Бопушева: кадрдык иш санарипке өтүп ыкчам жана үнөмдүү болууда
Жазылуу
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Бопушева 300 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер бардыгын, буйруктарга эле бир жылда миллиондогон кагаз коротуларын билдирди.
Кадрлар бөлүмдөрүнүн иш кагаздары санарип форматка өтүүсү мамлекеттин каражатын, элдин убактысын үнөмдөп жатат. Бул тууралуу Жылдыз Бопушева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бопушева: кадрдык иш санарипке өтүп ыкчам жана үнөмдүү болууда
Анын айтымында, айрым учурда жетекчи башка жакта болуп, буйруктарга бир нече күн кол коюлбай турган учурлар дагы болгон.
"Азыр бүт кадрдык маселелер боюнча буйруктар санарип форматка өттү. Мурда кагаз түрүндө бир буйрукту чыгаруу 3-4 сааттан 2-3 күнгө чейин созулган учурлар болгон. Анткени кадр бөлүмүнүн кызматкерлери министрге чейин бир нече бөлүм башчы, орун басарлар менен макулдашат. Айрым учурда жолугушуу же жыйын болуп, жооптуу кызматкер жумуш ордунда болбой калышы мүмкүн. Кээде айрым кызматкерлерди күтүп 2-3 күн өтүп кеткен учурлар болгон. Электрондук форматка өткөндө мындай буйруктарды 2-3 мүнөттө деле чыгарып койгонго мүмкүнчүлүк жаралды. Анткени тийиштүү адамдар жумуш сапары менен башка жакта жүрсө деле онлайн эле кол коюп койгонго мүмкүнчүлүгү болот. Мамлекеттик мекемелерде 300 миңден ашуун кызматкер иштейт. Мисалы, бир жылда эле эмгек өргүүгө байланыштуу миллиондон ашуун буйрук чыгат. Мындан сырткары, жумушка кабыл алуу, жумуштан кетүү, кызматтан кызматка которулуу, өргүүдөн чакыртып алуу, тартиптик жаза сындуу көптөгөн буйруктар бар. Эми санарип форматка өттүк, миллиондогон кагаз үнөм болот", — деди Бопушева.
Ошондой эле ал эски документ, буйруктарды архивден бат табууга ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн кошумчалады.