https://sputnik.kg/20250122/httpsmvkcomclipssputnik_kgfeedclip-92148950_456245413-1091570340.html
АКШда мыйзамсыз мигранттарды кармоо иши башталды
АКШда мыйзамсыз мигранттарды кармоо иши башталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) депортациялоо максатында Американын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоону... 22.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-22T10:13+0600
2025-01-22T10:13+0600
2025-01-22T10:13+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
мыйзамсыз
миграция
депортация
тартип сакчылар
https://sputnik.kg/img/07e9/01/16/1091569283_0:0:3001:1688_1920x0_80_0_0_c8fc8c6ee81457483f7ba3c0183441bc.jpg
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) депортациялоо максатында Американын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоону баштады. Бул туурасында Дональд Трамптын чек аралардагы коопсуздук боюнча куратору Томас Хоман айтканын РИА Новости жазды.Хоман муну менен катар эле ICE жүргүзүп жаткан иштерди "рейд" деп атоодон баш тартып, кеп тартип коргоо органдарынын максаттуу иштери туурасында жүрүп жатат деп белгиледи. Анын айтымында, аталган кызматтын адистери кимди кайсы жерден издөө керектигин билишет, алардын коомго коркунуч жараткан соттуулугу бар мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо боюнча аракеттери тыкыр пландалган."Бул өлкөнүн бардык жеринде жүрүп жатат. Офицерлердин коопсуздугу үчүн так жерлерди айтпайм, бирок ICE жылдап жасай албай келе жаткан иштерин жасоо үчүн бүгүн кайтып келишти", — деп кошумчалады ал.Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп келген салтанаттагы сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз кирип жаткандарды тез арада токтотууга жана миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо ишин баштоого убада берген.Трамп АКШнын түштүк чек араларындагы абалдан улам жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизди.
https://sputnik.kg/20250118/aksh-chikago-deportacziya-tramp-1091492794.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/16/1091569283_161:0:2828:2000_1920x0_80_0_0_e6fd1ac130c07da87146db0cdee2a602.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, мыйзамсыз, миграция, депортация, тартип сакчылар
дүйнөдө, акш, дональд трамп, мыйзамсыз, миграция, депортация, тартип сакчылар
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) депортациялоо максатында Американын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоону баштады. Бул туурасында Дональд Трамптын чек аралардагы коопсуздук боюнча куратору Томас Хоман айтканын
РИА Новости жазды.
"Ооба, Иммиграция жана бажы кызматы бүгүн мыйзамдын сакталышын камсыздап баштады. Мен мурда айткандай, алар коомчулукка кооптуулук жараткандарга көңүл буруп жатышат. Бул башынан эле биздин иштеги башкы нерсе болчу. Андыктан ICE офицерлери өзүнүн ишине кайтып келди", — деген ал CNN каналына берген интервьюсунда.
Хоман муну менен катар эле ICE жүргүзүп жаткан иштерди "рейд" деп атоодон баш тартып, кеп тартип коргоо органдарынын максаттуу иштери туурасында жүрүп жатат деп белгиледи. Анын айтымында, аталган кызматтын адистери кимди кайсы жерден издөө керектигин билишет, алардын коомго коркунуч жараткан соттуулугу бар мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо боюнча аракеттери тыкыр пландалган.
"Бул өлкөнүн бардык жеринде жүрүп жатат. Офицерлердин коопсуздугу үчүн так жерлерди айтпайм, бирок ICE жылдап жасай албай келе жаткан иштерин жасоо үчүн бүгүн кайтып келишти", — деп кошумчалады ал.
Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп келген салтанаттагы сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз кирип жаткандарды тез арада токтотууга жана миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо ишин баштоого убада берген.
Трамп АКШнын түштүк чек араларындагы абалдан улам жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизди.