00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:54
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу иштен алынган. Анын ордуна буга чейин Ош шаарын жетектеп келген Бакытбек Жетигенов барды. Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Ош шаарынын мэри болуп Жеңишбек Токторбаев дайындалды.Жеңишбек Токторбаев 57 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Жыгач айылында туулган. 2021-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Жогорку Кеңеште майыптардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жазаны катаалдаткан мыйзам долбоору үчүнчү окуудан кабыл алынды. Ага ылайык, майыптарды зордуктагандарга, аларды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге түрткөндөргө эркинен ажыратуу каралган. Ошондой эле алар айрым кызматтарга өмүр бою алынбайт. Анын ичинде кылмыш жасоо учурунда 60 жашка толгондордун жоопкерчилиги жеңилдетилбейт. Кылмыш-жаза кодексинде аялдарга, 18 жашка чыга элегинде кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбай турганы каралган. Бирок жаңы мыйзамда бул норма өзгөртүлүп, педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү белгиленген. Эми ага майыптардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар кошулду.
Чаткал районунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу кар күрткүсүнөн тазаланып, ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Билдирүүгө ылайык, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 155-160-чакырым аралыктарында катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол убактылуу жабылып калган. Жерине Чаткал районунун акиминин орун басары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барып, №27 Жол тейлөө ишканасынын 1 грейдери жолду тазалоо иштерин жүргүздү. Натыйжада жол толук тазаланып ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыттары боюнча жолун уланткан.
Россия менен Өзбекстандын коргоо министрлери Андрей Белоусов жана Шухрат Халмухамедов 2025-жылдагы кызматташуу, 2026-2030-жылдары аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүк программасынын алкагындагы пландарга кол коюшту. Бул туурасында россиянын коргоо министрлигинен кабарлашты. Эске салсак, Белоусов бүгүн Ташкентке расмий иш сапар менен барган. Россиянын аскер мекемесинен быйылкы кызматташуу биргелешкен 50 иш-чараны камтый турганын билдиришти. Бул алака эки министрликтин ортосунда ар кыл багытта болмокчу. Ошондой эле Россиянын коргоо министри Андрей Белоусовду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кабыл алган. "Жолугушууда аймактык кооопсуздук маселелери талкууланып, Борбор Азиядагы аскердик-саясий кырдаалга баа берилди", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0