222.html
ЕАЭБ: Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттү
ЕАЭБ: Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Ирандын ортосундагы эркин соода боюнча келишим күчүнө кирүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия... 21.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-21T12:00+0600
2025-01-21T12:00+0600
2025-01-21T12:00+0600
дүйнөдө
еаэб
иран
соода
келишим
экономика
https://sputnik.kg/img/07e6/05/10/1064440020_0:201:2929:1848_1920x0_80_0_0_c51e9220327c42009823b94a483ccaa4.jpg
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Ирандын ортосундагы эркин соода боюнча келишим күчүнө кирүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.Ал Иран президенти Масуд Пезешкиан менен бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн консультациялык жолугушуусуна катышкан.Министр соода-экономикалык кызматташуунун потенциалын толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттер аралык деңгээлде гана эмес, ишкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдап да көмөктөшүү зарылдыгын баса белгиледи.Ал ошондой эле бизнес-өкүлдөрдү келишимди ишке ашырууга активдүү катышууга жана Ирандын ЕАЭБдеги байкоочу статусун эске алуу менен түзүлгөн механизмдердин алкагында иштөөгө чакырды.
https://sputnik.kg/20250113/yeaeb-vladimir-serpikov-alaka-kytay-1091386711.html
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/10/1064440020_98:0:2829:2048_1920x0_80_0_0_480907ab0dd60a5fe774bd6bbf31430e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, еаэб, иран, соода, келишим, экономика
дүйнөдө, еаэб, иран, соода, келишим, экономика
ЕАЭБ: Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттү
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Ирандын ортосундагы эркин соода боюнча келишим күчүнө кирүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.
Ал Иран президенти Масуд Пезешкиан менен бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн консультациялык жолугушуусуна катышкан.
"Учурда ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин күчүнө киргизүү үчүн ЕАЭБде зарыл болгон бардык процедуралар аяктады. Жакын арада бул процесс Иранда да аяктайт деп күтөбүз", — деди Слепнев.
Министр соода-экономикалык кызматташуунун потенциалын толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттер аралык деңгээлде гана эмес, ишкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдап да көмөктөшүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ал ошондой эле бизнес-өкүлдөрдү келишимди ишке ашырууга активдүү катышууга жана Ирандын ЕАЭБдеги байкоочу статусун эске алуу менен түзүлгөн механизмдердин алкагында иштөөгө чакырды.