https://sputnik.kg/20250122/arzymat-aldayarov-gazprom-kyrgyzstan-1091576270.html
Газпром: Кыргызстанда газдын баасы башка импортчу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн
Газпром: Кыргызстанда газдын баасы башка импортчу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда газ импорттогон башка өлкөлөргө салыштырмалуу көгүлтүр оттун баасы арзан. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан"... 22.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-22T12:47+0600
2025-01-22T12:47+0600
2025-01-22T13:20+0600
кыргызстан
арзымат алдаяров
"газпром кыргызстан" жчксы
газ
баа
https://sputnik.kg/img/07e6/04/12/1063733687_0:0:3078:1731_1920x0_80_0_0_0f4726cc06a9fe9231a8570ae8a26303.jpg
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда газ импорттогон башка өлкөлөргө салыштырмалуу көгүлтүр оттун баасы арзан. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов газга болгон баалар кымбат экенин айтып, тарифти арзандатуу маселесин көтөрдү. Буга жооп кылган Алдаяров өлкө газды импорттой турганын эске салды.Ал ошондой эле газ менен жылытуу акысы көмүр жана электр энергиясынан анчалык деле айырмаланбай турганын кошумчалады."Газ деген комфорт да. Демек, баасы ошого жараша болот. Учурда керектөө рекорддук көрсөткүчкө жетүүдө", — деди ал.Адис Кыргызстан газды Россиядан алып жатканын эске салды.
https://sputnik.kg/20250102/rossiya-gaz-import-energetika-ekonomika-1091216630.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/12/1063733687_94:0:2825:2048_1920x0_80_0_0_8e1f5a5207ba9b3a79334a8074ccd1e5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, арзымат алдаяров, "газпром кыргызстан" жчксы, газ, баа
кыргызстан, арзымат алдаяров, "газпром кыргызстан" жчксы, газ, баа
Газпром: Кыргызстанда газдын баасы башка импортчу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн
12:47 22.01.2025 (Жаңыртылды: 13:20 22.01.2025) БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда газ импорттогон башка өлкөлөргө салыштырмалуу көгүлтүр оттун баасы арзан. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов газга болгон баалар кымбат экенин айтып, тарифти арзандатуу маселесин көтөрдү. Буга жооп кылган Алдаяров өлкө газды импорттой турганын эске салды.
"Баа боюнча айта турган болсок, өлкөдө газ өндүрүшү жок болгондуктан импорттойбуз. Бирок башка импортчу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде баа төмөн. Ошол эле ЕАЭБге кирген Армения газды Азербайжан жана Россиядан алганы менен тарифтери биздикинен эки эсе жогору. Бизде минималдуу тарифтер коюлгандыктан, 2014-жылдан бери алганда, былтыр гана чыгымдарды жаба баштадык", — деди Алдаяров.
Ал ошондой эле газ менен жылытуу акысы көмүр жана электр энергиясынан анчалык деле айырмаланбай турганын кошумчалады.
"Газ деген комфорт да. Демек, баасы ошого жараша болот. Учурда керектөө рекорддук көрсөткүчкө жетүүдө", — деди ал.
Адис Кыргызстан газды Россиядан алып жатканын эске салды.